Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаӨзбекстан Республикасынын Өкмөтү, 2000-жылдын 2-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган, Жарандардын өзара жол жүрүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененӨзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну эскеалып, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагыжакшы коњшулаштык, достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү үчүнжагымдуу шарттарды түзүү максатында, адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жанабашка мүлктү кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүтартибин өркүндөтүү зарылчылыгын эске алып, мыйзамсыз миграцияны, куралдын, бањги каражаттарынын, психотроптук,ууландыруучу заттардын жана прекурсорлордун контрабандасын табуу жанажоюу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жанабашка мүлктү кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуү өткөрүү үчүнТараптар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган үшулМакулдашуунун
Тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик чегара аркылуу эларалык жана эки тараптуу өткөрмө пункттарын, анын ичиндежөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарын (мындан ары - өткермө пункттары депаталат) орнотууну чечти. Эл аралык өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттеринин жана башкамамлекеттердин адамдарын, жүктөрүн, товарларын, транспорткаражаттарын; малын жана башка мүлкүн өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Эки тараптуу өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттерининадамдарын, жүктөрүн, товарларын, транспорт каражаттарын, малын жанабашка мүлкүњ өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттерининадамдарын өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарынын ишинин тартиби Тараптардынмамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунун ортосундагымакулдашуу боюнча белгиленет. 2-статья Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуу бараткан адамдардыөткөрүү ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн өткөрмөпункттарында анык документтер боюнча 2000-жылдын 2-июлунда Ташкентшаарында кол коюлган Жарандардын өз ара жол жүрүүлөрү жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы Макулдашууда жана Кыргыз Республикасы менен ӨзбекстанРеспубликасы катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдердекаралган шарттарда жүзөгө ашырылат. 3-статья Өткөрмө пункттарынын иши (иштөө режими) ушул МакулдашуунунТиркемесине ылайык Тараптардын макулдашууларына жараша жүзөгөашырылат. Иштөө режимине контролдук кылуу, ошондой эле адамдарды, транспорткаражаттарын, жүктөрдү, товарларды, малды жана башка мүлктү өткөрүүтартиби Тараптардын мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунунмакулдашуусу боюнча белгиленет. 4-статья Адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жанабашка мүлктү контролдоонун чегаралык, бажылык жана башка түрлөрү(мындан ары - контроль деп аталат) Тараптардын улуттук мыйзамдарынажана алар катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерге ылайыкөткөрмө пунктарда жүзөгө ашырылат. Зарылчылык болгон учурда Тараптар биргелешип контролдоо үчүншарттарды түзөт. Бигелешкен контролдукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруутартиби Тараптардын мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунунортосундагы өзүнчө макулдашуулар менен аныкталат. 5-статья Өткөрмө пункттарынын ойдогудай ишин камсыз кылуу үчүн Тараптардынар бири өз мамлекетинин аймагында зарыл инфраструктураны түзөт. Эгерде өткөрмө пунктта биргелешкен контролдоону жүргүзүүмүмкүнчүлүгү каралса, өткөрмө пункттарын долбоорлоо жана куруу өз арамакулдук боюнча жүзөгө ашырылат. 6-статья Жањы өткөрмө пункттарды ачууну, азыркыларын жабууну (анын ичиндежөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарды ачууну жана жабууну) же алардынстатусун жана иштөө режимин өзгөртүүнү Тараптар дипломатиялык каналдарбоюнча макулдашат жана алар атайын протокол менен таризделет, ал ушулМакулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Төмендөгү эки тараптуу кызматташтыктын макулдашуусунун аткарылышыэки мамлекеттин компетенттүү органдары аркылуу бекитилет: Кыргыз Республикасы тарабынан - Кыргыз Республикасынын Чегаракызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууКирешелер боюнча комитеттин Бажы департамент кызматы; Өзбекстан Республикасынан - Өзбекстан Республикасынын Улуттуккоопсуздук кызматынын Чегара коргоо комитети жана ӨзбекстанРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитети. 7-статья Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасынын айрым участкаларында өткөрмөпункттар аркылуу кыймылды убактылуу чектөө же токтотуу Тараптардынмамлекеттеринин улуттук коопсуздук таламдарында, ошондой эле жаратылышкырсыктарынын айынан, эпидемия жана эпизоотия учурларында санитардык-карантиндик себептер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай чектөөлөрдү киргизген Тарап чектөө аракеттеринин себептеринжана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аларды киргизүүнүн пландаштырылганубактысына чейин 5 суткадан кечиктирбестен дипломатиялык каналдарбоюнча экинчи Тарапка билдирет. Тараптар өткөрмө пункттардын объекттерин же коммуникациялыккурулуштарды пландуу оњдоого байланыштуу кыргыз-өзбек мамлекеттикчегарасы аркылуу кыймылды чектөө же токтотуу жөнүндө бири-биринеушундай иштер башталганга чейин үч айдан кечиктирбестен маалымдайт,мында алар аяктай турган датаны билдирет. 8-статья Өзгөчө учурларда гана (жаратылыш кырсыктары, эпидемия, эпизоотия,авария, шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жана башкалар) Тараптардынмамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволору өз ара макулдашуубоюнча иштеп жаткан өткөрмө пункттардан тышкары жерлерде контролдоонунбелгиленген тартибин сактоо менен мамлекеттик чегара аркылууадамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жанабашка мүлктү өткөрүүнү жүзөгө ашыра алат. 9-статья Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралыккелишимдер боюнча алардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт. 10-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилкши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушулМакулдашуунун 12-статьясына ылайык күчүнө кирет. 11-статья Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагынанталаштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар алардысүйлөшүү жана консультация жолу менен чечет. 12-статья Бул Макулдашуу ал күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ичкижол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгүбилдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 жыл бою күчүндө болот жана, эгерде Тараптардынбири да кезектеги беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин 6 ай мурда анынколдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуужүзүндө билдирбесе, ар бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзүузартылып турат. Макулдашуу Бишкек шаарында 2004-жылдын 24-июлунда эки нускада, арбири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө үчүн орус тилиндеги текстколдонулат. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Өкметү үчүн Өкмөтү үчүн @1 Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун тиркемеси _______________________________________________________________________________|№ |Кыргыз |Кыргыз |Өзбекстан |Өзбекстан |Өткөрмө |Иштөө| |Республикасы|Республика- |Республикасы-|Республика- |пункттары- |режими| |нын өткөрмө |сында жайга |нын өткөрмө |сында жайга- |нын статусу || |пункттарынын|шуу орду |пункттарынын |шуу орду | || |аталышы | |аталышы | | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|1. |Кызылкыя- |Баткен |Кувсай-темир-|Фергана |эл аралык |күнү-| |темиржол |областы, |жол |областы, | |түнү| | |Кызылкыя ш. | |Кувсай району| ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|2. |Достук- |Ош областы, |Дустлик-авто-|Андижан |эл аралык |күнү-| |автожол |Карасуу |жол |областы, | |түнү| | |району | |Ходжаабад | || | | | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|3. |Карасуу- |Ош областы, |Савай-темир- |Андижан |эл аралык |күнү-| |темиржол |Карасуу |жол |областы, | |түнү| | |району | |Кургантепе | || | | | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|4. |Бекабад-авто|Жалалабад |Ханабад-авто-|Андижан |эл аралыу |күнү-| |жол |областы, |жол |областы, | |түнү| | |Сузак району| |Кургантепе | || | | | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|5. |Жалалабад- |Жалалабад |Ханабад- |Андижан |эл аралык |күнү-| |темиржол |областы, |темиржол |областы, | |түнү| | |Жалалабад ш.| |Кургантепе | || | | | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|6. |Маданият- |Жалалабад |Маданият-авто|Андижан |эл аралык |күнү-| |автожол |областы, |жол |областы, | |түнү| | |Ноокен | |Пахтаабад | || | |району | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|7. |Шамалдысай- |Жалалабад |Учкоргон- |Наманган |эл аралык |күнү-| |темиржол |областы, |темиржол |областы, | |түнү| | |Ноокен | |Учкоргон | || | |району | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|8. |Кызылкыя- |Баткен |Өзбекстан- |Фергана |эки тараптуу|күнү-| |автожол |областы, |автожол |областы, | |түнү| | |Кызылкыя ш. | |Кувсай району| ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|9. |Карабагыш- |Ош областы, |Мингтепа- |Андижан |эки тараптуу|күндүзү| |автожол |Араван |автожол |областы, | || | |району | |Мархамат | || | | | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|10.|Баймак- |Жалалабад |Касансай- |Наманган |эки тараптуу|күндүзү| |автожол |областы, |автожол |областы, | || | |Алабука | |Касансай | || | |району | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|11.|Сейдикум- |Жалалабад |Пушмон- |Андижан |Жөнөкөйлөтү-|күндүзү| |автожол |областы, |автожол |областы, |лгөн өткөрмө|| | |Базар-Коргон| |Пахтаабад |пункт || | |району | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|12.|Ынтымак- |Ош областы, |Кесканер- |Андижан |эки тараптуу|күндүзү| |автожол |Карасуу |автожол |областы | || | |району | |Кургантепе | || | | | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|13.|Сумсар- |Жалалабад |Каракурган- |Наманган |Жөнөкөйлөтү-|күндүзү| |автожол |областы |автожол |областы, |лгөн өткөрмө|| | |Алабука | |Чуст району |пункт || | |району | | | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________|14.|Кенсай- |Жалалабад |Учкоргон- |Наманган |эл аралык |күнү-| |автожол |областы, |автожол |областы, | |түнү| | |Ноокен | |Учкоргон | || | |району | |району | ||___|____________|____________|_____________|_____________|____________|________