Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик эсептелет, ал Ишкананын ишин жалпы жетектейт, координациялайт жана стратегиялык пландайт.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Военно-подсобное хозяйство "Тамга" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР КМ "Тамга" АКЧ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "ВПХ "Тамга" при МО КР".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттенмелерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укугу бар.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иш алып барат. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 722421, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга айылы.
13. Ишкана айыл чарба продукциясын өндүрүү, мал багуу, канаттуулар, балык өстүрүү, аларды кайра иштетүү жана мамлекеттик башкаруу органына жана анын аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерине пландуу негизде өткөрүп берүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Министрликке жана анын аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерине аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн ооруктук камсыз кылууда жана социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууда практикалык жардам көрсөтүү;
2) Ишкана тарабынан мамлекеттик башкаруу органына жана анын аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерге айыл чарба продукциясын, малды, канаттууларды, балыкты түз жеткирүүлөрдүн аткарылышы;
3) коргонуу маанисиндеги программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
4) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруу органынын аскер кызматчыларын, аттардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматкерлерин соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу, гарнизондордо, аскер шаарчаларында жана аскердик контингент (кичи бөлүк) жайгашкан башка жерлерде (анын ичинде талаа шарттарында) жайгаштырууда алардын тиешелүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) жеке материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү жана өндүрүштү кеңейтүү, коомдук тамактануу чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү;
3) материалдык-техникалык жана башка каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын сакталышын камсыз кылуу;
4) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык программаларына катышуу.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) айыл чарба продукциясын, мал, канаттуулар, балык, ошондой эле башка товарларды өндүрүү;
2) туруктуу жана убактылуу жайгашкан жерлерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруу органынын аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жумушчуларын соода-тиричилик жактан тейлөө;
3) республика боюнча соода түйүндөрүн ачуу;
4) жүктөрдү ташуу боюнча автомобилдик кызматтарды көрсөтүү;
5) көчмө сооданы уюштуруу (талаа шарттарында, машыгууларда жана соода менен байланышкан башка иш-чараларда);
6) аскердик шаарчаларда жана талаа шарттарында күнүмдүк суроо-талаптагы товарларды сатуу;
7) көргөзмө-сатыктарды, аукциондорду, консультациялык жана жарнамалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
8) керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын изилдеө, өнөр жайдын өкүлдөрү жана башка өндүрүүчүлөр менен Ишкана тарабынан берилген товарлардын сапатынын ассортиментин макулдашуу, дүң-чекене жарманкелерге катышуу;
9) өнөр жай жана азык-түлүк товарларын сатып алууну уюштуруу, бул товарларды даярдоочу ишканалар менен жөнөтүүчүлөрдүн (сатуучулардын) ортосунда ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу;
10) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоодо мамлекеттик башкаруу органына көмөк көрсөтүү;
11) кейтеринг кызматтарын көрсөтүү;
12) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
13) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышуу.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырууга;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) Уюштуруучунун макулдугу менен өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын жумуштарын аткаруу үчүн жеке жактарды ишке тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) башка юридикалык жактар менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жана жеке жактар менен чарбалык келишимдерди өз алдынча түзүүгө;
7) белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте тараптардын макулдашуусу боюнча төлөө менен адистерди ишке тартууга;
8) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
9) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
10) зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды Уюштуруучунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ижарага келишимдик негизде берүүгө, өткөрүп берүүгө;
12) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
18. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерин аткарган жана кызматтарын көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерди так аткарууга;
2) Ишкананын кызматкерлери аткарган жумуштарды Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирген зыян (залал) үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
5) Ишкананын керектүү отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана милдеттүү бардык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин так жетекчиликке алууга;
9) Ишкананын иши тууралуу ар кварталдык жана ар жылдык отчетторду мамлекеттик башкаруу органына берүүгө.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондон кийин дагы мамлекеттик сырларды жана жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жарандардын жеке жашоосуна, абийирине жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо же Ишкананын Уставын жаңы редакцияда бекитүү;
3) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча Уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
4) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
6) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
7) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
8) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин сунуштоо үчүн киргизүү;
10) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга андан ары жиберүү үчүн Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
12) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндө тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын жана финансы-чарбалык ишин талдоо үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
4) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
22. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын директору жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган жана ушул бузуулар жөнүндө ага белгилүү болуп калган фактылар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп эсептелген маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананын жетекчиси болуп директор саналат.
24. Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган, Ишкананын директорунун кызматына коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
25. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын иши канааттандырарлык эмес деген баа алганда жана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжасы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттерде;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга бюджеттин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү үчүн киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын кызыкчылыктарын ишеним катсыз жана анын атынан Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, сот органдарында билдирүү;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында каралган келишимдерди түзүү;
7) банктарда алыш-бериш эсептерди жана башка эсептерди ачуу;
8) банктык жана финансылык документтерге кол коюу, ишеним каттарды берүү;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруу органынын жетекчилигинин чечимдерин аткарууну камсыз кылуу;
10) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу, эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн, жумуштун сменасын белгилөө, жумуш убактысын суммалап эсепке алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу, дем алыш күндөрүн жана өргүүлөрдү берүүнүн тартибин белгилөө;
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү, кыскартылган жумуш күндөрүн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилөө;
13) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
14) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
15) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
16) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставда жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
29. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруу органына кароого киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын бардык иш чөйрөсүнө байланышкан аларга керектүү маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп эсептелген маалыматты үчүнчү жактарга билдирбөөгө;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) ишеним катсыз Ишкананын атынан аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда жана мекемелерде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
3) мамлекеттик башкаруу органы жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашкандан кийин Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
5) Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акы төлөө жана сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
6) Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
7) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
8) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
9) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
10) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансы каражаттарын, мүлктү жана башка активдерди максаттуу пайдалануу, өндүрүштө техникалык коопсуздукту сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) мамлекеттик ишканалардын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директору бекиткен милдеттерге ылайык өз ыйгарым укуктарын аткарат.
35. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка , укуктарга ээ.
6. Ишкананын жетектөөчү курамы
39. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) директор, директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыктарында аракеттенүүгө тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
41.Төмөнкү адамдар Ишкананын жетектөөчү курамына кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде жоюлбаган соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчисинин кызматынан бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъектте мурда жетектөөчү кызматтарды ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
42. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдардын кызмат ордунда турган мезгилде бир эле убакта жеке жана ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышуу укугу жок.
7. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
43. Ишкана финансы-чарбалык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджеттин негизинде жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планын Ишкана үч жылдык мезгилге иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы бекитет.
44. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын баяндалышын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктердин талдоосун.
45. Ишкананын иш пландарынын негизин жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин өзү тандайт, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка чарбалык өз ара мамилелердин шарттарын өзү аныктайт.
47. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүп турушу керек.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары тууралуу отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (эгер бар болсо, ички аудит кызматына);
2) мамлекеттик башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
49. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
50. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу, экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча жалпы мамлекеттик системаны жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
51. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
52. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекетгик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы
53. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана өзүнө бекитилген мүлккө менчик ээсинин укугу берилген. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугу саналат.
54. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өзүнчө балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
55. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилген мүлк;
2) өзүнө бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, продукциялар;
3) чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
56. Жеке финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишинин предметине жана уставдык максаттарына ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укугун жүзөгө ашырат.
57. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны салым катары чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына кошуу мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
58. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
59. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине аларга бекитилген таза пайданын өлчөмүнүн бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен которот.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
60. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Ишкананы кошуу, бириктирүү, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
61. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюуну жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын өкүлдөрүнөн, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарды алат.
63. Ишкананын ишинин процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.