Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 15-февралындагы № 39-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2004-жылдын 15-апрели № 220-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 26-июнундагы № 352,
2007-жылдын 7-июнундагы № 160-б буйругларынын
редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 160-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Н.Танаев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Украинанын Министрлер Кабинети,
бир Тараптын мамлекетинде жашыруундалып, экинчи Тараптын мамлекетине берилген маалыматтарды, ошондой эле Тараптардын биргелешкен кызматташтыгынын негизинде жаралган маалыматтардын жашыруундугун өз ара коргоону камсыз кылуу кызыкчылыгында,
Тараптар ортосунда түзүлө турган кызматташтык жөнүндөгү бардык макулдашууларга жана Тараптардын мамлекеттеринин уюмдарынын ортосунда түзүлө турган жана жашыруун маалыматтарды алышууну ичине камтыган келишимдерге тиешелүү боло турган жашыруун маалыматтарды өз ара коргоонун эрежелерин белгилөөгө умтулуп,
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамлекет аралык жашыруун сырларды тең үзүр сактоо боюнча 1993-жылдын 22-январындагы Макулдашууну аткаруудагы өз ара кызыкчылыкты эске алып,
төмөндөгүлөр боюнча макулдашты:
1-статья. Терминдерди аныктоо
Бул Макулдашууда терминдер төмөнкү мааниде колдонулат:
"жашыруун маалымат" - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамына, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык жашыруундалган жана санкциясыз жол ачуудан жана таратуудан корголо турган ар кандай түрдөгү маалымат (маалыматты камтыган же анын жазылуусу мүмкүн болгон документтер, буюмдар, заттар, физикалык талаалар жана б.у.с.);
"уюм" - ушул Макулдашуунун аракетине туш келе турган келишимдерди аткаруучу жана мамлекет аралык кызматташтыкка катышуучу Тараптын мамлекеттик органы же юридикалык жак;
"Жиберүүчү Тарап" - жашыруун маалыматты ушул Макулдашуу боюнча "Алуучу Тарап" катары белгиленген Тараптын уюмуна берүүнү аткаруучу уюм;
"Алуучу Тарап" - Жиберүүчү Тараптын жашыруун маалыматын алуучу уюм;
"компетенттүү орган" - мамлекет аралык кызматташтыкты ишке ашырууда же ушул Макулдашуунун аракетине туш келген айрым контракттарды аткарууда ушул Макулдашуунун аткарылышын камсыз кыла турган мамлекеттик орган;
"контракт" - жашыруун маалыматтарды өткөрүү жүргүзүлүүчү же жашыруун маалымат түзүлүүчү Тараптардын мамлекеттеринин уюмдары ортосунда түзүлгөн келишим, макулдашуу же контракт;
"Үчүнчү тарап" -ушул Макулдашуу менен "Тараптар" катары белгиленбеген мамлекеттердин өкмөттөрү ушул мамлекеттердин физикалык же юридикалык жактары, ошондой эле жарандыгы жок жактар жана эл аралык уюмдар.
2-статья. Жашыруундук грифтерин салыштыруу
Маалыматтын жашыруундуулук даражасын тастыктаган жашыруундук грифтери төмөнкүдөй салыштырылат:
Кыргыз Республикасында:
"Өтө маанилүү" "Особой важности"
"Абдан жашыруун" "Совершенно секретно"
"Жашыруун" "Секретно"
Украинада:
"Особливоi важливостi "Особой важности"
"Цiлком таемно" "Совершенно секретно"
"Таемно" "Секретно"
3-статья. Коргоо чаралары
1.Тараптар биргелешкен кызматташтыктын аркасында түзүлүп же өткөрүлүүчү жашыруун маалыматтарды ушул Макулдашууга жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык коргоо чараларын көрүшөт жана ушул маалыматтарга өз мамлекетиндеги тиешелүү даражадагы жашыруун маалыматтар менен иштөөдөгү колдонула турган коргоо чараларын колдонушат.
2. Тараптар Жиберүүчү Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапты жашыруун маалыматтарга, ошондой эле архивдик сактоодо турган маалыматтарга кирүүгө жол бербейт. Бул жобо жашыруун маалыматты жарыялоо тартибине дагы тиешелүү. Жашыруун маалымат контрактта тастыкталган максаттарда гана пайдаланылат.
3. Жашыруун маалыматтарга кирүүгө уруксат ал маалыматтар кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу зарыл болгон адамдарга берилет. Мындай жол берүү аларда тиешелүү даражадагы жашырун маалыматка атайын уруксаты (допуск) болуусун талап кылат.
4. Тараптар өз мамлекетинин аймагында керектүү инспекциялык текшерүүлөрдү жана жашыруун маалыматтарды коргоонун эрежелерин сактоону камсыз кылат.
4-статья. Жашыруун маалыматтарды өткөрүү
1. Эгерде Жиберүүчү Тарап жашыруун маалыматты Алуучу тарапка өткөргөнгө ниеттенсе, анда ал алгач өз мамлекетинин компетенттүү органынан Алуучу Тараптын тиешелүү даражадагы жашыруун маалымат менен иштегенге уруксатынын бардыгы жөнүндө тастык кат сурайт. Жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы Алуучу Тараптын мамлекетинин тиешелүү компетенттүү органынан Алуучу Тараптын тиешелүү даражадагы жашыруундуктагы маалыматтарды пайдалануу менен иштөөгө уруксаты бардыгын жазуу жүзүндө тастыктаган кат сурайт.
2. Жашыруун маалымат эреже катары дипломатиялык каналдар аркылуу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурларда компетенттүү органдар жашыруун маалыматтарды башка каналдар менен өткөрүүнү өз ара чечишет.
3. Жашыруун маалыматтарды дипломатиялык каналдарды пайдаланбастан өткөргөн учурларда төмөнкүлөр зарыл:
- жашыруун маалыматты жиберүүчү уюм өткөрүлгөн жашыруун маалыматтын тизмесин алып калышы; (мындай тизменин экинчи нускасы Алуучу Тарапка кийин компетенттүү органга берүү үчүн жиберилет);
- жашыруун материалды таңгактоо жашыруун документтерди ташуу боюнча белгиленген эрежелерге жооп берүүсү;
- жашыруун маалыматты өткөрүү аны алгандыгы жөнүндөгү тил кат менен тастыкталышы;
- жашыруун маалыматты ташыган адамдардын тиешелүү даражадагы жашыруун маалыматтарга кирүүгө атайын уруксаты жана тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан берилген атайып күбөлүгүнүн болушу.
4. Бир кыйла көлөмдөгү жашыруун маалыматты өткөрүү зарылдыгы келип чыкканда компетенттүү органдар аны ташуунун ыкмасын жана маршрутун ар бир учурда өзүнчө белгилейт, өткөрүлүүчү жүктүн коштолуусун жана кайтарылуусун камсыз кылат.
5-статья. Жашыруундуктун грифтери менен белгилөө
1. Алуучу Тарап Жиберүүчү Тараптын жашыруун маалыматынын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө ушул Макулдашуунун 2-статьясына ылайык жашыруундуктун грифтерин коет.
2. Жиберүүчү тараптын жашыруун маалыматын камтыган көчүрмөлөрдө жана котормолордо түп нускада коюлгандай эле жашыруундуктун грифтери коюлат.
3. Алуучу Тараптын мамлекетинде Жиберүүчү Тарап өткөргөн жашыруун маалыматтын негизинде түзүлгөн жашыруун маалыматта өткөрүлгөн жашыруун маалыматтын жашыруундук грифинен кем эмес даражадагы жашыруундук грифи коюлат.
4. Алуучу Тарап өткөрүлгөн жашыруун маалыматтын жашыруундук даражасын Жиберүүчү Тарапты кабарлагандан кийин гана өзгөртөт же алып салат.
5. Жашыруун маалыматты жок кылуу процесси жок кылынып жаткан маалыматтын мындан ары калыбына келтирилбесине кепил болуусу керек. Жашыруун маалыматтын жок кылынуусу боюнча документ түзүлөт.
6-статья. Жашыруун контракттарга коюлуучу талаптар
1. Бул максат үчүн дайындалган Тараптардын уюмдары тарабынан түзүлгөн контракттарга өзүнчө бөлүм киргизилип, анда төмөнкүлөр белгиленет:
өткөрүлө турган жана (же) түзүлө турган жашыруун маалыматтын тизмеси жана анын жашыруундуулук даражасы;
өткөрүлө турган жана (же) түзүлө турган жашыруун маалыматты коргоонун өзгөчөлүктөрү;
талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн жана өткөрүлө турган жана (же) түзүлө турган жашыруун маалыматтын санкциясыз таркатылып кетишинен келип чыгуучу зыянды калыбына келтирүүнүн тартиби.
7-статья. Визиттер
1. Бир Тараптын уюмдарынын өкүлдөрүнүн башка Тараптын мамлекетинин жашыруун маалыматтарына кирүүсүн шарттаган визиттери (зыяраттары) кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын уруксаты менен ишке ашырылат.
2. Мындай визиттерди уюштурууда кабыл алуучу уюмдун дарегине келүүчү жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган сурам кат жөнөтүлөт:
а) аты-жөнү, туулган ай-күнү жана жери, паспорт номуру;
б) жарандыгы;
в) кызматы жана өзү өкүл болгон уюмдун аты;
г) тиешелүү даражадагы жашыруун маалыматка болгон атайын уруксаттын бардыгы;
д) келишинин максаты жана анын белгиленген айы-күнү;
е) алардын келишине байланыштуу сурам кат жиберилип жаткан уюмдардын аттары;
ж) келүүчү жолугуша турган адамдардын аты-жөнү.
8-статья. Жашыруун маалыматтын өз ара коргоо эрежелерин бузуу
1. Кайсы бир Тарап жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандык фактысын белгилеген же болбосо мындай фактынын болбой коюшу мүмкүн эмес болгон учурда бул жөнүндө экинчи тарап дароо кабарланат.
2. Жашыруун маалыматты коргоонун эрежелеринин бузулушу кайсы Тараптын мамлекетинин аймаганда орун алса, ошол мамлекеттин тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан тергелип, ошол мамлекеттин соттору карайт жана бул бул боюнча күнөөлүү деп табылгандар ошол мамлекеттин мыйзамына ылайык жоопко тартылышат. Экинчи Тарап расмий сурам менен кайрылганда жардам көрсөтөт. Ага тергөөнүн жыйынтыктары кабарланышы керек.
9-статья. Чыгымдар
Бул Макулдашуунун аракетине туш келген жашыруун маалыматты коргоо боюнча чараларды ишке ашыруудагы бир Тараптын сарптоолору экинчи Тарап аркылуу орду толтурулбайт.
10-статья. Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча компетенттүү органдар болуп:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Кызматы;
Украинада - Украинанын Коопсуздук Кызматы эсептелинет.
11-статья. Талаш-тартыш маселелерди чечүү
Ушул Макулдашууну колдонуу же маанисин чечмелөө боюнча талаштартыштар Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Мындай сүйлөшүүлөр учурунда Тараптар ушул Макулдашуунун негизинде өз милдеттерин аткара беришет.
12-статья. Кеңеш берүүлөр
1. Ушул Макулдашууну аткарууда тыкыз кызматташтыкты камсыз кылуу максатында Тараптардын компетенттүү органдары биринин суроосу боюнча бир-бирине кеңеш беришет.
2. Тараптардын компетенттүү органдары башка Тараптын мамлекетинин жашыруун маалыматты коргоо жаатындагы талаптары же мыйзамдары менен таанышышат.
3. Ар бир Тарап башка Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын өкүлдөрүнө же эки тараптын макулдугу менен аныкталган мамлекеттик башка органга өзүнүн компетенттүү органынын өкүлдөрү менен жашыруун маалыматты коргоонун ыкмалары жана каражаттары жөнүндө пикир алышууга уруксат берет.
13-статья. Күчүнө кирүүсү, колдонуу мөөнөтү, өзгөртүү,
колдонулушун токтотуу
1. Бул Макулдашуу Тараптардын анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедуралардын аткаргандыгы жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону алган күнүнөн баштап күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөт менен түзүлөт. Ушул Макулдашуунун аракет мөөнөтү эгерде кайсы бир тарап алдын ала 6 ай мурда жазуу жүзүндө ишти токтотуу жөнүндө ниетин билдирбесе, өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мөөнөттөргө узартыла берет.
3. Ушул Макулдашууга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсүн караган бул статьянын 1-пунктундагы процедурага ылайык күчүнө киргенден кийин Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп кала турган протоколдор түрүндө толтурулат.
4. Макулдашуунун аракети токтолгон учурда Жиберүүчү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жашырындуулук грифи алынмайынча ушул Макулдашуунун 3-статьясынын жоболору күчүндө калат.
200__-жылдын "__" ___________ ар бири кыргыз, украин жана орус тилдеринде экиден нускада түзүлдү, анын бардык тексттери бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорунун маанисин чечмелөөдө ажырымдыктар пайда болгон учурларда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Украинанын Министрлер
Өкмөтү үчүн Кабинети үчүн