Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-июлундагы № 95 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр Жана толуктоолор киргизүү тууралуу 2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининведомосттору, 2002-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: 1. 1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жеке жана юридикалык жактаргаубактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген, жер участоктору(башка жаратылыш объекттеринен тышкары) кошо кирген колдонулбоочубуюмдарга кирүүчү мүлк лизинги болуп саналат. 2. 2-статьядагы «лизинг келишими» деген түшүнүк төмөнкүдөйредакцияда баяндалсын: «лизинг келишими - ушул келишимге ылайык ижарага берүүчү (мынданары - лизинг берүүчү) ижарага алуучу (мындан ары - лизинг алуучу)тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү өзү (лизинг алуучу) аныктаган сатуучуданменчикке сатып алуута жана лизинг алуучуга ал мүлктү акы төлөпубактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүтө милдеттенгенкелишим. Мында лизинг келишими төмөнкүдөй бир же андан көп белгилердикамтууга тийиш, алар: - лизинг келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизингдин предметилизинг алуучунун менчигине өтөт; - лизинг келишиминде лизинг алуучунун лизингдин предметин лизингкелишими аяктагандан кийин лизинг келишиминде көрсөтүлгөн баа боюнчасатып алуу укугу каралган; - лизинг келишиминин мөөнөтү лизингдин предметинин экономикалыккызмат өтөө мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашык эмес (мындай учурда менчикукугу-лизинг алуучуга өткөрүп берилбеши хмүмкүн); - рыноктук ставка боюнча аныкталган лизингдик төлөмдөрдүн суммасылизингдин предметинин наркынын 90 процентинен кем эмес болууга тийиш; - лизингдин предмети негизги каражат болуп эсептелет жана өзгөчөмүнөзгө ээ, ошондуктан аны лизинг алуучу гана орчундумодификациялоосуз пайдалана алат: Лизинг келишиминде сатуучуну жана сатып алынуучу мүлктү лязингберүүчүнүн тандоосу каралышы мүмкүн.». 3. 3-статьянын 2 - пунктундагы «Жер участогу жана башка жаратылышобъекттери» деген сөздөр «жер участокторунан башка жаратылышобъекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын. 4. 4 —статьяда: экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы «жеке же юридикалык жак» дегенсөздөр «мыйзамда аныкталган тартипте ишкердик жүргүзгөн жеке адам жеюридикалык жак» деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «-сатуучу — лизингдин предмети болгон мүлктү белгиленген мөөнөттөлизинг алуучуга сатуучу жеке адам же юридикалык жак.». 5. 6-статья күчүн жоготту деп эсептелсин. 6. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-статья. Лизингдин формалары жана түрлөрү Ички лизинг - лизингдин формасы, мында лизинг берүүчү жана лизингалуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушат. Эл аралык лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчү жана лизингалуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушпайт. Кайтарма лизннг - лизингдин түрү, мында сатуучу лизингдик бирукуктук мамиленин чегинде бир эле учурда лизинг алуучу катары чыгаалат: Сублизинг - лизингдин түрү, мында лизинг алуучу (лизинг берүүчү)ушул Мыйзамга жана лизинг келишимине ылайык мурда лизинг берүүчүдөнлизинг келишими боюнча алынган жана лизингдин предметин түзгөн мүлктүсублизинг келишимине ылайык акы жана мөөнөт менен үчүнчү жакка(сублизинг алуучута) убактылуу ээлик кылууга жана ишкердик максат үчүнпайдалануута өткөрүп берет. Мында сублизинг берүүчү жана сублизингалуучу лизинг берүүчү жана лизинг алуучу катары чыгышат жана ушулМыйзамда лизингдик бүтүмдүн ушул катышуучулары үчүн аныкталганукуктарга ээ болушат жана милдеттерди алышат. Сублизинг келишимининмөөнөтү лизинг келишиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. Экинчи лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчүнүн менчигиндекалган лизингдин предмети лизинг келишими токтотулган же бузулганучурда ушул Мыйзамга ылайык башка лизинг алуучуга лизингге берилет.Лизингдин мындай предметин лизингге кийинки берүүдө сатуучуну жанализингдин предметин лизинг берүүчү тандаган деп эсептелет.". 7. 8-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менентолукталсын: «- лизингдин предметин жана сатуучуну тандоочу жакты көрсөтүү:». - бешинчи абзац алтынчы абзац деп эсептелсин. 8. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «9-статья. Лизинг келишимин өзгөртүү жана ажыратуу Лизинг келишимин өзгөртүү жана бузуу лизинг келишиминде же КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда ишкеашырылат.". 9. 10-статьяда: - 1 - пункттун «д» пунктчасында жана 2 - пункттун «а» пунктчасында«лизинг жөнүндө келишим» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «лизингкелишими» деген сөздөргө алмаштырылсын; 2- пункт төмөнкүдөй мазмундагы «в» пунктчасы менен толукталсын: «в) экинчи лизингде тийиштүү келишимине кол коюлган учурдан баштап30 күндүн ичинде сатуучуга лизинг алуучунун өзгөргөнү жөнүндөкабарлоого.». 10. 11- статьяда: 1- пунктунда: - «б» жана «г» пунктчаларындагы «объектисин» деген сөз «предметин»деген сөзгө алмаштырылсын; - «в» пунктчасы «лизинг предметин алмаштырууну» деген сөздөрдөнкийин «же» деген сөз менен толукталсын; - «в» жана «д» пунктчалары «эгер лизинг келишиминде башкачакаралбаса» деген сөздөр менен толукталсын. - «е» пунктчасындагы «субижарага (субарендага)» деген сөз«сублизингге» деген сөзгө алмаштырылсын; 2 - пункттун «б» жана «д» пунктчаларындагы «объект» деген сөзтийиштүү жөндөмөдөгү «предмет» деген сөзгө алмаштырылсын. 11. 13 - статьянын 4 - пунктундагы «келтирилген чыгымдар» деген сөз«келтирилген зыян» деген сөзгө алмаштырылсын. 12. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «19-статья. Лизингдин предметин камсыздандыруу Тараптар лизингдин предметин, ошондой эле лизинг келишиминебайланыштуу башка тобокелдерди камсыздандыруунун бардык түрлөрүнКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашыруугаукуктуу.». 13. 20-статья төменкүдөй редакцияда баяндалсын: «20 —статья. Лизинг предметик тескөө 1. Лизинг берүүчү эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизингалуучуга жазуу жүзүндө кабарлоо менен лизингдин предметин өзкаалоосуна жараша пайдаланууга укуктуу. 2. Эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучу лйзингберүүчүнүн макулдуту менен лизингдин предметин сублизингге берүүгө,лизинг келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка жаккаөткөрүп берүүгө, ошондой эле өзүкүн лизинг алуучулук укугун күрөөгөкоюуга жана чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдыккапиталына салым катары же өндүрүштүк кооперативге пайлык взнос катарыкошуута укуктуу.». 14. 21-статьянын 1-пунктунда: - биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Лизинг келишими боюнча берилген лизингдин предметин пайдалангандыкүчүн акыны лизинг алуучу лйзинг берүүчүгө төлөнүүчү лизингдик төлөмдөркатары берет.»; -пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менентолукталсын: «Лизингдик төлөмдөр лизинг алуучунун лизинг берүүчүгө лизингдинпредметин алууга кеткен сарптоолорунун баарынан же көпчүлүк бөлүгүнөн,ошондой эле лизингдин предметин берүүгө жана аны арналышы боюнчапайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө байланыштуу башкасарптоолордон жана лизинг берүүчүнүн проценттик кирешесинен турат. Лизингдик төлөмдөрдүн өлчөмү, ыкмасы, формасы жана мезгилдүүлүгүлизинг келишими менен белгиленет.». - экинчи абзац төртүнчү абзай деп эсептелсин. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев