Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 31-июлу № 303
Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-марты № 182, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, алардын тандап алынган адистиги боюнча өз алдынча кесиптик ишмердикке даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле республиканын алыскы региондорунда жана чакан шаарларында саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кадрларга болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Ординатура жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-1. Интернатура жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик заказга ылайык дипломдон кийинки медициналык билим берүүнү каржылоону камсыздасын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. "Кыргыз Республикасында ЖОЖдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 6-июлундагы № 422 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |