Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 117 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры (мындан ары - ӨКЖА кадастры) айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын ведомстволук бөлүмү) тарабынан жаратылыш-корук фондунун абалын баалоо, бул аймактардын тармагын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо, ӨКЖА коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландоодо бул аймактарды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Ушул Тартип ӨКЖА кадастрын жүргүзүү эрежелерин, жөнгө салуу ченемдерин, ал үчүн берилүүчү маалыматтарга коюлган талаптарды белгилейт.
3. Ушул Тартипте колдонулган негизги түшүнүктөр болуп төмөнкүлөр саналат:
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (мындан ары - ӨКЖА) - жалпы улуттук байлык болуп эсептелген артыкчылыктуу жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык жана тарыхый мааниге ээ, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алынган аймактардын жана/же акваториялардын участоктору, алар үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленет;
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу, орду, сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү, алардын экологиялык, илимий, агартуучу, тарыхый, маданий жана башка баалуулуктары жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
кадастрдык маалыматтар - ӨКЖА кадастрынын тиешелүү бөлүктөрүн түзгөн ӨКЖАнын белгилүү бир категориялары боюнча ушул Тартипте каралган маалыматтардын жыйындысы.
2. ӨКЖА кадастрынын жүргүзүлүшүн координациялоону, жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу субъекттер
4. ӨКЖА кадастрынын жүргүзүлүшүн координациялоо, жөнгө салуу жана мамлекеттик контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) ӨКЖА кадастрын жүргүзүү, ал үчүн маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу боюнча илимий жана консультативдик жардам көрсөтөт.
3. ӨКЖА кадастрын жүргүзүү
6. ӨКЖА кадастрын жүргүзүү ӨКЖАнын бардык категорияларынын кадастрдык маалыматтарынын негизинде ӨКЖА жөнүндө маалыматтарды жыйноо, жалпылоо, түзүмдөштүрүү, топтоо, сактоо болуп саналат.
7. ӨКЖА кадастрын жүргүзүү ӨКЖАнын субъекттери тарабынан түзүлүүчү кадастрдык маалыматтардын негизинде, аларда камтылган маалыматтардын жаңыланышын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
8. ӨКЖА кадастрынын жана кадастр китептеринин формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан УИА жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
9. ӨКЖА кадастры беш жылда бир жолу жаңыртылып турат. ӨКЖА тармагынын абалынын жана өнүгүүсүнүн динамикасын баалоо үчүн ӨКЖА кадастры жана кадастрдык маалыматтар Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык туруктуу сакталууга тийиш.
10. ӨКЖА кадастры жана кадастрдык маалыматтар кагаз жүзүндө да, электрондук форматта да жүргүзүлөт жана кызыкдар жактардын пайдалануусу жана маалымат үчүн басылмалар түрүндө чыгарылышы мүмкүн.
11. ӨКЖА кадастрынын басылмаларын жана кадастрдык маалыматтарды басып чыгаруу жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
12. Мамлекеттик сырларга кирген маалыматтар же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык эркин берүүгө жана жайылтууга тийиш болбогон башка маалыматтар ӨКЖА кадастрына жана кадастрдык маалыматтарга киргизилүүгө жатпайт.
13. ӨКЖА кадастрынын маалыматтары жана кадастрдык маалыматтар пайдаланылган учурда маалыматтын булагы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
4. ӨКЖА кадастрын жүргүзүү үчүн берилүүчү маалыматтарга коюлган талаптар
14. ӨКЖА кадастрын жүргүзүү үчүн кадастрдык маалыматтар ӨКЖА субъекттери тарабынан мекеменин реквизиттери жана жооптуу кызмат адамынын кол тамгасы бар коштомо кат менен кагаз жана электрондук форматтарда берилет. Кагаз жана электрондук форматтардагы жазуулар шайкеш келбеген учурда, кагаз форматында берилген кадастрдык маалыматтар артыкчылыкка ээ болот.
15. Кадастрдык маалыматтар төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтууга тийиш:
1) ӨКЖАны түзүү жана анын ведомстволук таандыгы:
- аны түзүү же атын өзгөртүү жөнүндө ченемдик укуктук актыга ылайык ӨКЖАнын аталышы;
- ӨКЖАны түзүү башталгандан тартып жана андан кийинки өзгөртүүлөрдө алардын реквизиттерин (түрү, ченемдик укуктук актыны кабыл алган бийлик органынын аталышы, кабыл алынган датасы жана номери) көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын тизмеги;
- ӨКЖАнын аянты (га менен), анын ичинде функционалдык зоналар боюнча, аны түзүү башталгандан тартып жана андан кийинки өзгөртүүлөрдү эске алуу менен;
- ӨКЖАга кирген жерлердин категориялары жана алардын аянттары жөнүндө маалыматтар;
- ӨКЖА карамагында болгон органдын (уюмдун) аталышын, анын реквизиттерин жана анын жетекчисинин аты-жөнүн көрсөтүү менен ӨКЖАнын ведомстволук таандыгы;
2) ӨКЖАнын жаратылышты коргоо статусу жана географиялык орду:
- ӨКЖАнын эл аралык статусу (бар болсо) жөнүндө - төмөнкүлөр көрсөтүлөт: биосфералык резерват статусун ыйгаруу (резерваттын аталышын жана ыйгарылган датасын көрсөтүү менен), ӨКЖАны Бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурасынын тизмесине киргизүү (киргизилген датасын жана бүткүл дүйнөлүк мурас объектинин аталышын көрсөтүү менен), ӨКЖАны Эл аралык маанидеги суу-саз жерлердин тизмесине киргизүү (киргизилген датасын жана суу-саз жердин аталышын көрсөтүү менен), ӨКЖАны негизги орнитологиялык аймактарга, анын ичинде эл аралык мааниге ээ аймактарга кошуу (кошулган датасын жана аталышын көрсөтүү менен) ж.б.;
- ӨКЖА жайгашкан жер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин (чек арасында ӨКЖА жайгашкан шаар, поселок, айыл, район, облус) аталышы көрсөтүлөт);
- ӨКЖАнын географиялык абалы жөнүндө (өлкөнүн физикалык-географиялык жеринин чегинде ӨКЖАнын жайгашкан жери - топографиялык аталыштарын келтирүү менен ойдуңдарда, түздүктөрдө, бийик тоолордо, тоо этектеринде, тоолордо ж.б. көрсөтүлөт) жаратылыш зонасынын жана чакан зонанын (аталышы), бийиктик алкагынын (аталышы, алкактын төмөнкү жана жогорку чек аралары көрсөтүлөт), ландшафттын (аталышы, кыскача мүнөздөмөсү) чегинде, мындан тышкары жакынкы калктуу конуштарга, автомобиль жана темир жол жолдоруна, дарыяларга, көлдөргө ж.б. карата аралыгы жана багыты боюнча ӨКЖАнын жайгашуусуна мүнөздөмө берилет);
- ӨКЖА участокторунун чек араларынын бурчтук (бурулуш) чекиттеринин жана алардын борбордук чекиттеринин географиялык координаттары көрсөтүлөт;
3) ӨКЖАнын табигый өзгөчөлүктөрү:
- аймактын абалы (өздөштүрүү тарыхы, аймактын га боюнча аянты, кайра түзүлгөн/антропогендик өзгөртүлгөн жана аз бузулган аймактар, заманбап антропогендик таасирдин даражасы жөнүндө маалыматтар);
- рельефтин кыскача мүнөздөмөсү (эң төмөнкү жана эң жогорку бийиктиктер, рельефтин негизги типтери (жалпы аянтка карата пайыздык катышын көрсөтүү менен);
- климаттын кыскача мүнөздөмөсү (январь жана июль айларындагы абанын орточо айлык температурасы, активдүү температуралардын суммасы (орточо суткалык температурасы 10ºСден жогору болгон мезгилде), жаан-чачындын жылдык суммасы, негизги жана аралык багыттар боюнча шамалдын кайталануучулугу (пайыз менен), вегетация мезгилинин узактыгы, туруктуу кар катмары болгон мезгилдин узактыгы жана кар катмарынын калыңдыгы, кооптуу климаттык кубулуштардын көрүнүшүнүн мезгилдүүлүгү (тактап көрсөтүү);
- топурак катмарынын кыскача мүнөздөмөсү (топурактардын басымдуу түрлөрүн (ӨКЖАнын жалпы аянтынын пайыз менен), топурак түзүүчү жана түпкү тектерин жана алардын жаткан тереңдигин көрсөтүү менен);
- гидрологиялык тармактын кыскача сүрөттөлүшү (табигый суу агымдарынын (дарыялардын жана суулардын) жалпы саны, алардын жалпы узундугу (км) жана аянты (га), каналдардын жана башка жасалма суу агымдарынын саны, узундугу жана аянты, көлдөрдүн саны жана аянты, көлмөлөрдүн, суу сактагычтардын жана башка жасалма көлмөлөрдүн саны жана аянты (тактап көрсөтүү), саздардын саны жана аянты, сазга айланган жерлердин аянты, жер астындагы суулардын табигый чыккан жерлеринин (булактар, гейзерлер) саны жана ээлеген аянты, мөңгүлөрдүн жана карлуу талаалардын саны жана аянты, негизги гидрологиялык объекттердин топографиялык аталыштары, алардын узундугу жана ӨКЖАнын чегиндеги аянты, БУУнун суу-саз жерлер жөнүндө конвенциясына (Рамсар конвенциясы) ылайык киргизилген суу-саз жерлердин жалпы аянты, саздар, фендер, чым көңдүү жерлер, көлмөлөр (табигый же жасалма, туруктуу же убактылуу, токтоп калган же аккан, тузсуз, шор же туздуу);
- флоранын жана фаунанын кыскача мүнөздөмөсү (флоранын аныкталган түрлөрүнүн тизмеси - түрлөрдүн кыргызча, латынча жана орусча аталыштары келтирилет, өсүмдүктөр топторунун басымдуу типтери (маалымат булагын жана авторун көрсөтүү менен), алардын курамы, мүнөздөмөсү жана бөлүнүшү (анын ичинде ээлеген аянты жана анын ӨКЖАнын жалпы аянтына карата пайыздык катышы), өсүмдүктөр ээлеген жана өсүмдүктөрү жок ӨКЖАнын аянтынын катышы);
- токой баскан аянт жөнүндө кыскача маалымат (түр жана жаш курамы, басымдуу токой типтери, алардын аянты га менен жана жалпы токой баскан аянттын пайыз менен, токой ишин жүргүзүү материалдарына жана токой фондунун бир убакта эсепке алуусуна ылайык негизги курактык топтор боюнча токой түзүүчү тектер ээлеген аянт);
- жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө кыскача маалымат (негизги топтор боюнча фаунанын аныкталган түрлөрүнүн тизмеси (түрлөрдүн кыргызча, латынча жана орусча аталыштары келтирилет), отчеттук кадастр мезгили үчүн байкалган/индикатордук түрлөрдүн санынын жана жыштыгынын орточо көрсөткүчтөрү, негизги корголуучу түрлөрдүн биотоптору жана ӨКЖАнын жалпы аянтынын бул түрлөрдүн жайгашкан жерлеринин аянтынын %);
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек жана жок болуу коркунучунда турган объекттери жөнүндө маалыматтар (ӨКЖА аймагында аныкталган жаныбарлардын сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөрүнүн, көңдөйлүү өсүмдүктөрдүн, мохтордун, козу карындардын жана эңилчектердин тизмелери: түрлөрдүн кыргызча, латынча жана орусча аталыштары келтирилет, түрдүн ЭЖКСнын Кызыл тизмесине, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендиги жөнүндө маалымат берилет);
- биологиялык түрдүүлүк жөнүндө жалпыланган маалыматтар (организмдердин негизги таксономиялык топторунун аныкталган түрлөрүнүн (сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр, жерде-сууда жашоочулар, балыктар жана тегерек ооздуулар, жер үстүндө жашаган моллюскалар, тузсуз суу моллюскалары, деңиз моллюскалары, рак сымалдар, жөргөмүштөр, курт-кумурскалар, көңдөйлүү өсүмдүктөр, мохтор, балырлар, козу карындар, эңилчектер) жалпы саны, анын ичинде ЭЖКСнын Кызыл тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөрдүн саны көрсөтүлөт);
- ӨКЖАнын негизги экосистемаларынын сүрөттөлүшү (аталышы, кыскача мүнөздөмөсү);
- регион же бул ӨКЖА үчүн өзгөчө баалуу ӨКЖАда жайгашкан жаратылыш объекттеринин сүрөттөлүшү (аталышы, кыскача мүнөздөмөсү);
- табигый дарылык жана рекреациялык ресурстардын сүрөттөлүшү (аталышы, кыскача мүнөздөмөсү);
- ӨКЖА чек араларында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттеринин сүрөттөлүшү (аталышы, кыскача мүнөздөмөсү);
4) ӨКЖА жана алардын функционалдык зоналарынын жерлеринин экспликациясы (аянты гектар менен жана ӨКЖАнын жалпы аянтынын пайыз менен көрсөтүлөт) төмөнкү позициялар боюнча:
- токойлорду камтыган токой жерлери (токой өсүмдүктөрү каптаган жерлер) жана токой өсүмдүктөрү менен капталбаган жерлер (бадалдар, жыш өспөгөн токой өсүмдүктөрү, плантациялар, питомниктер, токой кыйылган жерлер, өрт алган жерлер, сейрек дарактуу жерлер, бош жерлер, токойдогу жолдор, токойдогу ачык жерлер, ээн жерлер);
- шалбаалар (анын ичинде жайылма, кургак), талаалар, жарым чөлдөр жана чөлдөр (анын ичинде шор жерлер), кумдар, таштар жана тоо кырлары, таштуу жерлер, суу агымдары (дарыялар, суулар, каналдар), көлмөлөр (көлдөр, көлмөлөр, суу баскан карьерлер, суу сактагычтар), жер астындагы суулардын табигый чыккан жерлери (булактар, гейзерлер), саздар, мөңгүлөр, карлуу жерлер, жолдор (анын ичинде автомобиль жолдору, жалпы пайдалануудагы асфальтталбаган жолдор, токой өртүнө каршы багыттагы токой жолдору), өрткө каршы ажырымдар, имараттар, курулуштар, курулмалар, линиялык курулмалар (түтүктөр, ЭАЛ ж.б.) ээлеген жерлер, башка жерлер;
5) ӨКЖАга терс таасирлер (факторлор жана коркунучтар) (бөлүм маалымат топтолгон сайын толтурулат):
- терс таасир этүүчү факторлор (күчтөр, кубулуштар, объекттер), алардын терс таасири корголуучу жаратылыш комплекстеринде жана ӨКЖА объекттеринде көрүнөт, ар бир фактор боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлөт: фактордун аталышы, ӨКЖАга карата фактордун жайгашкан жери, таасир этүү объекти (ӨКЖАга таасир этүүчү жаратылыш комплекси, түр ж.б.), терс таасир эмнеден көрүнөт, терс таасирдин мааниси (күчү) (кооптуу, олуттуу же орточо);
- терс таасир тийгизүүчү коркунучтар (күчтөр, кубулуштар, объекттер), алардын корголуучу комплекстерге жана ӨКЖА объекттерине терс таасири келечекте болушу мүмкүн же сөзсүз болот, ар бир коркунуч боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлөт: коркунучтун аталышы, коркунуч каяктан жаралууда, болжолдонгон таасирдин объекти (ӨКЖА таасир этүүчү жаратылыш комплекси, түр ж.б.), терс таасир эмнеден көрүнүшү мүмкүн, олуттуу терс таасирге чейин коркунучтун күчөшүнүн болжолдуу мезгили (убакыт);
- тарыхый-маданий мурас объекттерине терс таасир тийгизүү коркунучу (терс таасирдин булактары тарабынан мүмкүн болуучу же сөзсүз боло турган (күчтөр, кубулуштар, объекттер) коркунуч булактары көрсөтүлөт, сүрөттөө менен (ар бир коркунуч боюнча): коркунуч булагынын аталышы, ӨКЖА жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекти (комплекси), терс таасир эмнеден көрүнүшү мүмкүн, олуттуу терс таасирге чейин коркунучтун күчөшүнүн болжолдуу мезгили (убакыт);
6) ӨКЖАда агартуу жана рекреациялоо объекттери:
- жаратылыш музейлери, корук-музейлер, маалыматтык жана визит-борборлор (саны, жыл ичиндеги иштөө режими, отчеттук кадастр мезгили үчүн келүүчүлөрдүн орточо жылдык агымы);
- экологиялык экскурсиялык жана/же туристтик маршруттар, экологиялык чыйыр жолдор (саны, узундугу, жүрүү убактысы, иштөө мезгилдери жана режими, белгиленген жүктөм);
- мейманкана жана/же туристтик комплекстер жана курулмалар (жалпы функционалдык аянт, келүүчүлөрдү бир жолку кабыл алуу үчүн эң жогорку сыйымдуулук, иштөө мезгилдери жана режими, алар кимдин карамагында турат, кабыл алуу шарттарынын кыскача баяндамасы).