Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-ноябры ПБ № 275
Мамлекеттик башкарууну реформалоонун, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруунун биринчи этабын сапаттуу өткөрүү максатында:
1. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштырууга тиешеси бар сунуштарды даярдоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия анын алдында турган милдеттерди чечүү үчүн белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги аныкталсын:
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ата-мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди (макулдашуу боюнча) тартууга;
- мамлекеттик башкарууну реформалоонун биринчи этабын өткөрүү маселеси боюнча министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иш-чараларды талдоого жана маалымат суратууга.
3. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик органдардын жетекчилери Комиссияга анын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссиянын жумушчу органы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар башкармасы аныкталсын.
5. Комиссия бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын түзүмү жана штаттык саны боюнча сунуштарды киргизсин.
6. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 275 буйругунун тиркемеси
|
Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун
жана башка мамлекеттик органдардын түзүмүн жана
штаттык санын оптималдаштырууга тиешеси бар сунуштарды
даярдоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Бакиров Жетиген Жокинович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;
Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Тарбинскнй Олег Станиславович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар башкармасынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Султанов Марат Абдыразакович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Акималиев Манас Жаминович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси;
Сатаров Улан Мелисович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык кызматынын жетекчисинин орун басары - сот органдары секторунун башчысы;
Мусабеков Алмаз Обосбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы;
Салянова Аида Жеңишбековна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Каратаев Марат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын мониторинг жана баа берүү тобунун эксперти.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |