Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-февралы ПБ № 60
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө Жобонун 15-пунктуна ылайык:
1. Кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын тышкы саясат тобунун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы;
- Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмундагы улуттук координатор;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер мамлекеттик министринин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин КМШ департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин батыш өлкөлөр департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин коопсуздук кызмат департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-августундагы № 149 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |