Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-февралы № 39-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер кабинетинин ортосунда Жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына ушул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-апрелиндеги № 220-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-июнундагы № 352-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 160-б буйругу.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Украинанын Министрлер кабинети,
бир Тараптын мамлекетинде жашыруун болгон жана экинчи Тараптын мамлекетине берилген маалыматтарды, ошондой эле Тараптардын биргелешкен кызматташуусунун натыйжасында түзүлгөн маалыматтарды өз ара коргоону камсыз кылуу кызыкчылыгында,
Тараптардын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө бардык макулдашууларга жана жашыруун маалымат алмашуу каралган Тараптардын мамлекеттеринин уюмдарынын ортосунда түзүлгөн контракттарга таратылуусу зарыл болгон жашыруун маалыматтарды өз ара коргоонун эрежесин аныктоо аракеттеринин натыйжасында,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин 1993-жылдын 22-январындагы Мамлекеттер аралык сырларды сактоону өз ара камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууда өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Терминдерди аныктоо
Ушул Макулдашуудагы терминдер төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
"жашыруун маалымат" - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык жашыруун болгон, ошондой эле санкциясы жок кирүүдөн жана таратуудан коргоого тийиштүү бардык формадагы (документтер, басылмалар, заттар жана маалымат алынууга же жазылууга мүмкүн болгон физикалык талаалар) маалымат;
"уюм" - мамлекет аралык кызматташууда жана ушул Макулдашуунун күчү колдонулган контракттарды аткарууга катышкан Тараптын мамлекеттик органы же юридикалык жак;
"Булак-тарап" - "Алуучу-тарап" катары ушул Макулдашуу менен аныкталган башка Тараптын уюмдарына жашыруун маалыматты өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу уюм;
"Алуучу-тарап" - Булак-тараптын жашыруун маалыматы өткөрүлүп берилген уюм;
"компетенттүү орган" - мамлекет аралык кызматташууну жүзөгө ашырууда же ушул Макулдашуунун күчү колдонулган айрым контракттарды аткарууда бул Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылган мамлекеттик орган;
"контракт" - жашыруун маалыматтарды өткөрүү же жашыруун маалыматты түзүү жүзөгө ашырылган Тараптардын мамлекеттеринин уюмдарынын ортосунда түзүлгөн келишим, макулдашуу же контракт;
"үчүнчү тарап" - ушул Макулдашуу менен "Тараптар" катары аныкталбаган мамлекеттердин өкмөттөрү жана бул мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар жана эл аралык уюмдар.
2-берене. Жашыруундук грифтерди салыштыруу
Маалыматтардын жашыруундук деңгээлин күбөлөндүрүүчү жашыруундук грифтер төмөнкүдөй мүнөздө салыштырылат:
Украинада:
"Особливоi важливостi" "Особой важности"
"Цiлком таемно" "Совершенно секретно"
"Таемно" "Секретно"
Кыргыз Республикасында:
"Өзгөчө маанилүү" "Особой важности"
"Өтө жашыруун" "Совершенно секретно"
"Жашыруун" "Секретно"
3-берене. Жашыруун маалыматтарды коргоо чаралары
1. Тараптар ушул Макулдашууга жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, биргелешкен иштердин натыйжасында өткөрүлүп берилүүчү же түзүлүүчү жашыруун маалыматтарды коргоо боюнча чараларды көрөт жана өз мамлекеттеринин жашыруундук деңгээлине ылайык жашыруун маалыматтар менен иштөөдө алар кандай кабыл алса, бул маалыматтарды коргоонун ошондой эле чараларын камсыз кылат.
2. Тараптар үчүнчү тарапка жашыруун маалыматтарга, анын ичинде архивдик сактоодогу маалыматтарга кирүү мүмкүндүгүн Булак-тараптын алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугу жок беришпейт. Ушул жобо жашыруун маалыматтарды жарыялоо тартибине да колдонулат. Жашыруун маалымат контрактта шартталган максаттарда гана пайдаланылат.
3. Жашыруун маалыматтарга кирүү мүмкүндүгү кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу маалымат керек болгон тараптарга берилет. Кирүү мүмкүндүгүн берүү анын жашыруун маалыматтарга кирүүсүнүн тийиштүү деңгээлинин болушу менен каралат.
4. Тараптар өз мамлекетинин аймагында зарыл болгон инспекциялык текшерүүлөрдү өткөрүүнү жана жашыруун маалыматтарды коргоонун эрежелерин сактоону камсыз кылышат.
4-берене. Жашыруун маалыматтарды өткөрүп берүү
1. Эгерде Булак-тараптан жашыруун маалыматты Алуучу-тарапка өткөрүп берүү ниети бар болсо, ал өз мамлекетинин компетенттүү органынан Алуучу-тараптын жашыруундуктун тийиштүү деңгээлдеги жашыруун маалыматтар менен иштөөгө уруксаты бар экендигин тастыктоону алдан ала сурайт. Булак-тараптын мамлекетинин компетенттүү органы Алуучу-тараптын мамлекетинин тийиштүү компетенттүү органынан Алуучу-тараптын жашыруундуктун тийиштүү деңгээлдеги жашыруун маалыматын пайдалануу менен иш жүргүзүүгө уруксаты болуусунун жазуу түрүндөгү тастыктоосун сурайт.
2. Жашыруун маалымат, эреже катарында, дипломатиялык каналдар боюнча өткөрүлүп берилет. Компетенттүү органдар зарылдыгына жараша жашыруун маалыматты башка каналдар боюнча өткөрүп берүү жөнүндө макулдаша алышат.
3. Дипломатиялык каналдарды пайдаланбастан жашыруун маалыматты өткөрүп берүү учурунда:
- жашыруун маалыматты жиберүүнү жүзөгө ашыруучу уюмда өткөрүлүп берилген жашыруун маалыматтын тизмесинин бар болуусу (мындай тизменин экинчи нускасы компетенттүү органга кийин өткөрүп берүү үчүн Алуучу-тарапка жиберилет);
- жашыруун маалыматтын таңгагы жашыруун документтерди ташуунун белгиленген эрежелерине ылайык болуусу;
- жашыруун маалыматты өткөрүп берүү аны алгандыгы жөнүндө жооптуу тараптын тил каты менен тастыкталуусу;
- жашыруун маалыматты ташууну жүзөгө ашыруучу тараптарда тийиштүү деңгээлдеги жашыруун маалыматка кирүү мүмкүндүгү жана тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген атайын күбөлүгү болуусу зарыл.
4. Көп көлөмдөгү жашыруун маалыматты өткөрүп берүү зарылчылыгы пайда болгон учурда, Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ар бир учурда транспорттоонун жолдорун жана маршрутун аныктайт, ташылуучу жүктү коштоону жана коргоону камсыз кылат.
5-берене. Жашыруундук грифтери менен белгилөө
1. Алуучу-тарап Булак-тараптын жашыруун маалыматын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык жашыруундук грифин коет.
2. Булак-тараптын жашыруун маалыматын камтыган котормонун көчүрмөлөрүнө жана материалдарына түп нускада кандай гриф болсо, ошондой жашыруундук грифтер коюлат.
3. Булак-тарап аркылуу өткөрүлүп берилген жашыруун маалыматтын негизинде Алуучу-тараптын мамлекетинде түзүлгөн жашыруун маалыматка өткөрүлүп берилген жашыруун маалыматтын жашыруундук грифинен төмөн болбогон жашыруундук грифи коюлат.
4. Алуучу-тарап өткөрүлүп берилген жашыруун маалыматтын жашыруундук деңгээлин Булак-тараптын билдирүүсү боюнча гана өзгөртөт же алып салат.
5. Жашыруун маалыматты жок кылуу процесси жок кылынуучу маалыматтын андан ары кайра калыбына келтирбөөсүнө кепилдик бериши керек. Жашыруун маалыматты жок кылуу фактысы документ менен таризделет.
6-берене. Жашыруун контракттарга коюлуучу талаптар
1. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу уюмдары тарабынан ушундай эле максаттар үчүн түзүлүүчү контракттарга өзүнчө бөлүм кошулат жана анда төмөнкүлөр белгиленет:
өткөрүлүп берилүүчү жана (же) түзүлүүчү жашыруун документтин тизмеси жана анын жашыруундук деңгээлдери;
өткөрүлүп берилүүчү жана (же) түзүлүүчү жашыруун документти коргоонун өзгөчөлүктөрү;
талаш маселелерди чечүүнүн, ошондой эле өткөрүлүп берилүүчү жана (же) түзүлүүчү жашыруун маалыматтарды санкциясы жок таратуудан мүмкүн болуучу зыянды төлөөнүн тартиби.
7-берене. Визиттер
1. Бир Тараптын уюмдарынын өкүлдөрүнүн башка Тараптын мамлекетинин жашыруун маалыматына алардын кирүү мүмкүндүгү каралуучу визиттери кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Мындай визиттерди уюштурууда кабыл алуучу уюмдун дарегине, келүүчү адам жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган жазуу түрүндөгү сурам жиберилет:
а) аты-жөнү, туулган күнү жана жери, паспортунун номери;
б) жарандыгы;
в) ал өкүл болуп эсептелген уюмдун аталышы жана кызмат оруну;
г) тийиштүү деңгээлдеги жашыруун маалыматка кирүү мүмкүндүгүнүн бар болуусу;
д) барып келүүнүн максаты жана анын болжолдонгон күнү, айы, жылы;
е) уюмга баруу тууралуу сурам жасалган уюмдардын аталыштары;
ж) келип жаткан адам жолугушууну болжолдогон адамдардын аттары жана фамилиялары.
8-берене. Жашыруун маалыматты өз ара коргоонун эрежелерин бузуу
1. Тараптардын бири тарабынан ушул Макулдашуунун чегинде өткөрүлүп берилген жашыруун маалыматтын ачыкка чыгуу фактысы аныкталган учурда же мындай фактты толук жокко чыгаруу мүмкүн болбогон кезде, бул жөнүндө башка Тарапка токтоосуз түрдө билдирилет.
2. Жашыруун маалыматты сактоонун эрежелеринин бузулушу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан териштирилет жана ал бузулуу болгон аймактын Тарабынын мамлекетинин соттору менен каралат, ал эми ага күнөөлүү адамдар ал мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Башка Тарап расмий сурам бар болгондо көмөк көрсөтөт. Ага териштирүүнүн жыйынтыктары билдирилүүсү керек.
9-берене. Чыгымдар
Ушул Макулдашуунун күчү колдонулган жашыруун маалыматты коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга бир Тараптын чыгымдары экинчи Тарап тарабынан орду толтурулбайт.
10-берене. Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
Украинада - Украинанын Коопсуздук кызматы.
11-берене. Талаш-тартыш маселелерди чечүү
Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу тууралуу талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Мындай сүйлөшүүлөр учурунда Тараптар ушул Макулдашууга ылайык өзүлөрүнүн милдеттенмелерин аткарууну уланта беришет.
12-берене. Консультациялар
1. Ушул Макулдашууну аткарууда тыгыз кызматташууну камсыз кылуу максатында Тараптардын компетенттүү органдары алардын биринин сурамы боюнча бири бирине консультацияларды беришет.
2. Тараптардын компетенттүү органдары башка Тараптын мамлекетинин жашыруун маалыматтарды коргоо тармагындагы мыйзамдары же талаптары менен тааныштырылат.
3. Ар бир Тарап, башка Тараптын компетенттүү органынын же эки жактын макулдашуусу боюнча аныкталган башка мамлекеттик органынын өкүлдөрүнө өзүнүн компетенттүү органынын өкүлдөрү менен жашыруун маалыматты коргоонун ыкмаларын жана каражаттарын талкуулоого уруксат берет.
13-берене. Күчүнө кирүү, колдонуу мөөнөтү, өзгөртүүлөр, колдонууну
токтотуу
1. Ушул Макулдашуу, Тараптардан күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Бул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү, эгерде Тараптардын бири дагы, анын колдонуусун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин тиешелүү мөөнөт бүткөнгө чейин алты ай мурун экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлабаса кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылды деп саналат.
3. Ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор протоколдор түрүндө таризделет, алар ушул берененин 1-пунктунда ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн каралган жол-жоболорго ылайык күчүнө киргенден кийин, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп калат.
4. Макулдашууну колдонуу токтогондон кийин, Булак-тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жашыруундук грифи алып салынмайынча, ушул Макулдашуунун 3-беренесинин жоболору күчүндө кала берет.
________________ шаарында 2012-жылдын "___"-______________________
ар бири эки нускада кыргыз, украин жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө айырмачылыктар пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Украина
Өкмөтү үчүн Министрлер кабинети үчүн