Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-июну № 76
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралу
2005-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 87-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Ички иш-
тер министрлиги" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша ар кандай
жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар
министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 4 жана 12-статьяларда "Өрттөн сактоо башкармасы" деген сөздөр
"мамлекеттик өрткө каршы ыйгарым укуктуу кызмат органдары" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
3. 6-статьянын биринчи бөлүгүнүн 2-пункту "өрттөрдү өчүрүү" деген
сөздөрдөн мурда "калктуу конуштарда жана чарба жүргүзүү объекттеринде"
деген сөздөр менен толукталсын.
4. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары
Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органы болуп Кыргыз Республикасынын
Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик өрткө каршы
кызматтарынын ыйгарым укуктуу органы саналат.
Мамлекеттик өрт көзөмөлү органы болуп эсептелген мамлекеттик өрткө
каршы ыйгарым укуктуу органдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү бекиткен мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндөгү жободо аныкталат.".
5. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдары
Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдары болуп санал-
ган мамлекеттик өрткө каршы органдарынын кызматкерлеринин жана подраз-
делениелеринин тизмеси, ошондой эле аларга жүктөлгөн функциялардын ат-
карылышынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик
өрт көзөмөлү жөнүндөгү жободо аныкталат.".
6. 17-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "өрттөн сактануу" деген сөздөр
"өрт коопсуздук кызматтарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр
менен толукталсын:
"Өрт өчүрүү учурунда келтирилген материалдык зыян Кыргыз Республи-
касынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат.
Өрт коопсуздук кызматтарынын жеке курамы, өтө зарыл шарттарда
иштөөчү өрт өчүрүүнүн башка катышуучулары келтирилген зыяндын ордун
толтуруудан бошотулат.".
8. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү
Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү, атап айтканда: токойлордогу, тоолор-
догу жана талаалардагы өрттөрдү, Кыргыз Республикасынын Улуттук кооп-
суздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юсти-
ция министрлигине караштуу жазаны өтөө боюнча башкы башкармалыгынын,
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы инспекция-
сынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюн-
ча агентствонун, Кыргыз темир жолунун, чет мамлекеттердин Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында жайгашкан дипломатиялык жана консулдук
өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын объектилериндеги өрттөрдү
өчүрүү тартиби мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдары жана подразде-
лениелери менен макулдашуу боюнча тиешелүү министрликтердин, админист-
рациялык ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын же-
текчилери тарабынан аныкталат.".
9. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын кызматкерлеринин
укуктук абалы, кызмат өтөө тартиби жана социалдык
кепилдиктери
Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын аскер кызматчылары жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин коргоосунда болот. Аларга Кыргыз Республи-
касынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген укуктар, социалдык кепилдиктер жана жењилдиктер жайылтылат.
Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын аскер кызматчыларынын кызмат
өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тиешелүү жобо менен
аныкталат.
"Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын аскер кызматчылары өзгөчө кыр-
даалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу үчүн ишке тартылышы мүмкүн. Мын-
да кызмат мөөнөтү бир күнү үч күнгө эсеп кылынат. Мамлекеттик өрткө
каршы кызматтын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине өрт өчүрүүгө,
ошондой эле эмгек шарты оор, зыяндуу жана өмүргө коркунуч келтирген иш-
тер үчүн кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген
өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.".
10. IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-статья менен толукталсын:
"21-1-статья. Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын өлгөн же майып
болгон аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин
мамлекеттик камсыздандыруу жана келтирилген зыяндын
ордун толтуруу
Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана
администрациялык ведомстволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жаран-
дар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде түшүүчү каражаттардын эсеби-
нен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш, анын тартиби жана
шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.".
11. 28-статьяда "өрттөн сактануу кызматынын башчылары" деген
сөздөр "мамлекеттик өрткө каршы кызматынын ыйгарым укуктуу органдарынын
начальниктери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев