Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 594
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 172 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 172 "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, балык чарба көлмөлөрүндө балыктын запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти төмөнкүлөрдү жүргүзүү үчүн балык уулоо учурларын кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого балык уулоо документтерин берүүнү үч жылдык мөөнөткө убактылуу токтотуп турсун:
- белгиленген тартипте бекитилген жана макулдашылган балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча пландуу иштерди;
- суу биологиялык ресурстарынын абалына илимий-изилдөө иш-чараларын, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү;
- ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюштурулган түрлөрүн.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте жыл сайын Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө илимий, ихтиологиялык изилдөөлөрдү жана балыктын чийки запастарынын абалына мониторинг жүргүзүү жолу менен балыктын запастарын сактоого жана көбөйтүүгө белгиленген мораторийдин таасирин баалоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын;
- мораторий мезгилинде Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыктандыруу жана балыктын запастарын көбөйтүү максатында ысык-көл форелин, сиг-лудоганы жана карп-сазанды жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзсүн;
- жыл сайын 30-декабрга чейинки мөөнөттө ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаратылышты коргоо, укук коргоо органдарынын Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо жана браконьерлик учурларын болтурбоо маселелери боюнча биргелешкен аракеттерин координациялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө браконьерлик учурларына бөгөт коюу боюнча иштерге ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |