Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-октябры № 136-р
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 8-майындагы № 180-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Борбордук Азия мамлекеттеринин башчылары 1999-жылдын 9-апрелинде Түркмөнстандын Ашхабад шаарында бекитишкен Аралды сактоонун эл аралык фонду жөнүндө жобого ылайык:
1. Аралды сактоонун эл аралык фондусунун (мындан ары - МФСА) аткаруучу органдарынын курамына Кыргыз Республикасынан төмөнкүлөр киргизилсин:
- МФСАнын Башкармасына - Карашев Аалы Азимович, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
- МФСАнын Ревизия комиссиясына - Байгөнчөков Мирлан Конушбекович, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги МФСАга жыл сайын төлөнүүчү төгүмдүн Кыргыз Республикасы үчүн оптималдуу өлчөмүн кайра карап чыгуу жана аныктоо жөнүндө маселени иштеп чыгышсын.
3. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине, МФСАнын Башкармасынын мүчөсүнө Аралды сактоонун эл аралык фондусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-июлундагы № 357-б, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 184-б жана 2009-жылдын 11-ноябрындагы № 638-б буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |