Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 117
Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
Жаратылыш-корук фондунун абалын баалоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо, белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландоодо ал аймактарды эсепке алуу максатында, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 19 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |