Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 токтомуна) |
Интернатура жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул интернатура жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки билим берүүнүн деңгээлинде медициналык адистиктер боюнча интернатурада адамдарды даярдоо тартибин регламенттейт.
2. Медициналык билим берүүнүн дипломдон кийинки деңгээлинде адистерди даярдоо боюнча жалпы координацияны менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүзөгө ашырат.
3. Интернатура ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен интернатурадан өтүү каралган медициналык адистиктердин тизмегине ылайык жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн дипломдон кийинки окутуунун баштапкы адистештирилген деңгээли болуп саналат.
4. Интернатуранын милдети болуп билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, өз алдынча медициналык ишке даярдоо саналат.
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- интерн-врач - жогорку медициналык билим берүү уюмдарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өткөн жана бир жылдык милдеттүү практикадан өтүүгө жолдомо алган бүтүрүүчү;
- интернатура - мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны тапшыргандан кийин саламаттык сактоо уюмдарынын базасында насаатчылардын байкоосу жана ЖОЖдун тиешелүү кафедрасынын жетекчилиги менен жүргүзүлүүчү врачтык кесиптердин бири боюнча медициналык ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн дипломдон кийинки баштапкы адистештирүү. Интернатура милдеттүү толук медициналык билим берүүнүн курамдык бөлүгү болуп саналат;
- компетенциялардын каталогу - тандаган адистиги боюнча интернатурада даярдоо мөөнөтүнүн аягында интерн-врач ээ болууга тийиш болгон жалпы жана кесиптик компетенциялардын тизмеги;
- клиникалык база - медициналык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуучу жана пациенттерге медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү клиникалык база катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган саламаттык сактоо уюму;
- клиникалык насаатчы - интерн-врачты даярдоого жооптуу болгон клиникалык базанын квалификациялуу медициналык кызматкери;
- клиникалык жетекчи - интерн-врачты практикалык даярдоого жооптуу болгон медициналык билим берүү уюмунун квалификациялуу медициналык адиси;
- жалпы практикалык врач - бейтаптарга баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү боюнча атайын даярдоодон өткөн врач;
- дипломдон кийинки медициналык билим берүүнүн деңгээлинде адисти даярдоого коюлуучу талаптар - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен окутуунун узактыгын, түзүмүн, мазмунун, ошондой эле аттестациялоону жана сертификациялоону өткөрүү тартибин аныктоочу стандарт.
6. Медициналык дипломдон кийинки билим берүүнү ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары, жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмдары (мындан ары - билим берүү уюмдары) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан ушул Жобону жетекчиликке алат.
7. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдар калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө интерн-врачтарды даярдоонун жана тартуунун бирдиктүүлүгүн камсыз кылат.
II. Интернатурага кабыл алуу тартиби
8. Интернатурага кабыл алуу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат. Интернатурага кабыл алуунун тартиби жана конкурс өткөрүүнүн шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Конкурска катышуу үчүн жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүнө, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында практикалык иш жүргүзгөн врачтарга уруксат берилет. Билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган адистиктер боюнча интернатурага кирүүгө укуктуу.
10. Интернатурага кабыл алуу медициналык адистиктердин тизмесине жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен кабыл алуу планына ылайык жүргүзүлөт.
11. Интернатурага тапшырууда берилүүчү документтер:
- арыз;
- ЖОЖду аяктагандыгы жөнүндө диплом (түп нускасы);
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
- интерн-врачты эсепке алуу карточкасы;
- өмүр баяны;
- ден соолугунун абалы жөнүндө белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
- 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчесин жеке өзү көрсөтөт.
12. Интернатурага адамдарды кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, билим берүү уюму жана интерн-врачтын ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимге (мындан ары - үч тараптуу келишим) ылайык жүзөгө ашырылат. Үч тараптуу келишимдин типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
13. Чет мамлекеттерде жогорку медициналык билим алган адамдарды интернатурага кабыл алуу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билими жөнүндө документтер ырасталгандан кийин жүзөгө ашырылат.
III. Интернатурада даярдоону уюштуруу тартиби
14. Интерн-врачтарды даярдоо билим берүү ишине лицензиясы бар билим берүү уюмдарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан клиникалык база катары аныкталган саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат.
15. Интернатурада окуу мөөнөтү - узактыгы 28 календардык күн болгон эмгек өргүүнү кошуп алганда 12 ай.
Интернатурада окуу убактысы кесиптик жана жалпы эмгек стажына кирет. Билим берүү уюмундагы интерн-врачтарга эмгек китепчеси таризделет.
Адисти даярдоого коюлган талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген интернатурага даярдоо мөөнөттөрү төмөнкүдөй адистиктер боюнча түзүлөт:
- "Жалпы практикалык врач" - 1 жыл;
- "Медициналык тез жардам" - 1 жыл;
- "Патологиялык анатомия" - 1 жыл;
- "Клиникалык-лабораториялык диагностика" - 1 жыл;
- "Жалпы дарыгердик аскердик-медициналык практика" адистиги боюнча - 1 жыл.
16. Интернатурада даярдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген адисти даярдоого коюлган талаптарга ылайык иштелип чыккан типтүү окуу пландары жана программалары боюнча жүзөгө ашырылат.
17. Интерн-врачтарды даярдоо билим берүү уюмунун буйругу менен дайындалуучу клиникалык жетекчинин жана клиникалык база болуп эсептелген саламаттык сактоо уюмунан клиникалык насаатчынын жетекчилиги жана контролу алдында ишке ашырылат.
Интерн-врачтарга ички тартип эрежелери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жамааттык келишимде каралган, клиникалык базалык уюмдун медициналык кызматкерлери үчүн белгиленген жеңилдиктер жайылтылат.
Интерн-врачтар үчүн жумуш күндүн узактыгы жана жүктөмдүн ченемдери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган окуу пландарына жана типтүү программаларга ылайык белгиленет.
Интернатурадан өтүү мезгилинде интерн-врачтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте бир саламаттык сактоо уюмунан башкасына которуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жүйөлүү себептерсиз 10 календардык күндүн ичинде интернатурада окууну баштабаган интерн-врачтар окуудан чыгарылууга тийиш.
Окуу учурунда интерн-врач тарабынан жол берилген бузуулар жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо уюму тарабынан каралат жана чараларды көрүү үчүн билим берүү уюмуна жиберилет.
18. Клиникалык жетекчинин/насаатчынын жүктөмүнүн ченеми 1:4 түзөт (бир клиникалык жетекчи/насаатчы төрт интерн-врачты тейлейт).
19. Интернатураны бүткөндөн кийин бүтүрүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен интернатуранын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибине ылайык бирдиктүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтөт.
20. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөн интерн-врачтарга билим берүү уюму ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча интернатураны бүткөндүгү жөнүндө сертификат берет.
21. Интернатуранын бүтүрүүчүлөрү сертификат алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган мекемеде каттоодон өтөт.
22. Жогорку медициналык билими жөнүндө диплом жана интернатураны бүткөндүгү жөнүндө сертификат кесиптик практикалык ишке уруксат берүү үчүн негиз болот жана төмөнкү кызмат орундарын ээлөөгө укук берет:
- Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ), Жалпы дарыгердик практика борборунун (ЖДПБ) алдындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам врачы, амбулатордук врач, стационардын кабыл алуу блогунун врачы, статист-врач, "Жалпы практикалык врач" адистиги боюнча интернатурадан өткөндөн кийин - социалдык кызматкер;
- "Медициналык тез жардам" адистиги боюнча интернатурадан өткөнден кийин - медициналык тез жардам врачы;
- "Патологиялык анатомия" адистиги боюнча интернатурадан өткөндөн кийин - патологоанатом-врачы;
- "Клиникалык лабораториялык диагностика" адистиги боюнча интернатурадан өткөндөн кийин лаборант-врач;
- "Жалпы дарыгердик аскердик-медициналык практика" адистиги боюнча интернатурадан өткөндөн кийин - жалпы практикалык аскердик врач.
23. Контракттык негизде окуган интерн-врач окуудан чыгарылган учурда билим берүү уюму интерн-врачты даярдоого иш жүзүндө кеткен чыгымдардын суммасын кармап калгандан кийин төлөгөн акыны кайтарып берет.
24. Интерн-врачтарды которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык жүргүзүлөт.
25. Академиялык өргүү интерн-врачтарга Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
26. Бюджеттик негизде окуусун аяктаган интернатуранын бүтүрүүчүлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча эки жылдан кем эмес иштеп берүүгө милдеттүү.
27. "Жалпы практикалык врач" адистиги боюнча окусун аяктаган интернатуранын бүтүрүүчүлөрү бир багыттагы адистик боюнча ординатурага тапшырууга укуктуу же болбосо ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарында иштей алат.
28. Интернатурада даярдоонун сапаты үчүн жоопкерчиликти билим берүү уюму жана клиникалык база болуп саналган саламаттык сактоо уюму тартат. Ушул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки деңгээлдеги даярдоону жүзөгө ашыруучу бардык ЖОЖдор үчүн милдеттүү болуп саналат.
29. Кесиптик медициналык ассоциациялар адистерди даярдоого карата талаптарды, адистин компетенцияларынын каталогун, адистик боюнча кесиптик стандартты иштеп чыгуу аркылуу дипломдон кийинки медициналык билим берүүгө катыша алат.
30. Билим берүү уюмдары саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарын клиникалык насаатчы катары айкалыштыруу боюнча ишке кабыл ала алат.
31. Саламаттык сактоо уюмдары бекитилген бюджеттин чегинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын бюджетинин эсебинен интерн-врачтарды клиникалык насаатчы катары практикалык даярдоону жүзөгө ашыргандыгы үчүн врачтардын базалык маяналарына үстөктөрдү жана кошумча акыларды белгилейт.
32. Интернатурада даярдыктан өтүү убактысы адистиги боюнча стажына, ошондой эле жалпы иш стажына кошулат.
33. Билим берүү уюмдары интернатурада даярдоо мезгилинде интерн-врачтарды адисти даярдоого карата талаптарга ылайык облустук жана райондук деңгээлдердеги клиникалык база болуп саналган саламаттык сактоо уюмуна жиберет, ошондой эле интерн-врачтарды даярдоого мониторинг жүргүзүү жана клиникалык насаатчыларды жеринде окутуу үчүн клиникалык жетекчилердин региондук клиникалык базаларга барууларын камсыз кылат.
34. Клиникалык базалар болуп саналган саламаттык сактоо уюмдары интернатурада даярдоо үчүн тиешелүү шарттарды, пациенттерге жеткиликтүүлүктү жана сапаттуу клиникалык насаатчылыкты камсыз кылат.
35. Дарылоо-профилактикалык ишти жүзөгө ашыруучу интерн-врачтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы алат.
36. Интернатураны каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- билим берүү уюмунун, илимий-изилдөө уюмунун, саламаттык сактоо уюмунун каражаттары;
- интернатурага контракттык негизде тапшырган жеке жактардын каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
37. Дипломдон кийинки медициналык билим берүүнү каржылоо, билим берүү уюму менен саламаттык сактоо уюмунун ортосунда финансылык каражаттарды бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.