Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 131 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
2022-жылдын 11-октябры
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү,
өсүмдүктөрдүн карантини жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарын карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келүүсүнөн жана жайылышынан коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө эки тараптын каалоосун эске алып,
1951-жылдын 6-декабрындагы Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын жоболорунун 1997-жылдагы редакциясына таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык Тараптардын мамлекеттеринин фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Тараптардын мамлекеттеринин аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келүүсүн жана жайылышын алдын алуу үчүн өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташат.
Ушул Макулдашуунун жоболору карантинге алынган бардык продукцияларга, анын ичинде топуракка, топурак менен өсүмдүктөргө жана карантиндик зыяндуу организмдер жашынган же аларды жайылуучу объекттерге же материалдарга, анын ичинде белек катары же илимий максаттарда келип түшкөн карантинге алынган продукцияларга, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнө арналган продукцияларга карата колдонулат.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
карантиндик зыяндуу организм - Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жок болгон же чектелип жайылган жана Карантиндик зыяндуу организмдердин расмий тизмелерине киргизилген өсүмдүктөрдүн зыянкечтери, өсүмдүктөрдүн илдетин козгогучтар жана отоо чөптөр;
карантинге алынган продукция (карантинге алынган жүктөр, карантинге алынган материалдар, карантинге алынган товарлар) - карантиндик объекттерди алып жүрүүчү жана (же) алардын таралышына өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон, карантинге алынган продукциялардын улуттук тизмесине киргизилген жана аларга карата карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү зарыл болгон өсүмдүктөр, өсүмдүктөрдөн алынган продукция, жүктөр, топурак, организмдер, материалдар, идиштер, таңгактар.
3-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнөн - Азербайжан Республикасынын Тамак-аш коопсуздугу агенттиги.
4-берене.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
- жаңы карантиндик зыяндуу организмдердин пайда болушу жана таралышы жөнүндө, ошондой эле алар менен күрөшүү боюнча чаралар жана Тараптардын мамлекеттеринин аймагында алардын таралышын болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймагында колдонулуучу, карантинге алынган продукциянын ташылып келинишин, ташылып чыгарылышын жана транзитти жөнгө салуучу расмий документтерди алмашуу, ошондой эле аларга киргизилген бардык өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине маалымдоо;
- биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында бири-бирине илимий, методикалык жана техникалык жардам көрсөтүү;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Тараптардын адистеринин жана эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу;
- техникалык жактан негизделген жана ачык-айкындуулук, басмырлоого жол бербөө жана жашыруун чектөөлөр принциптеринде түзүлгөн фитосанитардык чараларды көрүү;
- Тараптардын Карантиндик зыяндуу организмдердин расмий тизмелерине киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат алмашуусу.
5-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташылуучу же бир Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына транзит менен ташылуучу карантинге алынган продукциянын ар бир партиясы эл аралык үлгүдөгү атайын маркалоо белгиси менен жыгачтан жасалган таңгактоо жана бекитүүчү материалдарды ташып келүү учурларын кошпогондо, импорттоочу Тараптын мамлекети тарабынан белгилеген карантиндик фитосанитардык талаптарды сактоо менен карантинге алынган продукция экспорттолуп жаткан мамлекеттин аймагынан Тараптын компетенттүү органы тарабынан берилүүчү фитосанитардык сертификат менен коштолот.
Тараптардын компетенттүү органдары карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келүү коркунучу жокко чыгарылгандай кылып иштетилген таңгактоочу материалды кошо алганда, карантинге алынган продукциянын партиясына же фитосанитардык чараларды колдонууну талап кылбаган башка материалдардын партиясына фитосанитардык сертификаттарды талап кылбашы керек.
Фитосанитардык сертификаттын болушу Тараптардын компетенттүү органдарынын өздөрүнүн мамлекеттеринин карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык карантинге алынган материалдарды фитосанитардык контролдоо укугун жокко чыгарбайт.
Тараптар фитосанитардык сертификаттардын үлгүлөрүнүн көчүрмөлөрү менен ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып он күндүн ичинде алмашат. Тараптардын биринин фитосанитардык сертификатына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда, бул Тарап аларды бекиткен күндөн тартып он күндүн ичинде экинчи Тарапка фитосанитардык сертификаттын жаңыланган үлгүсүн жөнөтөт.
6-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташылуучу карантинге алынган материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо жерлеринде биргелешкен текшерүүлөрдү, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери катышуучулар болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык фитосанитардык контролдоо системасын текшерүүнү жүргүзө алышат.
7-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары карантинге алынган продукциянын экспорттук партиясынын фитосанитардык абалына өз мамлекетинин аймагынан аны чыгарып кеткен учурга чейин жооптуу болот.
Бир Тараптын мамлекетинин аймагына/аймагынан (аркылуу) экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына карантинге алынган продукцияны ташып келүү, ташып чыгаруу же транзиттөө, тиешелүү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аныкталган мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылат.
8-берене.
Карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүүдө карантинге алынган продукциянын партияларында карантиндик зыяндуу организмдер табылган учурда, импорттоочу Тараптын компетенттүү органы аны зыянсыздандырууга, ал эми бул мүмкүн болбогон учурда - зыяндуу партияны жок кылууга же бир күндүк мөөнөттүн ичинде кабыл алынган карантиндик фитосанитардык чаралар жөнүндө экинчи Тараптын компетенттүү органына түздөн-түз билдирүү менен жана алардын себептерин көрсөтүү менен экспорттоочуга кайтарып берүүгө укуктуу.
9-берене.
Карантинге алынган продукцияны экспорттоодо карантиндик зыяндуу организмдерден арылган таңгак колдонулушу керек. Таңгакта жана таңгактоочу материалдарда топурак болбоого тийиш. Чөп, саман, топон, таарынды, жалбырак жана башка ушул сыяктуу өсүмдүк материалдарын таңгак катары пайдаланууга болбойт.
Карантинге алынган продукцияны ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары кылдат тазаланып, зарыл болгон учурда зыянсыздалышы керек.
10-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан практикалык маселелерди чечүү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эки жакка бирдей илимий жана практикалык кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча жумушчу жолугушууларды, семинарларды жана стажировкаларды өткөрүү үчүн бири-бири менен түздөн-түз өз ара аракеттене алат.
Кызматташтыктын конкреттүү чараларын жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн аныктоо үчүн Тараптардын компетенттүү органдары өзүнчө Иш-чаралар планын макулдашуусу мүмкүн.
Тараптардын компетенттүү органдары жылына бир жолудан кем эмес биргелешкен кеңешмелерди өткөрөт же делегацияларды алмашат. Өз адистеринин жол кире жана жашаган жери боюнча чыгымдарын жөнөтүүчү Тарап көтөрөт.
Кеңешмени өткөрүү орду, күнү жана программасы Тараптардын компетенттүү органдарынын макулдашуусу боюнча аныкталат.
11-берене.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу, ошондой эле алардын өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнө байланышкан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
12-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана ишке ашыруу боюнча Тараптардын ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
13-берене.
Бул Макулдашууга анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 14-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
14-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө акыркы кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири жазуу жүзүндө тиешелүү мезгил бүткөнгө чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча башка Тарапка билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Бишкек шаарында 2022-жылдын 11-октябрында эки нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |