Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 2-мартындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 9-январы № 2
"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 3, 72-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Тамак-ашка кирбеген спиртти жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же ал ыйгарым укук берген органдын контролу астында жүргүзүлөт. Тамак-ашка кирбеген спирттин ченемдик документтердин талаптарына ылайык келишине баа берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы республиканын бажы аймагына тамак-ашка кирбеген спирттин иш жүзүндө келип түшүүсү жөнүндө маалымдоого милдеттүү".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |