Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-июну № 45-рп
Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак иштөө боюнча кеңешүүчү-консультациялык органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасынын натыйжасыз иши жөнүндө коомчулуктун өкүлдөрүнүн кайрылууларын эске алып жана "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-майындагы № 39 Декретин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасы жоюлсун, ал эми анын курамынын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасынын Аппараты жоюлсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жоюу комиссиясын түзсүн, ага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-беренелеринде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 86, 87-беренелеринде каралган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул тескеме кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
|
Р.Отунбаева |