КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 101 Мыйзамы менен ратификацияланган Душанбе шаары2004-жылдын 26-майы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда ынак коњшулаштык жана өнөктүк мамилелер жөнүндө КЕЛИШИМ Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы, мындан ары Ма-кулдашуучу Тараптар деп аталышып, Макулдашуучу Тараптардын элдеринин ортосундагы достуктун жана ынаккоњшулаштыктын түпкү адаттарына негизденишип, 1996-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Та-жикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттер аралык мамилелердин не-гиздери жөнүндө Келишимди жетекчиликке алышып, Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматта-шуусунун сапатын жањыртууга умтулушуп, өз ара урматтоонун, ишенимдин, макулдуктун жана тењ укуктуулуктуннегизинде ынак коњшулаштыкты бекемдөө кош тараптуу көп пландуу кызмат-ташууну мындан ары өнүктүрүүгө негиз болооруна жана Макулдашуучу Тарап-тардын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп береерине азыртадан ишени-шип, кызматташуунун өз ара макулдашылган багыттары боюнча өнөктүк мами-лелерди орнотуу Макулдашуучу Тараптардын социалдык жана экономикалыкөсүш кызыкчылыгында күч-аракеттерди бириктирүүгө жол берет деп эсепте-шип, региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, улуттуккоопсуздуктун жањы коркунучтарына биргелешип каршы туруу маселелери бо-юнча Макулдашуучу Тараптардын өз ара иш-аракеттерин терењдетүү керекти-гине таянышып, эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына жана принциптеринеөздөрүнүн умтулгандыгын кайрадан ырасташып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. 1. Макулдашуучу Тараптар ынак коњшулаштык, өнөктүк жана өз арапайда көрүү принциптеринин негизинде саясий, экономикалык, аскердик,социалдык, илимий, технологиялык, маданий, гуманитардык жана башка тар-мактарда көп пландуу кызматташууну мындан ары улантуу, күчөтүү жанаформалары менен механизмдерин жакшыртуу максатында өздөрүнүн көп кырдуумамилелерин өнүктүрүшөт. 2. Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин ортосунда өз аратүшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөгө көмөктөшүшөт. 2-статья. 1. Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы кызматташуу мамлекеттердинэгемендүү тењ укуктуулугун сактоо, көз карандысыздык, бири-биринин ичкииштерине кийлигишпөө, өз ара пайда көрүү, өздөрүнө алган милдеттенме-лерди ыктыярдуу жана ак ниет аткаруу принциптерине ылайык жүргүзүлөт. 2. Макулдашуучу Тараптар эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу, ка-гылышууларды болтурбоо жана мамлекеттердин ортосунда эл аралык укуктунсакталышы үчүн бардык күч-аракеттерин жумшашат. 3-статья. Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон эл аралык уюмдардын, би-ринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында керек болгон учурда өзпозицияларын жакындаштыруу жана бул уюмдардын алкагында кабыл алынганчараларды эффективдүү ишке ашыруу максатында бири-бирине консультацияберишет. 4-статья. Макулдашуучу Тараптар тийиштүү консультацияларды жүргүзүшүп, өзара кызыкчылык туудурган негизги эл аралык проблемалар жана маселелербоюнча тыгыз кызматташышат. 5-статья. Макулдашуучу Тараптар экинчи Макулдашуучу Тарапка каршы багыттал-ган куралдуу коркунучту жана башка каршы иш-аракеттерди жүргүзүү макса-тында өз аймагын башка мамлекеттер же адамдардын топтору тарабынан пай-даланышына жол бербөөгө милдеттенишет. 6-статья. Макулдашуучу Тараптардын биринин пикири боюнча коркунуч туудурганже тынчтыкты бузган же анын коопсуздугунун кызыкчылыктарын козгогонабал пайда болгон учурда, бул Макулдашуучу Тараптар мындай абалды жөнгөсалуу боюнча жалпы позицияларды иштеп чыгуу үчүн консультацияларды те-зинен өткөрүү өтүнүчү менен экинчи Макулдашуучу Тарапка кайрыла алат. 7-статья. Макулдашуучу Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара районундатуруктуулукту, бейпилдикти бекемдөө жана ишеним чараларын ишке ашыруумаселелери боюнча тыгыз кызматташышат. 8-статья. Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон эл аралык келишимдергеылайык аскер тармаганда тыгыз кызматташышат. 9-статья. Макулдашуучу Тараптар эл аралык терроризм, экстремизм, уюшулганкылмыштуулук, наркобизнес, мыйзамсыз миграция жана улуттук коопсуздук-тун башка коркунучтары менен күрөшүүдө тыгыз кызматташышат. Бул максаттарда Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн укук коргоо орган-дарынын кызматташуусун уюштурушат. 10-статья. Макулдашуучу Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо зарылдагын моюнга алы-шып, бул тармакта тыгыз кызматташышат жана эл аралык жана регионалдыкдењгээлде биргелешкен иш-аракеттерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө милдетте-нишет. 11-статья. Макулдашуучу Тараптар өз ара экономикалык интеграцияны терењдетүүүчүн шарт түзүшөт. 12-статья. 1. Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон эл аралык келишимдергеылайык суу объектилерин, суу-энергетика ресурстарын жана суу чарба ку-рулуштарын үнөмдүү жана өз ара пайдалуу колдонуу тармагында макулдашыл-ган иш-аракеттерди ишке ашырышат. 2. Макулдашуучу Тараптар эл аралык укук нормаларын, МакулдашуучуТараптардын улуттук мыйзамдарын жана кызыкчылыктарын эске алып, регион-догу суу-энергетика маселелери боюнча позицияларын жакындатуу боюнчакош тараптуу консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. 13-статья. 1. Макулдашуучу Тараптар кадрларды даярдоого өзгөчө маани беришип,билим берүү, маданият, илим жана техника тармагында кызматташуунуөнүктүрүшөт жана терењдетишет. 2. Макулдашуучу Тараптар билим берүү, маданият, илим жана техникатармагында Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдарынын катышуусуменен алардын иш жүзүндөгү кызматташуусунун шарттары аныкталган бирге-лешкен программалардын такай иштелип чыгышына көмөктөшүшөт. 3. Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын,изилдөө борборлорунун жана маданият мекемелеринин ортосунда түз ка-рым-катнаштарды колдошот. 14-статья. Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин сот органдарынын ортосунда,тагыраак айтканда граждандык, үй-бүлө жана кылмыш иштери боюнча укуктукжардам көрсөтүү боюнча кызматташууга көмөктөшүшөт. 15-статья. Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин парламенттеринин ортосундакызматташууну терењдетүүгө жана кењейтүүгө көмөктөшүшөт. 16-статья. Бул Келишим Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон башка эл ара-лык келишимдерден чыккан алардын укуктары менен милдеттенмелерин козго-бойт жана кандайдыр бир үчүнчү мамлекетке каршы багытталбайт. 17-статья. Макулдашуучу Тараптар ушул Келишимдин жоболорун ишке ашыруу макса-тында башка эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүшөт. 18-статья. Бул Келишимдин жоболорун түшүндүрүү жана колдонуу жөнүндө талаштарМакулдашуучу Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жо-лу менен чечилүүгө тийиш. 19-статья. Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Келишимгеөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Келишимдинажырагыс бөлүгүн түзгөн жана бул Келишимдин 21-статьясында каралгантартипте күчүнө кире турган өзүнчө протоколдор менен теризделет. 20-статья. БУУнун Уставынын 102-статьясына ылайык Келишим БУУнун Секретариа-тында катталууга тийиш. 21-статья. Бул Келишим ратафикацияланат жана аны ратификациялоо жөнүндө жазуужүзүндөгү акыркы билдирүүнү Макулдашуучу Тараптар алган күндөн тартыпкүчүнө кирет. Бул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Тараптар-дын бири экинчи Макулдашуучу Тарапка анын аракетин токтотууга ниеттен-гендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөткөн күндөн тартып онэки ай өткөнгө чейин күчүндө кала берет. Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында, эки түп нускада, ар бирикыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Келишимдин жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда, Макулдашуучу Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат. Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы үчүн үчүн