РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Президентинин 2010-жылдын 26-февралындагы ПБ № 74 (8-март Эл аралык аялдар күнүн жана анын уюшулгандыгынын 100 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2010-жылдын 26-февралы ПБ № 74

8-март Эл аралык аялдар күнүн жана анын уюшулгандыгынын 100 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. 8-март Эл аралык аялдар күнүн жана анын уюшулгандыгынын 100 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 26-февралындагы ПБ № 74 буйругунун тиркемеси

 

8-март Эл аралык аялдар күнүн жана анын уюшулгандыгынын

100 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды

даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин

КУРАМЫ

 

Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрайымы;

Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары;

Жунусов Ибрагим Коджоназарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору;

Ташпаева Назгүл Аскеровна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору;

Нишанов Абдуалим Тажибаевич - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Исаев Талантбек Кедейканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары;

Тыналиева Үмүтхан Молдобековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Тагаев Айтибай Султанович - Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Масиров Кошбай - Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Исаев Кыдыкбек Шайдинович - Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Чекиев Тынчтыкбек Бешкемпирович - Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Бакиров Мамасадык Сабирович - Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Болотбеков Бейшенбек - Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Кумаров Болоткан Советбекович - Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;

Иманалиева Элмира Сансызбаевна - Бишкек шаарынын вице-мэри;

Эркулова Гүлмира Каратаевна - Ош шаарынын вице-мэри;

Орозбай кызы Кайыргүл - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

 

К.Бакиев