Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-декабрындагы № 267 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2005-жылдын 18-августу № 151 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 29-декабрындагы № 229, 2006-жылдын 29-декабрындагы № 231, 2007-жылдын 12-февралындагы № 14, 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 45 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынынишинин негизги принциптерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, мил-деттерин жана жоопкерчилигин аныктайт. I глава Жалпы жоболор 1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусу Кыр-гыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдикукуктук актылары менен аныкталат. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты (мындан ары -депутат) беш жылга шайланат. 2. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин алдында ант берген күндөн тартып башталат. 3. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин ыйгарым укуктарынын токтошу менен бирге ток-тотулат. 3-статья. Жогорку Кењештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси Депутаттын күбөлүгү анын инсандыгын жана ыйгарым укуктарын ыраста-ган, мамлекеттик бийликтин баардык органдарына, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарына, мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга жана аскербөлүктөрүнө тоскоолсуз кирүүгө укук берген негизги документ болуп сана-лат. Депутаттын статусу "Жогорку Кењеш" төш белгиси менен да ырасталат. Жогорку Кењештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жо-болор, алардын үлгүлөрү Жогорку Кењеш тарабынан бекитилет. 4-статья. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен сыйышпаган иш 1. Жогорку Кењештин депутаты бир эле убакта Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн мүчөлүк кызматын ээлей албайт же жергиликтүү кењештин депута-ты боло албайт. 2. Жогорку Кењештин депутаты судьянын, прокурордун кызматын ээле-ши, ошондой эле башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта турушумүмкүн эмес; ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун же-текчи органынын курамына же байкоочу кењешине кире албайт. 3. Жогорку Кењештин депутаты, эгерде мындай иш депутаттык милдет-терин аткарууга салакасын тийгизбесе, илимий-педагогикалык жана башкачыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү кызматта иштей албайт. 5-статья. Жогорку Кењештин депутатынын ишинин кызматтык, кесиптик жана башка милдеттерди аткаруу менен айкалышуусу 1. Жогорку Кењештин депутатын шайлоо округунда иштөө үчүн жанабашка учурларда бошотуунун тартиби "Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкта-лат. 2. Жогорку Кењештин депутаты ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө аскеркызматын өтөө жана аскердик жыйындарга баруу милдеттеринен бошотулат. 6-статья. Жогорку Кењештин депутатынын шайлоочулар менен өз ара мамилеси 1. Жогорку Кењештин депутаты Кыргыз Республикасында Мыйзам чыгаруубийлигин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү органдагы элдин ыйгарым укуктууөкүлү катары өзүнүн статусун жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жанамыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын ар-намысын жана ка-дыр-баркын коргоо үчүн пайдаланат. 2. Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн шайлоочуларынын алдында жооп-туу болот жана аларга отчет берип турат. 3. Жогорку Кењештин депутаты шайлоочулар, саясий партиялар жанааны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн коомдук бирикмелер, ошондойэле анын шайлоо округунун аймагында жайгашкан мамлекеттик органдар жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышта болуп турат. 7-статья. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жана алардан ажыратылышы 1. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учур-ларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: - ал депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндөарыз бергенде; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши таратылганда; - сот депутатты аракетке жөндөмсүз деп тапканда; - соттун аны дайынсыз жок же өлдү деп жарыялагандыгы жөнүндөгү че-чими мыйзамдуу күчүнө кирген учурларда; - ошондой эле депутат өлгөндө. 2. Жогорку Кењештин депутаты төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укукта-рынан ажыратылат: - ага карата соттун күнөө койгон өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; - депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен сыйышпаган ишкеөткөндө же андай ишти калтырбаганда; - шайлоо жараксыз деп табылганда; - Кыргыз Республикасынын чегинен тышка туруктуу жашоого кеткенде; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же Кыргыз Республи-касынын жарандыгын жоготкондо. 3. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу,ошондой эле аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу Кыргыз РеспубликасындаШайлоо жана референдумдар өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомуменен жүзөгө ашырылат. 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналыштарында бирсессия ичинде жүйөөлүү себептерсиз дайыма катышпагандыгы үчүн ЖогоркуКењештин депутаты "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламентижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ЖогоркуКењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алын-ган чечими боюнча депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылат. II глава Депутаттын Жогорку Кењештеги иши 8-статья. Жогорку Кењештин депутатынын негизги милдеттери 1. Жогорку Кењештин депутаты жыйналыштарда саясий көп түрдүүлүкпринциптеринде жана эркин, жамааттык талкуулоонун негизинде Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясына ылайык анын карамагына кирген маселелердикарайт. 2. Жогорку Кењештин депутаты Жогорку Кењештин жыйналыштарына каты-шууга милдеттүү. Жогорку Кењештин жыйналышына жүйөөлүү себеп боюнча ка-тышууга мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө депутат Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Төрагасына күн мурдатан кабарлайт. 3. Жогорку Кењештин депутаты өзү мүчөсү болгон комитеттин, комис-сиянын жыйналыштарына катышууга милдеттүү. 9-статья. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары 1. Жогорку Кењештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу: 1) бардык талкууланып жаткан маселелер боюнча тийиштүү түрдө Жо-горку Кењештин, өзү мүчөсү болгон комитеттин жана комиссиянын жыйналыш-тарында добуш берүүгө; 2) Жогорку Кењештин ар кандай кызмат ордуна жана органдарына шай-лоого жана шайланууга; 3) Жогорку Кењеш тарабынан түзүлүүчү органдардын жекече курамы жа-на Жогорку Кењеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кыз-мат адамдарынын талапкердиктери боюнча ой-пикирин айтууга; 4) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жана Жогорку Кењештин кароо-суна киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кењеште каралууга тийиш болгон че-немдик укуктук актылар боюнча сунуштар киргизүүгө; 5) талкуулоо үчүн Жогорку Кењештин жыйналышында маселелерди сунушкылууга, аларды негиздөөгө, күн тартиби боюнча, жыйналышты алып баруутартиби боюнча, жол-жобо жана башка маселелер боюнча сунуштар кир-гизүүгө жана сын-пикирлерин айтууга; 6) талкууланып жаткан бардык маселелер боюнча жарыш сөздөргө каты-шууга, билдирүү жасоого, реплика жасоого, добуш берүүнүн себеп-жүйөөсүбоюнча чыгып сүйлөөгө, оозеки жана жазуу жүзүндө сунуштар, сын-пикир-лер, түзөтүүлөр киргизүүгө; 7) Жогорку Кењештин жыйналышында ар кандай мамлекеттик органдын жеболбосо Жогорку Кењеш шайлаган же өзүнүн контролдугу астындагы кызматадамынын, ошондой эле алардын мыйзамдарды жана Жогорку Кењештин чечим-дерин аткаруусу жөнүндө отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш кир-гизүүгө; 8) Жогорку Кењешке жана анын органдарына мамлекеттик органдардынжана коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардынКыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруусун текшерүүнү жүргүзүүнүнзарылдыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин карамагынакирген маселелер боюнча депутаттык иликтөөлөр жүргүзүү жөнүндө сунушкиргизүүгө; 9) баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга, ошондой эле жый-налышта төрагалык кылуучуга суроолор берүүгө; 10) Жогорку Кењештин жыйналышында жарандардын коомдук мааниге ээболгон кайрылууларын жарыялоого; 11) өзүнүн айтылбай калган сөзүнүн текстин жыйналыштын стенограм-масына киргизүү үчүн төрагалык кылуучуга өткөрүп берүүгө; 12) Жогорку Кењештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын сте-нограммаларындагы жана протоколдорундагы өзүнүн чыгып сүйлөгөнсөздөрүнүн тексттери менен жарыяланганга чейин таанышууга; 13) Жогорку Кењештин жыйналыштарына, ошондой эле анын комитеттерименен комиссияларынын жыйналыштарына, ал эми зарыл болгон учурда-мамле-кеттик бийлик органдарынын өзү койгон маселелер каралып жаткан жыйна-лыштарына катышууга; 14) өздөрү мүчө болбогон комитеттер менен комиссиялардын жыйналыш-тарына катышууга, сунуштарды киргизүүгө, кењешчи добуш берүү укугу ме-нен маселелерди жана чечимдерди кабыл алууга акылуу; 15) катталган мыйзамдардын долбоорлорунун, Өкмөттүн жана башкамамлекеттик органдардын токтомдорунун долбоорлорунун көчүрмөлөрүн,ошондой эле Жогорку Кењеш кабыл алган чечимдердин жана башка документ-тердин көчүрмөлөрүн алууга; 16) суроо-талаптар менен аткаруу бийлигинин органдарына кайрылуу-га; 17) өзүнүн депутаттык ишинин маселелери боюнча айына кеминде биржолу мамлекеттик радиону жана телекөрсөтүүнү акысыз пайдаланууга. 2. Депутат тарабынан Жогорку Кењештин жыйналышында киргизилген су-нуштар менен сын-пикирлер ченемдик укуктук актыларды бышыктап иштеп чы-гууда жана кабыл алууда каралат жана эске алынат. 3. Депутаттардын аталган жана башка укуктарын жүзөгө ашыруусунунтартиби ушул Мыйзамдын башка статьялары, "Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешинин Регламенти жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын башка мый-замдык актылары менен белгиленет. 10-статья. Жогорку Кењештин депутатынын мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу Депутаттын мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу төмөнкүдөй фор-мада ишке ашырылышы мүмкүн: - жањы мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө маселекоюу; - Жогорку Кењештин кароосуна Кыргыз Республикасынын жањы мыйзамда-рынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынөзгөртүүлөр жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун киргизүү"; - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка че-немдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү сунуштар. 11-статья. Жогорку Кењештин депутатынын фракцияларга жана депутаттык топторго биригүү укугу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлү болгон депутат-тар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде фракцияларды түзүү укугунаээ. Фракцияларга кирбеген депутаттар депутаттык топторду түзүүгө акы-луу. Депутаттык бирикмелердин (фракциялардын, депутаттык топтордун) би-рине да кирбеген же болбосо депутаттык бирикмеден (фракциядан, депутат-тык топтон) чыгып кеткен Жогорку Кењештин депутаттары кийин депутаттыкбирикменин (фракциянын, депутаттык топтун) макулдугу менен алардын кай-сынысына болсун кире алышат. 12-статья. Депутаттык суроо-талап 1. Жогорку Кењештин депутаты аткаруу бийлик органдарына жана алар-дын кызмат адамдарына суроо-талап коюу укугуна ээ болушат, алар су-роо-талапка бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү. 2. Депутаттык суроо-талап жазуу жүзүндө болот. Эгер ал Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин жыйналышында киргизилсе, депутат же анынөтүнүчү боюнча Жогорку Кењештин жыйналышында төрагалык кылуучу су-роо-талапты жарыялайт. 3. Депутаттардын жазуу жүзүндөгү же Жогорку Кењештин жыйналышыубагында оозеки айткан аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызматадамдарына карата суроо-талаптары депутаттын жеке өзү тарабынан түзүлөтжана ага депутат өзү кол коет. 4. Депутаттык суроо-талапка ушул статьянын биринчи бөлүгүндө бел-гиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп алынбаган учурда жооптун ке-чигүүсүнө күнөөлүү органдын өкүлү же кызмат адамы түшүндүрмө берүү үчүнЖогорку Кењештин жыйналышына чакырылышы мүмкүн. 5. Кызмат адамы, эгерде бериле турган маалымат мамлекеттик же ас-кердик сырды камтыса, суроо-талап жазуу жүзүндө жооп кайтаруудан баштартууга акылуу. 6. Министрликтердин, ведомстволордун жана менчигинин түрүнө кара-бастан уюмдардын, аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ти-йиштүү комитеттеринин суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењеши кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышынтекшерүү үчүн зарыл болгон материалдарды берүүгө, аны жүзөгө ашырууүчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Текшерүүчүлөр объекттерге тоскоолсуз кирүү, мыйзамдар менен чечим-дерди турмушка ашыруу боюнча жетекчилер көргөн иш-чаралар менен тааны-шуу укугуна ээ болушат. 7. Жогорку Кењештин депутаты суроо-талапка мамлекеттик органдардынже кызмат адамдарынын берген жоопторуна баа берүүгө акылуу. ЖогоркуКењештин депутаттарынын 1/5 бөлүгүнүн кем эмеси колдогон талабы боюнчадепутаттык суроо-талапка байланыштуу маселе күн тартибине киргизилет.Талкуулоонун натыйжасы боюнча токтом кабыл алынат. Суроо-талап, ага бе-рилген жооп, суроо-талапты кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынганКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтому жалпыга маалымдоо ка-ражаттарында жарыяланууга тийиш. 13-статья. Жогорку Кењештин жыйналышында депутаттын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароо 1. Жогорку Кењештин жыйналышында депутат тарабынан айтылган жетөрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берилген сунуштар менен сын-пикирлерЖогорку Кењештин жыйналышында же анын органдары тарабынан каралат жеболбосо алар тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын жана коомдук бирикме-лердин кароосуна жөнөтүлөт. 2. Депутаттардын сунуштары менен сын-пикирлери жөнөтүлгөн мамле-кеттик органдар, ошондой эле кызмат адамдары аларды бир айлык мөөнөттөнкечиктирбестен кароого жана натыйжалары жөнүндө депутатка жана ЖогоркуКењешке кабарлоого милдеттүү. 3. Депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин каралышына жа-на ишке ашырылышына контролдукту комитеттер, комиссиялар жана ЖогоркуКењештин Аппараты жүзөгө ашырышат. 14-статья. Жогорку Кењештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга депутаттын катышуусу Жогорку Кењештин депутаты Жогорку Кењештин же анын органдарынынтапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мамлекеттик орган-дардын жана коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюм-дардын аткаруусун текшерүүгө катышат. Текшерүүлөрдүн натыйжаларыжөнүндө Жогорку Кењешке же анын органдарына маалымдайт. Зарыл болгонучурда табылган кемчиликтерди жоюу, мыйзамсыз чечимдерди бузуу, мыйзам-ды же башка ченемдик актыларды бузууга жана Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин токтомун аткарбоого жол берген адамдарды жоопко тартуужөнүндө сунуштар киргизет. 15-статья. Депутаттык иликтөө Жогорку Кењештин депутаттарынын, комитеттеринин же депутаттык би-рикмелердин (фракциялардын, депутаттык топтордун) демилгеси боюнча Жо-горку Кењештин ыйгарым укуктарына тиешелүү ар кандай маселе боюнча де-путаттык иликтөө жүргүзүлсө болот. Баардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары депутаттыкиликтөө жүргүзүлүшүнө зарыл түрдө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алар Жо-горку Кењештин депутаттарынын же иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссия-нын талабы боюнча маселени объективдүү түрдө иликтеп чыгууга зарыл маа-лыматтарды жана документтерди тоскоолдуксуз берүүгө милдеттүү. Депутат-тык иликтөө жүргүзгөн депутаттарга түшүндүрмө берүүдөн эч кимдин качуу-га укугу жок. III глава Жогорку Кењештин депутатынын шайлоо округундагы иши 16-статья. Жогорку Кењештин депутатынын шайлоо округундагы иши менен байланышкан ыйгарым укуктары Жогорку Кењештин депутаты өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мак-сатында төмөнкүлөргө укуктуу: 1) шайлоочулар менен жолугушуп турууга; 2) шайлоочулар менен жолугушууларга катышууга мамлекеттик мекеме-лердин жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын чакыруу-га; 3) шайлоочулардын кызыкчылыктарына тиешелүү ар кандай маселелердимамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында кароодо катышууга; 4) Жогорку Кењештин мыйзамдарынын жана токтомдорунун аткарылышынконтролдоого; 5) мамлекеттик органдарга жана коомдук бирикмелерге, ишканаларга,мекемелер менен уюмдарга өздөрү жиберген жарандардын сунуштарын, арыз-дарын жана даттанууларын контролдоого, аларды кароого өзү катышат. Мам-лекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюм-дардын кызмат адамдары депутатка анын контролдоп жаткан ишине жардамберүүгө милдеттүү; 6) округдун шайлоочуларынын чогулуштарын же конференцияларын, эм-гек жамааттарынын, саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердинөкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүүгө; 7) бардык ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолсузкирүүгө. Иши мамлекеттик сырды сактоо менен байланышкан ишканаларда,мекемелерде жана уюмдарда болуу тартиби мыйзамдар менен белгиленет; 8) депутаттардын, шайлоочулардын ар кандай бирикмелеринин, коомдукжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине, эмгек жамаат-тарынын, турган жери боюнча жарандардын жана аскердик бөлүктөр боюнчааскер кызматчыларынын чогулуштарына катышууга. 17-статья. Жогорку Кењештин депутатынын мыйзамдуулук бузулушун четтетүүгө талап коюу укугу 1. Жарандардын укуктары жана мыйзам аркылуу корголгон кызыкчылык-тары же башка мыйзамдуулук бузулган учурда депутат мыйзам чыгаруу бий-лигинин өкүлү катары жеринде андай мыйзам бузуу фактыларын токтотуунуталап кылууга, ал эми зарыл учурларда тиешелүү органдарга жана кызматадамдарына мындай фактыларга бөгөт коюу талабы менен кайрылууга укук-туу. Бузуу фактысы депутат тарабынан же анын талабы боюнча тиешелүүукук коргоо жана контролдоо органдарынын өкүлү тарабынан түзүлгөн про-токолдо белгилениши мүмкүн. 2. Депутат талап коюп кайрылган мамлекеттик органдардын кызматадамдары, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердинжетекчилери, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияла-ры, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдуулук бу-зулган фактыларды жоюу үчүн, зарыл учурда күнөөлүүлөрдү жоопко тартууүчүн токтоосуз чара көрүүгө, кийин ал жөнүндө депутатка кабарлоого мил-деттүү. Мыйзамдуулук бузулушун жоюу боюнча чара көрүлбөгөн учурда кыз-мат адамдары мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат. 18-статья. Жогорку Кењештин депутаты тарабынан жарандардын сунуштарын, арыздарын, даттанууларын кароо Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектериндежана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу белгиленген тартипте жа-на мөөнөттө сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын алып кароого,аларга жооп берүүгө жана зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. 19-статья. Жогорку Кењештин депутатынын шайлоо округундагы ишине көмөк көрсөтүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жанауюмдардын жетекчилери Жогорку Кењештин депутатына шайлоочулар менен жо-лугушуу үчүн шарт түзүп берүүгө, мындай жолугушуулардын убактысын жанаөтүүчү жерин кабарлоого, башка зарыл жардамдарды берүүгө жана депутатталап кылган маалыматты берүүгө милдеттүү. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Жогорку Кењешке шайланган депутаттарга има-рат-жай бөлүп берүүгө жана аларды шайлоочуларды кабыл алуу жана жыйын-дарды өткөрүү үчүн күтүүгө милдеттүү. 20-статья. Жогорку Кењештин депутатынын шайлоочулар алдында отчет берүүсү 1. Жогорку Кењештин депутаты округдун шайлоочуларынын алдындаөзүнүн иши жана шайлоо алдындагы программасынын аткарылышынын жүрүшүжөнүндө жылына бир жолдон кем эмес отчет берүүгө милдеттүү. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жалпыга маалымдоо каражаттарында ЖогоркуКењештин депутатынын отчетторун жарыялоону камсыз кылат. IV глава Жогорку Кењештин депутатынын депутаттык ишинин негизги кепилдиктери 21-статья. Мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укуктарынын ишке ашырылышынын кепилдиктери Жогорку Кењештин депутатынын мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү уку-гу: - мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү тартибинде киргизилген сунуш-тарды Жогорку Кењештин жыйналышында милдеттүү түрдө кароо жана төмөнкүчечимдердин бирин: мыйзамды кабыл алуу, жањы мыйзамдын долбоорун иштепчыга баштоо, сунуш кылынган мыйзам долбоорун тийиштүү комитеттерге жанакомиссияларга кайра иштеп чыгууга жөнөтүү, мыйзам чыгарууга демилгекөтөрүүнү негиздүү түрдө четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен; - сунуштарды, ошондой эле мыйзам долбооруна депутат киргизген бар-дык оњдоолорду жана толуктоолорду милдеттүү түрдө добушка коюу мененкепилдик берилет. 22-статья. Жогорку Кењештин депутатынын кызмат адамдары тарабынан токтоосуз кабыл алынууга укуктуулугу Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн депутаттык ишин жүзөгө ашыруудамамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелер-дин жетекчи жана кызмат адамдары тарабынан токтоосуз кабыл алынуу уку-гунан пайдаланат. 23-статья. Жогорку Кењештин депутатынын мамлекеттик бийликтин башка өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышуу укугу Жогорку Кењештин депутаты мамлекеттик бийликтин башка өкүлчүлүктүүоргандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинекењеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу. 24-статья. Жогорку Кењештин депутатынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнө суроо менен кайрылуусу Депутат, депутаттар тобу Премьер-министрге жана Өкмөт мүчөлөрүнөсуроолор менен кайрылууга укуктуу. Жогорку Кењештин жыйналышында зарылдыгына жараша же Жогорку Кењеш-тин депутатынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнмүчөлөрүнүн, административдик ведомстволорунун жетекчилеринин, облас-тардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин Жо-горку Кењештин депутаттарынын берген суроолоруна жооп берүүсү үчүн айы-на бир жолу "өкмөттүк күн" өткөрүлөт. Суроо жазуу жүзүндө депутат же депутаттар тобу тарабынан ЖогоркуКењештин тиешелүү комитеттерине мурдатан берилет, мунун өзү Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү мүчөсүн чакырууга негиз болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын чакырылган Өкмөт мүчөсүнүн ЖогоркуКењештин жыйналышына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анда ал берилген су-роого милдеттүү түрдө алдын ала жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. Кыр-гыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн жообу Жогорку Кењештин жыйналышынатөрагалык кылуучу тарабынан депутаттарга кабарланат. 25-статья. Жогорку Кењештин депутатынын кайрылууларын кароо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери 1. Кызмат адамы депутаттын кайрылуусуна бир айдын ичинде жоопберүүгө милдеттүү. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун ка-рамагындагы маселелер боюнча депутаттардын кайрылуулары ушул органдартарабынан каралат. Карала турган күн депутатка алдын ала билдирилет. 26-статья. Жогорку Кењештин депутатынын маалымат алуу жана таратуу укугу 1. Жогорку Кењештин Төрагасы депутаттарды Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин документтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту,башка мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер тарабынан расмийтүрдө таратылган маалыматтык жана маалымкат материалдар менен камсызкылат. 2. Мамлекеттик бийлик органдары, өз алдынча башкаруу органдары,коомдук бирикмелер, ошондой эле кызмат адамдары Жогорку Кењештин депу-таты кайрылган учурда аларды депутаттык ишке байланышкан маселелер бо-юнча адистердин консультациялары менен камсыз кылууга, керектүү маалы-маттарды токтоосуз берүүгө милдеттүү. 3. Жогорку Кењештин депутаты депутаттык ишин камсыз кылуу үчүншайлоо округунун аймагында жайгашкан мамлекеттик ишканалардын, мекеме-лердин жана уюмдардын көчүрмө-көбөйтүүчү жана эсептөө-электрондук тех-никасын пайдаланууга укуктуу. 4. Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн депутаттык ишинин маселелерибоюнча телекөрсөтүүдө, радиодо жана башка жалпыга маалымдоо каражатта-рында акысыз чыгып сүйлөөгө артыкчылыктуу укукка ээ болот. Депутаттарберген материалдарга анын макулдугусуз өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизүүгө жол берилбейт. 27-статья. Депутаттын эмгектик укуктарынын кепилдиктери 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кењештиндепутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын туруктуу негизде иштеген ЖогоркуКењеште жүзөгө ашырат. 2. Жогорку Кењештин депутатына ыйгарым укуктарынын мөөнөтүбүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Өкмөттүн мүчөсүкызматынан жана башкаруу органдарындагы шайлануучу кызматтан тышкарымамлекеттик мекемелердеги, ишканалардагы жана уюмдардагы мурда аткарыпкелген иши (кызмат орду) берилет, ал эми мурдагы кызматынын жоюлушу жеишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жоюлушуна байланыштуу мындаймүмкүнчүлүк болбосо, ошол эле ишканада, мекемеде жана уюмда же болбосодепутаттын макулдугу менен бөлөк ишканада, мекемеде, уюмда мурдагысынатете башка иш же кызмат орду берилет. 3. Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкер-леринин ичинен болгон Жогорку Кењештин депутатына ээлеген кызматынаылайык кезектеги аскердик же атайын наам ыйгаруу кечиктирилиши мүмкүнэмес. 4. Ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктагандан кийин эмгекке орноштуруумезгилинде туруктуу негизде иштеген Жогорку Кењештин депутатынын орточоэмгек акысы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты айданашпаган мезгилге сакталат. 5. Жогорку Кењештин депутатынын депутаттык милдеттерин аткаруу ме-нен байланыштуу алар шайланган тиешелүү областтын, болбосо Бишкек шаа-рынын аймагынан тышкары жашаган убактысы, эгерде ал шайланганга чейиношол жерде жашаса, көрсөтүлгөн административдик аймактарда туруктуу жа-шаган убакыт болуп эсептелинет. 28-статья. Жогорку Кењештин депутатынын иммунитети Жогорку Кењештин депутаты кол тийбестик укугуна ээ. Ал депутаттыкишине байланыштуу айткан пикири же Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешине добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынууга тийишэмес. Депутат кылмыш кылып жаткан жеринде үстүнөн чыккандан башка учур-ларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши же жеке текшерилишимүмкүн эмес. Депутатты жазык, ошондой эле сот тартибинде берилчү адми-нистративдик жоопкерчиликке тартууга Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин макулдугу менен гана жол берилет. 2. Депутаттын кол тийбестиги анын турак жайына, кызматтык башпаа-насына, багажына, жеке жана кызматтык транспорт каражаттарына, жазышканкат-кабарына, пайдаланган байланыш каражатына, ошондой эле ага таандыкдокументке жайылтылбайт. 3. Жогорку Кењештин депутаты кылмыш кылып жаткан жеринде үстүнөнчыккандан башка учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши, су-ракка алынышы же жеке текшерилиши мүмкүн эмес. Мындай учурларда КыргызРеспубликасынын Башкы прокурору үч сутканын ичинде Жогорку Кењештин де-путатын жазык жообуна тартууга макулдук алыш үчүн сунуштама берет. Жо-горку Кењеш Башкы прокурордун сунуштамасын үч сутка ичинде кезексизтартипте карайт. Эгерде Жогорку Кењеш Башкы прокурордун сунуштамасын үчсутка ичинде карай элек болсо, депутат Жогорку Кењештин депутаттарынынбир тобунун кепилдиги менен бошотулууга тийиш. 29-статья. Жогорку Кењештин депутатын жазык же административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн макулдук берүүнүн тартиби Жогорку Кењештин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасы-нын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн. Жазык иштери боюнча депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөмаселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча,административдик укук бузуулар, жеке айыптоо иштери боюнча ишти карапжаткан судьянын сунуштамасынын негизинде чечилет. Жогорку Кењештин депутатын жазык жоопкерчилигине, ошондой эле соттартибинде берилүүчү административдик жоопкерчиликке тартууга макулдукалыш үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ишти кароочу судьяЖогорку Кењешке сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, депутатты кол тийбес-тиктен ажыратууга байланыштуу жеке айыптоо ишин караган судьянын сунуш-тамасын караш үчүн "Регламент жөнүндө" Мыйзамда каралган тартиптеиликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия (мындан ары - комиссия)түзүлөт. Комиссия сунуштаманы бир айлык мөөнөттөн кечиктирбей карайт. За-рылчылык болсо, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан жана соттон(судьядан) кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн. Депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө маселени караган учур-да комиссия маселеси чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын өкүлүн жеарыз берүүчүнү (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү. Иликтөө боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле депутаттыкол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө чечимдин долбоору түзүлгөндөн жанажарыя айтылгандан кийин ал Жогорку Кењештин жакын арадагы жыйналышынынкүн тартибине киргизилет. Бул маселени караган учурда, ошондой эле чечимдин берилген долбоо-рунда сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, аларга бааберүү же тактоо менен гана чектелет. Чечим долбоору боюнча жарыш сөзгөкомиссиянын баяндамачысы, Жогорку Кењештин маселеси чечилип жаткан де-путаты катышат. Эгерде ага Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын добушта-рынын үчтөн экиден кем эмеси берилсе, Башкы прокурордун же соттун су-нуштаманы канааттандыруу чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Чечим Жо-горку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурулуат. Башкы прокуратура, сот Жогорку Кењештин жүйөсү келтирилген токтомутууралу үч күндүк мөөнөттө кабардар кылынат. Эгерде негиздери табылса, Жогорку Кењеш өз чечимин кайра карайалат. Эгерде Жогорку Кењеш Башкы прокурордун же соттун сунуштамасын үчай ичинде канагаттандырбаса, анда сунуштама четке кагылды деп эсептели-нет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же соту (судьясы) иш боюнчаөндүрүш бүткөндөн тартып үч күндүк мөөнөттө иликтөөнүн же ишти кароонунжыйынтыктары тууралу Жогорку Кењешке билдирүүгө милдеттүү. Жогорку Кењештин депутатын кол тийбестиктен ажыратууга макулдукберүүдөн Жогорку Кењештин баш тартышы жазык иши боюнча өндүрүштү же соттартибинде берилүүчү административдик жоопкерчиликти кароочу админист-ративдик укук бузуулар боюнча өндүрүштү болтурбоочу жагдай болуп эсеп-телет. Депутаттын кол тийбестигин бузган адамдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат. 30-статья. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн депутатты материалдык-финансылык шарттар менен камсыз кылуу 1. Жогорку Кењештин депутатынын жумушу, ошондой эле анын парла-менттик ишине байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинентөлөнөт. 2. Депутаттын эмгек акысынын өлчөмү жана шарттары Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењештин тарабынан аныкталат. 3. Жогорку Кењештин депутаты чыгармачылык иш үчүн акыдан тышкарыкандайдыр бир башка акы ала албайт. Чыгармачылык иши үчүн акы деп ис-кусство чыгармалары жана аларды аткаруу үчүн, жарыкка чыккан макалаларыжана китеби үчүн, радио жана телеберүүлөрдөгү чыгып сүйлөгөн сөздөрүүчүн төлөнүүчү автордук гонорар, ошондой эле Жогорку Кењештин, анын ко-митеттери менен комиссияларынын жыйналыштарынан тышкары убактагы или-мий-педагогикалык жана консультациялык иши үчүн төлөнүүчү акы эсептели-нет. 31-статья. Жогорку Кењештин депутатын медициналык тейлөө менен камсыз кылуу Жогорку Кењештин депутатына Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүүчүн белгиленген шартта медициналык тейлөө камсыз кылынат. 32-статья. Депутаттык милдеттер менен байланышкан кошумча каражаттар Жогорку Кењештин депутатына парламенттик ишке байланышкан кењсе-лик, почта, телефон-телеграфтык, транспорттук жана башка чыгымдар үчүнкошумча каражаттар бөлүнөт, аларды төлөөнүн өлчөмү жана тартиби ЖогоркуКењеш тарабынан белгиленет. 33-статья. Депутаттын өргүүгө чыгышы Жогорку Кењештин депутатына жыл сайын узактыгы 30 жумушчу күнүнөсозулган акы төлөнүүчү өргүү белгиленет. Өргүүгө акы төлөөнүн тартибиЖогорку Кењеш тарабынан белгиленет. Жогорку Кењештин депутатына өргүүгөчыгуу сессия өзүнүн жумушун аяктагандан кийин берилет. 34-статья. Депутаттын акысыз жол жүрүү укугу 1. Жогорку Кењештин депутаты Кыргыз Республикасынын аймагында так-сиден башка бардык мамлекеттик жүргүнчү унааларынан акысыз пайдалануу-га, ошондой эле жол жүрүү документтерин кезексиз алууга укуктуу. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар ЖогоркуКењештин депутатын депутаттык милдеттерин аткарууда жол жүрүшү үчүнунаа менен камсыз кылууга милдеттүү. 35-статья. Депутатты турак жай менен камсыз кылуу Бишкек шаарында турак жайы жок Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин депутаты ыйгарым укуктары башталган күндөн тартып кызматтык ту-рак жай менен камсыз кылынат же ага турак жай жалдоо үчүн Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акчалай каражат бери-лет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги N 45 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 36-статья. Жогорку Кењештин депутатынын жумушун уюштуруу 1. Жогорку Кењештин депутатынын жумушун уюштурууну Жогорку Кењеш-тин Аппараты жүзөгө ашырат, ал депутаттарды кызматтык жайлар, зарылтехникалык каражаттар, байланыш каражаттары, ошондой эле унаа менентейлөөнү камсыз кылат. 2. Депутат мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча атайын адабият ме-нен, керектүү маалыматтык материалдар жана мезгилдүү басылмалар мененкамсыз кылынат. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары Жогорку Кењештин депутаты депутаттык ыйгарымукуктарын жүзөгө ашырыш үчүн башпаана беришет. Депутат мейманканаданкезексиз номер алганга укуктуу. 4. Жогорку Кењештин депутаты чет өлкөгө барганда дипломатиялыкпаспорттон пайдаланышат, ал эми Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгүдипломатиялык өкүлчүлүктөрү аларга зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгөтийиш. 37-статья. Депутаттын депутаттык ишке байланыштуу тышкы сапарлары учурундагы чыгымдарынын ордун толтуруу Депутаттык ишке байланыштуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыиш сапарына чыккан Жогорку Кењештин депутатынын чыгымынын ордун толту-руу ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдөжүргүзүлөт. 38-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендик үчүн жоопкерчилик Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн депутаттык ишин аткарып жатканучурда мазактоо, ошого тете депутат тууралу ушак айтуу же болбосо анындепутаттык иши жөнүндө бурмаланган маалымат таратуу Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. 38-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын социалдык жактан коргоо 1. Депутаттык ыйгарым укуктарын аткарышына байланыштуу Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин депутаты курман болгон учурда же депу-таттык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жарадар болгондон, жара-кат алгандан, оорунун кесепетинен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийинкөз жумганда каза болгондун (өлгөн адамдын) үй-бүлөсүнө жана анын ба-гуусундагыларга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каража-тынан каза болгондун (өлгөн адамдын) багуусундагыларга жыйырма жолкубир жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет. Эмгек акы дегенге жылдын толук календарлык мезгилинин ичинде депу-тат тарабынан алынган орточо эмгек акысы, бардык кошумчалар, компенса-циялар, сыйакылар жана башка төлөмдөр кирет. Депутаттык милдеттерин биркалендарлык жылдан азыраак аткарган учурда шарттуу эсептешүү толук ка-лендарлык жылдын ичинде депутат алууга тийиш болгон болжолдуу төлөмдөр-дүн негизинде жүргүзүлөт. 2. Ушул статьянын Жобосу 2005-жылдын январынан тартып келип чыкканмамилелерге жайылтылат. 39-статья. Жогорку Кењештин депутатына, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башка туугандарына укукка жат таасир көрсөткөндүк үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатына, анын үй-бүлөмүчөлөрүнө жана башка туугандарына, депутаттык ишин токтотуу же анынмүнөзүн өзгөртүү максатында зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм депкоркутуу түрүндө укукка жат таасир көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. 39-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын расмий өтүн-мөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына өмүрбою пайдаланганга энчилүү курал берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган ал куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты Кыргыз Республи-касынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте берет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-февралындагы N 14 Мыйзамы-нын редакциясына ылайык) V глава Корутунду жоболор 40-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандык үчүн жоопкерчилик Жогорку Кењештин депутатынын мыйзамдуу талаптарын мамлекеттик бий-лик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкана-лардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин кызмат адамдарыжана башка кызматчылары аткарбаса, же болбосо аларга депутаттык иштижүзөгө ашырууда тоскоолдуктар түзүлсө, ошого тете аларга көз көрүнөөжалган маалымат берилсе, же Жогорку Кењештин депутатынын талаптарынажана кайрылуусуна маалымат жана жооп берүүнүн ушул Мыйзамда белгиленгенмөөнөттөрү жана тартиби сакталбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-да каралган жоопкерчиликке алып келет. 41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө 1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-нын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомост-тору, 1997-ж., N 4, 157-ст.); - "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-нын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1998-ж., N 8, 256-ст.); - "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-нын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1999-ж., N 5, 255-ст.); - "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-нын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1999-ж., N 12, 541-ст.). (КР 2006-жылдын 29-декабрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган