КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 264 токтому менен бекитилген Бишкек ш.2005-жылдын 8-марты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерин өнүктүрүүгө умтулуп,жарандардын өз ара барып-келүүлөрүнүн тартибин өркүндөтүүгө болгон каа-лоолоруна негизденип, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1. Жарактуу дипломатиялык же кызматтык паспортторуна ээ болгон Та-раптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетининаймагына визасыз 30 (отуз) күндүк мөөнөткө чейин кирүүгө, чыгууга, алаймак аркылуу транзит менен жүрүүгө жана бул аймакта убактылуу болуугаукуктуу. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген болуу мөөнөтү жарандараймагына келген же транзит менен өткөн мамлекеттин мыйзамдарына жанаэрежелерине ылайык узартылышы мүмкүн. 2-статья. Тараптардын ар бири өз мамлекетинин мыйзамдарына жана эрежелеринеылайык экинчи Тараптын жаранын өзүнүн мамлекетинин аймагына киргизбейкоюуга же болбосо анын бул аймакта болуу мөөнөтүн кыскартууга укуктуу. 3-статья. Жарактуу дипломатиялык паспортторго ээ болгон жана экинчи Тараптынмамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жанаконсулдук мекемелердин кызматкерлери болуп эсептелген Тараптардын бири-нин мамлекетинин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү экинчи Тарап-тын мамлекетинин аймагына бүткүл иш мөөнөтүнүн аралыгында визасызкирүүгө, чыгууга жана ал аймакта болууга укуктуу. 4-статья. Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамле-кетинин аймагына эл аралык каттоолор үчүн ачылган контролдук-өткөрүүпункттары аркылуу кирүүгө, чыгууга жана транзит менен өтүүгө укуктуу. 5-статья. Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамле-кетинин чек арасын кесип өткөндө жана анын аймаганда болгон учурда булмамлекетте чет элдик жарандар үчүн аныкталган мыйзамдарга жана эреже-лерге баш ийүүгө тийиш. 6-статья. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланышкан бардыкталаш маселелер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу ме-нен чечилүүгө тийиш. 7-статья. Тараптар бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги-зиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жанаушул Макулдашуунун 8-статьясында каралган тартипте күчүнө кирүүчү ко-шумча протоколдор менен таризделет. 8-статья. 1. Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.Анын аракети Тараптардын бири бул Макулдашуунун колдонулушун токтотууганиеттенгендиги жөнүндө экинчи Тарапка билдиргенге чейин өз күчүндө калаберет. 2. Тараптардын ар бири жазуу жүзүндөгү билдирүүнү 90 (токсон) күнмурун жөнөтүү аркылуу бул Макулдашуунун колдонулушун каалаган убактатоктото алат. Мындай жагдайларда Тараптардын мамлекеттеринин аймактары-на мындан мурун кирген же ал аймакта болгон жарандарга карата алардыништөө мөөнөттөрү же мамлекеттин аймагында болууга уруксат берилгенмөөнөт аяктаганга чейин ушул Макулдашуунун жоболору колдонулат. Бишкек шаарында 2005-жылдын 8-мартында эки нускада, ар бири кыр-гыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн