Редакцияот 05.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 5-августу № 120                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ              "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча            камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"               Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү                           киргизүү тууралу      2005-жылдын 16-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган       1-статья.      "Мамлекеттик социалдык    камсыздандыруу   боюнча   камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  (Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  2004-ж.,  № 5, 229-ст.)төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:     5-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:     "3. Табигый кырсыктары (суу каптоо,  сел,  жер титирөө, жер көчкү,мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурун-да юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбалары үстүбүздөгү  жылүчүн  камсыздандыруу  төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялардын  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынынөкүлдөрү  менен  Социалдык фонддун органдары тиешелүү түрдө комиссиялапбекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.".      2-статья.      Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      3-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин.      Кыргыз Республикасынын Президентинин     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев