Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-июну № 264 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 8-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамынын 16-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын нор-мативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын18-статьясына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатын-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2005-жылдын 8-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ор-тосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн виза-сыз режим белгилөө жөнүндө
Макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги пакистандык та-рапка Кыргыз Республикасы ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ке-ректүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жлрыялансын. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу М.Керимкулов