Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 13-октябрындагы № 136-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2002-жылдын 9-июлу № 357-б
Тажикстан Республикасынын Президентинин Аралды сактоонун Эл аралык Фондунун (МФСА) Президенттигине шайланышына байланыштуу жана 1999-жылдын 9-апрелинде Ашгабат шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жетекчилери тарабынан бекитилген МФСА жөнүндө жобого ылайык:
1. Аралды сактоонун Эл аралык Фондунун аткаруу органдарынын курамына Кыргыз Республикасынан төмөнкүлөр киргизилсин:
- МФСАнын башкармасына - Мамбетов Базарбай Эстебесович, Евразия экономикалык коомдоштугундагы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин рангы берилген Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;
- МФСАнын ревизиялык комиссиясына - Молдокулов Сабырбек Айдарканович Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- МФСАнын аткаруу комитетине:
Ногойбаев Адылбек Кудурбаевич, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары, аны Тажикстан Республикасында туруу менен Кыргыз Республикасынан Ыйгарым укуктуу Өкүл катары командировкага жиберип, МФСАда ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндөн кийин бирдей деңгээлдеги кызмат берүү менен;
Оморов Манас Оморович, МФСАнын Кыргыз Республикасындагы Аткаруу дирекциясынын директору, Кыргыз Республикасынан Ыйгарым укуктуу Өкүл катары (айкалыштырып иштөө менен).
2. Б.Э.Мамбетов, С.А.Молдокулов МФСАда жыл сайын берилүүчү милдеттүү мүчөлүк акыларды төгүүгө контролду камсыз кылышсын.
3. Б.Э.Мамбетовго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан тиешелүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 19-октябрындагы № 410-б жана 2001-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр |
Н.Танаев |