Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-февралы ПБ № 44
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясын жүзөгө ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча Комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Стратегиясынын долбоорун даярдоо үчүн аталган Комиссия белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрүн тартууга;
- маалымат суратууга.
3. Комиссия 2009-жылдын 15-майына карата жогоруда аталган Стратегиянын долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө сунуш кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 44 буйругунун тиркемеси
|
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун
Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча Комиссиянын
КУРАМЫ
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин катчысы, Комиссиянын төрагасы;
Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
Алапаев Марат Ормонбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министр;
Сарбаев Кадырбек Тельманович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Калыев Бактыбек Төрөгулович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Суталинов Мурат Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Конгантиев Молдомуса Ташболотович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Султанов Марат Абдразакович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Айдаралиев Искендербек Рысбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Давыдов Ильяс Абдулович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри;
Мамбетов Марат Авалович - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
Мусаев Абдылда Иноятович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Ташпаева Назгүл Аскеровна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;
Молдошев Замир Мурзабекович - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы;
Жапаров Садыр Нургожоевич - Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин комиссары;
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Муйбиллаев Акимжан Муйбиллаевич - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы;
Ногойбаев Болот Бердибекович - Кыргыз Республикасынын баңги заттарга контролдук боюнча агенттиктин директору;
Федоров Дмитрий Иванович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдүн башчысы;
Сыдыкова Лейла Чынтургановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укуктук реформа боюнча Комитеттин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Жоробекова Шарипа Жоробековна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |