КР Өкмөтүнүн
2005-жылдын 22-декабрындагы № 162 Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары,2004-жылдын 17-апрели Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталга салык салуу жаатында салык төлөөдөн четтөөнүн алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Молдова РеспубликасынынӨкмөтү, Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталга салык,салуу жаатында салык төлөөдөн четтөөнүн алдын алуу жөнүндө Макулдашуутүзүүнү каалап жана өздөрүнүн экономикалык, илимий, техникалык жана ма-даний кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыњдоого болгон умтулуусун ырас-тоо менен, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Ушул макулдашуу колдонула турган жактар Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан Мамлекеттердин резиденттериболгон жактарга карата колдонулат. 2-статья. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар 1. Ушул Макулдашуу аларды алуунун ыкмасына карабастан МакулдашканМамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ар бир Макулдашкан Мамле-кеттин, анын администрациялык кичи бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийликоргандарынын атынан алынуучу кирешеден жана капиталдан салык алууга ка-рата колдонулат. 2. Кирешенин жалпы суммасынан, капиталдын жалпы суммасынан же ки-реше менен капиталдын айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар,анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алын-ган салыктар, ишканалар тарабынан эмгек акынын же маянанын жалпы сумма-сынан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн алынган кире-шеден алынуучу салыктар кирешеге жана капиталга салынуучу салыктар бо-луп эсептелет. 3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонулуп жаткан салыктар,атал айтканда: а) Кыргыз Республикасында: (i) юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешесинен алынуучу са-лык; (ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы (мындан ары - "Кыргызс-тан салыктары" катары аталат) болуп эсептелет; Ь) Молдова Республикасында: (i) киреше салыгы; (ii) кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык (мындан ары - "Молдова са-лыктары" катары аталат) болуп эсептелет. 4. Макулдашуу ошондой эле окшош жана мањызы боюнча ушул сыяктууболгон ар кандай салыктарга карата колдонулат, алар ушул Макулдашуугакол коюлган датадан кийин колдонулуучу салыктарга толуктоо же анын ор-дуна алынат Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүнтиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизиле турган ар кандай олуттууөзгөртүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турууга тийиш. 3-статья. Жалпы аныктамалар 1. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунунмаксатында: а) "бир Макулдашкан Мамлекет" жана "экинчи Макулдашкан Мамлекет"деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Молдова Рес-публикасын билдирет; Ь) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет Геогра-фиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республи-касы Эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарды жана юрисдикцияныжүзөгө ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарыколдонулган аймакты билдирет; с) "Молдова" деген термин Молдова Республикасын билдирет жана ге-ографиялык мааниде алганда Молдова Республикасы өзүнүн ички мыйзамдары-на жана эл аралык укукка ылайык өзүнүн абсолюттук жана өзгөчө эге-мендүүлүгүн жүзөгө ашырып жаткан анын чек арасынын чектериндеги кыртыш-тан, кыртыш алдындагы катмардан, суудан жана жердин, суунун үстүндөгүаба мейкиндигинен турган анын аймагын билдирет; d) "жак" деген термин жеке жакты, юридикалык жакты, компанияны жеар кандай башка жактардын бирикмесин камтып турат; е) "компания" деген термин салык салуу максаттары үчүн корпора-тивдүү бирикме катары каралган ар кандай корпоративдүү түзүлүштү же аркандай бирикмени билдирет; f) "бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи МакулдашканМамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө бир МакулдашканМамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы жана экинчи Ма-кулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билди-рет; g) "эл аралык ташуу" деген термин дењиз же аба кемеси, автомобильже темир жол транспорту Макулдашкан Мамлекеттин биринде гана жайгашканпунктардын ортосунда гана пайдаланылгандан башка учурларда, МакулдашканМамлекеттин ишканасы пайдаланган дењиз же аба кемеси, автомобиль же те-мир жол транспорту тарабынан ар кандай ташууну билдирет; h) "компетенттүү орган" деген термин: (i) Кыргызстанда - Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктууөкүлүн; (ii) Молдовада - Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктууөкүлүн билдирет; i) "улуттук жак" деген термин: (i) Макулдашкан Мамлекеттин граждандыгында болгон ар кандай жекежакты; (ii) Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайыкөзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, шериктештикти же ас-социацияны билдирет. j) "капитал" деген термин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү билдирет(бирок аны менен эле чектелбейт) жана накталай акча каражаттарды, акци-яларды же мүлк укугун ырастаган башка документтерди, векселдерди, обли-гацияларды же башка карыздык милдеттенмелерди, ошондой эле патенттерди,товардык белтлерди, автордук укуктарды же башка ушул сыяктуу укуктардыже мүлктү камтып турат. 2. Ушул Макулдашууну колдонууда ар кандай учурда, Макулдашкан Мам-лекет тарабынан мында аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контекстенбашкача келип чыкпаса, ушул Мамлекеттин мыйзамы боюнча ошол кездегиушул Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата алганда ошол эле маанигеээ болот, ушул Мамлекеттмн тиешелүү салыктык мыйзамдарында аныкталганар кандай маани ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган маани-ден артыкчылыкка ээ болот. 4-статья. Резидент 1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "бир Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти" деген термин ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өзүнүн ту-руктуу жашагандыгынын туруктуу турган жеринин, катталган жеринин, баш-карган жеринин же ушул мүнөздөгү башка критерийлердин негизинде салыксалынууга тийиш болгон жакты билдирет, ошондой эле ушул Мамлекетти жеадминистрациялык кичи бөлүмдү же жергиликтүү бийлик органын камтып ту-рат. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги булактардан алынган киреше жеанда жайгашкан капитал жаатында гана ушул Мамлекетте салык салынуугатийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт. 2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак эки МакулдашканМамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй анык-талат: a) туруктуу жашаган турак жайы Макулдашкан Мамлекетте болсо, андаанын гана резиденти болуп саналат; эгерде анын эки Мамлекетте тењ ту-руктуу турак жайы болсо, ал алда канча тыгыз жеке жана экономикалыкбайланыштары бар (турмуштук таламдарынын борбору) Мамлекеттин резидентидеп эсептелет; Ь) эгерде өзүнүн турмуштук таламдарынын борбору бар МакулдашканМамлекет аныкталбаса, же болбосо ушул Макулдашкан Мамлекеттин бириндедагы туруктуу турак жайы жок болсо, ал адатта өзү жашаган МакулдашканМамлекеттин резиденти деп эсептелет; с) эгерде ал адатта эки Макулдашкан Мамлекетте жашаса, же болбосоанын биринде да жашабаса, ал өзү улуттук жагы болуп эсептелген Макул-дашкан Мамлекеттин резиденти деп эсептелет; d) эгерде ал эки Мамлекеттин улуттук жагы болуп эсептелсе же алар-дын биринин да улуутук жагы болуп эсептелбесе, Макулдашкан мамлекеттер-дин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет. 3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбегенжеке жак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, алөзүнүн башкаруучу жери иш жүзүндө жайгашкан жердеги мамлекеттин рези-денти деп эсептелет. 5-статья. Туруктуу мекеме 1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген тер-мин ишкананын толук же жарым жартылай ишкердикти жүзөгө ашырган турук-туу иш ордун билдирет. 2. "Туруктуу мекеме" деген термин негизинен: а) башкаруучу жерди; Ь) бөлүмдү же филиалды; с) офисти; d) фабриканы; е) чеберкананы; f) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жерди; жаратылышресурстарын алуучу башка жерди; g) айыл чарба, жайыт же токой менчигин камтып турат. 3. "Туруктуу мекеме" деген термин ошондой эле: а) курулуш аянтчасын, курулуш монтаждоо же жыйноо обьектисин жеалар менен байланыштуу көзөмөлдөө ишин камтып турат, бирок бул аянтчаже обьект же ушундай иш тогуз айдан ашык улантылган учурда гана аныкамтыйт, жана b) ишкана тарабынан ушундай максаттар үчүн жалданган кызматчыларже башка персонал тарабынан кызматтарды, анын ичинде консультациялыккызматтарды көрсөтүүнү камтыйт, бирок (ушундай же ага байланыштуу дол-боор) Макулдашкан Мамлекеттин аймагында ушундай мүнөздөгү иш белгилүүбир мезгилге, же жыйынтыктап алганда үч айдан ашык мезгилге созулгандагана камтылат. 4. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме"деген термин: а) курулуштарды жана жабдууларды жалањ гана ишканага таандык бол-гон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында пай-даланууну; Ь) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарынжалањ гана сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максаттары күтүүнү; с) ишканага таандык болгон товарлардын жана буюмдардын запастарынбашка ишканаларда кайра иштетүү максаттарында гана күтүүнү; d) туруктуу иш ордун жалањ гана товарларды жана буюмдарды сатыпалуу же болбосо ишкана үчүн маалымат чогултуу максатында күтүүнү; е) туруктуу иш ордун ишкана тарабынан башка ар кандай иштин даяр-доочу же көмөкчү мүнөздөгү, жарнама же илимий изилдөөлөр сыяктуу мак-саттар үчүн гана күтүүнү; f) эгерде ушундай комбинациянын натыйжасында келип чыккан туруктууиш ордунун жалпы иши даярдоочу же көмөкчү мүнөздө болсо, туруктуу ишордун даярдоочу же көмөкчү мүнөзгө ээ болгон шартта а) дан е) ге чейин-ки пунктчаларда саналып өткөн иштин түрлөрүнүн ар кандай комбинациясынжүзөгө ашыруу үчүн гана күтүүнү камтыбайт. 5. Эгерде ушул жактын иши 4-пунктта айтылган жобо менен чектелсе,ал туруктуу иш орду аркылуу жүзөгө ашырылса, ушул иш туруктуу иш ордужайгашкан жерди ушул пункттун жобосуна ылайык туруктуу мекемеге айлан-дыргандан башка учурларда, 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан,өзүнө карата 6-пункттун жоболору колдонула турган жак көз карандысызстатусу бар агенттен башка болсо, Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынынатынан аракеттенет жана ишкананын атынан адатта Макулдашкан Мамлекетменен контракт түзүүгө ыйгарым укугу бар болсо, анда бул ишкананын ушулМамлекеттеги туруктуу мекемеси бар катары эсептелет. 6. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттетуруктуу мекемеси жок деп эсептелет, анткени ушул мамлекетте ишкердиккылууну брокер, ыйгарым укуктуу башкы агент, же болбосо көз карандысызстатуска ээ болгон башка агент аркылуу жүзөгө ашыргандыгы үчүн, мындайжактар өзүнүн адаттагы ишинин алкагында аракеттенген шартта, башка Ма-кулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеси жок деп эсептелет. 7. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, бир МакулдашканМамлекеттин камсыздандыруучу компаниясы кайра камсыздандырылгандан баш-ка учурларда, эгерде ал мына ушул экинчи Мамлекеттин аймагында камсыз-дандыруу сый акыларды топтосо же камсыздандыруу ишин ал жерде көз ка-рандысыз статусу бар агент болуп эсептелбеген жак аркылуу жүргүзсө,экинчи Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп эсептелет. 8. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияконтролдукту жүргүзсө же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болупэсептелген компания тарабынан контролдонсо же ушул башка Мамлектеттеишкердик кылууну жүзөгө ашырса (же болбосо туруктуу мекеме аркылуу, жебашка жол менен) ал өзү ушул компаниялардын бирин башка мамлекеттин ту-руктуу мекемесине айландырбайт. 6-статья. Кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелер 1. Бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макул-дашкан Мамлекетте болгон кыймылсыз мүлктөн алынган кирешесине (аныничинде айыл жана токой чарбасынан алынган кирешеге) мына ушул экинчиМамлекетте салык салынат. 2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Ма-кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот. Бул термин аркандай учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү катары болгон мүлктү,айыл жана токой чарбасында пайдаланылган малды жана жабдууларды, жерменчигине карата жалпы укуктун жоболорун, кыймылсыз мүлктүн узуфрукту-сун жана минералдык ресурстарды, булактарды жана башка табигый ресурс-тарды, анын ичинде мунайды, газды жана карьерлерди иштетүү үчүн компен-сация катарындагы өзгөрмө же бекитилген төлөмдөргө болгон укукту кам-тыйт, дењиз жана аба кемелери кыймылсыз мүлк катары каралбайт. 3. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболору тикелей пайдалануудан, кый-мылсыз мүлктү кандайдыр бир формада ижарага берүүдөн же пайдаланууданалынган кирешеге карата колдонулат. 4. Эгерде компания акцияларга жана башка корпоративдүү укуктаргаээлик кылууга ушул акциялардын ээсине ишканага тиешелүү болгон кыймыл-сыз мүлктү пайдалануунун корпоративдик укуктарын пайдалануугамүмкүнчүлүк берсе, анда тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн жеушундай укуктуу башка формада пайдалануудан алынган кирешелерге ушулкыймылсыз мүлк жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 5. Ушул статьянын 1 жана 3-пункттарынын жоболору ошондой эле ишка-нанын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешеге жана көз карандысыз жеке кыз-маттарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлктөн алынган киреше-лерге карата да колдонулат. 7-статья. Ишкердик кылуудан алынган пайда 1. Эгерде ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуумекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырбаса, Макулдашкан Мамле-кеттин ишканасынын пайдасына мына ушул Мамлекетте гана салык салынат.Эгерде ишкана өзүнүн ишин жогоруда айтылгандай жүзөгө ашырса, анын пай-дасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок анын ушундай ту-руктуу мекемеге таандык кылынган бөлүгүнө гана салык салынат. 2. 3-пункттун жоболорун эске алганда, эгерде Макулдашкан Мамлекет-тин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеаркылуу ишкердик кылууну жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашкан Мамле-кетте ушул туруктуу мекемеге, эгерде ал ушундай эле иш жүргүзгөн жанаушундай шарттарда иш жүргүзгөн өз алдынча жана айрым ишкана болсо жанаөзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толугу менен көз каран-ды болуп иштесе, ал ала турган пайда ушул туруктуу мекемеге ар бир Ма-кулдашкан Мамлекетте таандык кылынат. 3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин мак-саттары үчүн тартылган чыгымдар, анын ичинде бул чыгымдар кайсыл Мамле-кетте тартылгандыгына, туруктуу мекеме кайсыл жерде болгондугуна кара-бастан, башкаруучу жана жалпы администрациялык чыгымдар эсептен чыгары-лат. Бирок мындай эсептен чыгарууларга ар кандай суммаларга карата (ишжүзүндөгү агымдагы чыгымдарды жабуудан башка), эгерде ушулар туруктуумекеме тарабынан ишкананын башкы офисине же анын ар кандай башка кичибөлүмүнө роялти, сый акы же башка ушундай төлөмдөрдүн ордуна патенттер-ди же башка укуктарды пайдалануу төлөмдөрүн же көрсөтүлгөн айкын кызматже жетекчилик кылуу үчүн комиссиялык акы катары төлөмдөргө карата жолберилбейт, банк мекемелери кошулбайт, ишкана тарабынан туруктуу мекеме-ге берген карыз үчүн процент сыяктуу төлөмдөр кирбейт. 4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандыккылынган пайданы аныктоо ишкананын пайдасынын жалпы суммасын пропорцио-налдуу бөлүштүрүүнүн негизинде жүргүзүлсө, бул ишкананын өзүнүн ар кан-дай кичи бөлүмдөрүнө карата алганда кадыресе практика болсо, ушулстатьянын 2-пунктунда Макулдашкан Мамлекетке адатта кабыл алынгандайсалык салынуучу пайданы ушундай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого эч нерсетыюу салбайт. Бөлүштүрүүнүн тандалган ыкмасы ушул статьяда камтылганпринциптерге ылайык келген натыйжаларды берүүгө тийиш. 5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин биринин компетенттүү органындаболгон маалымат же ушул статьянын 3 жана 4-пункттарына ылайык жењилалына турган маалымат туруктуу мекеменин пайдасын аныктоо үчүн жетишсизболсо, пайда ушул Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык эсептелишимүмкүн. 6. Эч кандай пайда ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн то-варларды же буюмдарды жөн гана сатып алуунун негизинде эсептелбейт. 7. Мурдагы пунктардын максаты үчүн туруктуу мекемеге таандык кы-лынган пайда, эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жанажетиштүү негиздер жок болсо, жыл сайын ошол эле ыкма менен аныкталат. 8. Эгерде пайдага ушул Макулдашуунун башка статьяларында каралганкирешенин элементтери кирсе, анда бул статьялардын жоболоруна ушулстатьянын жобосунун тиешеси жок болот. 8-статья. Эл аралык ташуулар 1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташуудадењиз же аба кемесин, автомобиль же темир жол транспортун пайдаланууданалган пайдасына мына ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 2. 1-пункттун жоболору ошондой эле пулеге катышуудан алынган, бир-гелешкен ишкананын, же болбосо транспорт каражаттарын пайдаланган эларалык уюмдун пайдасына да жайылтылат. 9-статья. Ассоциацияланган ишканалар 1. Эгерде: а) бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамле-кеттин ишканасын тикелей же кыйыр башкарууга, же контролдоого катышса;же Ь) бир эле жактар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын, ошондой элеэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын тикелей же кыйыр башкарууга,контролдоого же капиталына катышса, жана ар бир учурда эки ишкананын ортосундагы коммерциялык жана фи-нансылык өз ара мамилелеринде ар кандай пайда алардын бирине чегерилетурган көз карандысыз эки ишкананын ортосундагы шарттардан айырмаланганшарттар түзүлөт же белгиленет, бирок бул шарттардын болушунун натыйжа-сында ага эсептелбеген ар кандай пайда, ушул ишкананын пайдасына кирги-зилиши жана тиешелүү түрдө салык салынышы мүмкүн. 2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайда-сын кошсо жана тиешелүү түрдө салык салса, экинчи Макулдашкан Мамлекет-тин ишканасынын пайдасына мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте салыксалынат жана ушундай жол менен кошулган пайда биринчи эскертилген Мам-лекеттин ишканасына чегерилиши мүмкүн, эгерде эки ишкананын ортосундатүзүлгөн шарттар көз карандысыз ишканалардын ортосунда орун алган шарт-тардай болсо, анда ушул экинчи Макулдашкан Мамлекет ушул пайдадан алын-ган салыктын суммасына тиешелүү түзөтүү киргизет. Мындай түзөтүүнүаныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору каралууга, ал эми Макулдаш-кан Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл учурда бири-бири мененконсультация өткөрүүгө тийиш. 10-статья. Дивиденддер 1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон компания тарабынанэкинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерине мы-на ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайыкдивиденддерди түзгөн компания резиденти болгон Макулдашкан Мамлекеттесалык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчиМакулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ушундай жол мененалынган салык: а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөнкомпаниянын жок дегенде 25% капиталына тикелей ээлик кылса, дивиденд-дердин жалпы суммасынын 5%инен; Ь) калган бардык учурларда, дивиденддердин жалпы суммасынын15%инен ашпоого тийиш. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары өз ара макулдашууаркылуу ушул чектөөлөрдү колдонуу ыкмасын белгилешет. Бул пункттун жоболору компаниянын дивиденддер төлөнгөн пайдасынасалык салууга тиешелүү болбойт. 3. Ушул статьяда пайдалануу үчүн "дивиденддер" деген термин акция-лардан, "жуиссанс" акцияларынан, "жуиссанс" укугунан, тоо-кен өнөр жа-йынын акцияларынан, карыздык талаптар болуп эсептелбеген, пайдага ка-тышкан уюштуруучулардын акцияларынан же башка укуктарынан, ошондой элебашка корпоративдүү пайданы бөлүштүргөн компания резиденти болуп эсеп-телген ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан алынган киреше-лерге салык салууга тењештирилген кирешелерди билдирет. 4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекекетте ишкердик кылса,мында дивиденддерди төлөөчү компанияда жайгашкан туруктуу мекеме аркы-луу резидент болуп эсептелсе же мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттежайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз жеке кызматтардыкөрсөтсө же өзүнө карата дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг чынында элетуруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1 жана2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7 же14-статьялардын жоболору колдонулат. 5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген ком-пания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, анда булэкинчи Мамлекет, эгерде мындай дивиденддер башка Мамлекеттин резиденти-не төлөнсө же эгерде өзүнө карата дивиденддер төлөнгөн холдинг чынындаэле экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же турук-туу базага таандык болсо жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынансалык алынышы мүмкүн эмес. А түгүл, эгерде төлөнгөн дивиденддер жебөлүштүрүлгөн пайда мына ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдаданже кирешеден толугу менен же жарым жартылай түзүлсө да, андан салыкалынбайт. 11-статья. Проценттер 1. Бир Макулдашкан мамлекетте пайда болгон жана экинчи МакулдашканМамлекеттин резидентине төлөнүүчү проценттерге экинчи Макулдашкан мам-лекетте салык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай проценттерге алар келип чыккан Макулдашкан Мамле-кетте ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирокэгерде аны алуучу иш жүзүндө проценттердин ээси, экинчи МакулдашканМамлекеттин резиденти болсо, анда ушундай жол менен алынган салык про-центтердин дүњ суммасынын 10 процентинен ашпоого тийиш. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулда-шуу боюнча мындай чектөөнү колдонуу ыкмасын аныкташат. 3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте пайдаболгон проценттер Макулдашкан Мамлекеттин Өкмөтүнө же Улуттук банкынатөлөнсө, мындай проценттерге Макулдашкан Мамлекетте салык салынбайт. 4. "Проценттер" деген термин ушул статьяда колдонулганда, ипотека-лык камсыздоого жана карызгордун пайдасына катышуу укугуна ээ болуугакарабастан, ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан алынган кирешени,атап айтканда мамлекеттик баалуу кагаздардан алынган кирешелерди жанаоблигациялар менен карыздык милдеттемелерден алынган кирешелерди, аныничинде ушул баалуу кагаздар, облигациялар жана карыздык милдеттенмелербоюнча сый акыларды жана утуштарды билдирет. Өз убагында төлөбөгөндүгүүчүн айып акылар ушул статьянын максаты үчүн процент катары каралбайт. 5. Эгерде проценттердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болуп туруп, экинчи Макулдашкан Мамлекетте ал жерде жайгашкантуруктуу мекеме аркылуу проценттер келип чыга турган ишкердик кылуунужүзөгө ашырса, же болбосо мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте жай-гашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды жана өзүнө ка-рата проценттер төлөнгөн карыздык талаптарды билдирсе, чынында элеушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 1 жана2-пункттардын жобосу колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7 же14-статьялардын жоболору колдонулат. 6. Эгерде процент төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болсо, про-центтер Макулдашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок эгердепроценттерди төлөөчүлөр анын Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгонже болбогондугуна карабастан Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемегеже туруктуу базага ээ болсо, аларга байланыштуу келип чыккан карыздарбоюнча проценттер төлөнсө жана бул проценттерди төлөө боюнча чыгымдардытуруктуу мекеме же туруктуу база тартса, мында ушундай проценттер ту-руктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте пайдаболот деп эсептелет. 7. Эгерде проценттерди төлөөчүнүн жана проценттердин иш жүзүндөгүээсинин ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелерге байланыштуу же алардынэкөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамиле-лерге байланыштуу анын негизинде төлөнүп жаткан карыздык талапка таан-дык болгон проценттердин суммасы проценттерди төлөөчүнүн же анын ишжүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылган суммадан ашып кетсе, ушун-дай мамилелер жок болгондо, ушул статьянын жобосу акыркы эскертилгенсуммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө арбир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун баш-ка жоболорун эске алуу менен салык салынат. 12-статья. Роялти 1. Бир Макулдашкан Мамлекетте пайда болгон жана экинчи МакулдашканМамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтиге мына ушул экинчи Макулдашканмамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ке-лип чыккан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн эмес, бирокэгерде алуучу роялтинин иш жүзүндөгү ээси болсо, экинчи МакулдашканМамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынгансалык роялтинин дүњ суммасынын 10 процентинен ашпоого тийиш. Макулдашкан Мамлекеттердин компетентүү органдары өз ара макулдашуубоюнча ушундай чектөөлөрдү колдонуу ыкмасын белгилешет. 3. Ушул статьяда пайдаланууда "роялти" деген термин адабияттын,искусствонун ар кандай чыгармаларына же илимий эмгектерге, анын ичиндепрограммалык камсыз кылууга, кинофильмдерге, радио жана теле көрсөтүүүчүн жазууларга, кандайдыр бир патенттерге, соода маркасына, дизайнгаже моделге, планга, жашыруун формулага же процесске болгон автордукукукту пайдалангандыгы же бергендиги үчүн сый акы катары алынган аркандай төлөмдөрдү же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды,же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешеси бар маалымат-ты пайдалангандыгы же бергендиги үчүн алынган сый-акы катарындагы аркандай төлөмдөрдү билдирет. 4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин ре-зиденти болуп туруп, экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик кылуунужүзөгө ашырса, ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келипчыкса, же болбосо мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан ту-руктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, өзүнө каратароялти төлөнгөн укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуу мекеме же ту-руктуу база менен байланышта болсо, 1 жана 2-пункттардын жобосу колдо-нулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7 же 14-статьялардын жоболоруколдонулат. 5. Эгерде роялти төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болсо роялтиМакулдашкан Мамлекетте пайда болду деп эсептелет. Бирок эгерде роялтитөлөгөн жак Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугунакарабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге же туруктуу базагаээ болсо, аларга байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса,бул роялтини төлөө боюнча чыгымдарды туруктуу мекеме же туруктуу базатартса, мында ушундай роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашканМакулдашкан Мамлекетте пайда болот деп эсептелет. 6. Эгерде роялти төлөөчүнүн жана проценттердин иш жүзүндөгү ээси-нин ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелерге байланыштуу же алардынэкөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамиле-лерге байланыштуу, анын негизинде төлөнүп жаткан пайдаланууга, укуккаже маалыматка таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөөчүнүн жеанын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылган суммадан ашып кет-се, ушундай мамилелер жок болгондо, ушул статьянын жобосу акыркы эскер-тилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкбөлүгүнө ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макул-дашуунун башка жоболорун эске алуу менен салык салынат. 13-статья. Капиталдын өсүшү 1. 6-статьяда эскертилген жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жай-гашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда Макулдашкан Мамлекеттин ре-зиденти тарабынан алынган кирешеге мына ушул экинчи Макулдашкан Мамле-кетте салык салынышы мүмкүн. 2. Туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн,Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте ээликкылган кыймылсыз мүлктү же Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин карама-гында экинчи Макулдашкан Мамлекетте болгон туруктуу базага таандык кый-мылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге көз карандысызжеке кызматтарды көрсөтүү максатында, анын ичинде ушундай туруктуу ме-кемени (өзүнчө же бардык ишкана менен чогуу) ээликтен ажыратуудан алын-ган кирешелерге, же болбосо ушундай туруктуу базага экинчи МакулдашканМамлекетте салык салынышы мүмкүн. 3. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан эл аралык ташуулар-да пайдаланылган дењиз же аба кемелерин, автомобиль же темир жол транс-портун ээликтен ажыратуудан алынган кирешеге же дењиз же аба кемелерин,автомобиль же темир жол транспортун пайдаланууга байланыштуу кыймылдуумүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге ушул Макулдашкан Мамле-кетте гана салык салынат. 4. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан тикелей же кыйыртүрдө толугу менен же негизинен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашканкыймылсыз мүлктөн турган акцияларын жана компаниянын башка корпора-тивдүү укуктарын ээликтен ажыратуудан алынган кирешесине мына ушулэкинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 5. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилбеген кандайдыр бир мүлктүээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге ээликтен ажыратылган мүлктүнээси резиденти болгон Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 14-статья. Көз карандысыз жеке кызматтар 1. Бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан кесиптик кыз-маттарды көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка ушул сыяктуу иш-тен алган кирешесине, мындай кирешеге экинчи Макулдашкан Мамлекетте са-лык салынышы мүмкүн болгондон башка учурларда, мына ушул Мамлекетте га-на салык салынат: а) эгерде анын экинчи Макулдашкан Мамлекетте иш жүргүзүү максатын-да мүмкүнчүлүгү кењири базасы болсо; мындай учурда туруктуу базага та-андык кылынган кирешенин бир бөлүгүнө гана экинчи Макулдашкан Мамлекет-те салык салынат; же Ь) эгерде экинчи Макулдашкан Мамлекетте болуу ар кандай он эки ай-лык мөөнөттүн ичинде же жалпысынан 183 күндү түзгөн же андан ашкан мез-гилдерде болууну улантса, мындай учурда анын кирешесинин мына ушулэкинчи Мамлекеттеги ишинен алынган кирешесинин бир бөлүгүнө гана экинчиМамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. "Кесиптик кызматтар" деген термин, атап айтканда көз карандысызилимий, адабий, артисттик, билим берүү же педагогикалык ишти, ошондойэле врачтардын, юристердин, инженерлердин, архитекторлордун, стамото-логдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтып турат. 15-статья. Көз каранды жеке кызматтар 1. Эгерде жалданып иштөө боюнча жумуш экинчи Макулдашкан Мамлекет-те жүзөгө ашырылса, ушул Макулдашуунун 16, 18 жана 19-статьяларынын жо-болорун эске алганда, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин жалданма иш-ке байланыштуу эмгек акысына, маянасына жана ушул сыяктуу сый акыларынаушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай түрдөжүзөгө ашырылса, ушуга байланыштуу алынган сый акыга экинчи МакулдашканМамлекетте салык салынышы мүмкүн. 2. 1-пункттун жобосуна карабастан Макулдашкан Мамлекеттин резиден-тинин экинчи Макулдашкан Мамлекетте жалданып иштөөсүнө байланыштуу сыйакысына биринчи эскертилген Мамлекетте салык салынат, эгерде: а) алуучу тиешелүү финансылык жылда башталган жана аяктаган аркандай он эки айдын ичинде экинчи Макулдашкан Мамлекетте жыйынтыгында183 күн бою же болбосо андан ашкан мезгилде жүрсө; жана Ь) сый акы жалдоочу тарабынан же экинчи Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болбогон жалдоочунун атынан төлөнөт, жана с) сый акы төлөө боюнча чыгымдар жалдоочу экинчи Макулдашкан Мам-лекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан тартыл-байт. 3. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташуудапайдаланылган дењиз же аба кемесинин, автомобиль же темир жол транспор-тунун бортунда жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акысына ушундайдењиз же аба кемесинин, автомобиль же темир жол транспортун пайдаланганишкана резиденти болгон Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 16-статья. Директорлорго сый акы берүү Макулдашкан Мамлекеттин резиденти директорлор кењешинин мүчөсү жеага окшош компаниянын органынын мүчөсү катары ала турган директордукжана ошол сыяктуу төлөмдөрүнө, эгерде ал экинчи Макулдашкан Мамлекеттинрезиденти болуп эсептелсе, ага мына ушул экинчи Мамлекетте салык салы-нышы мүмкүн. 17-статья. Артисттер жана спортсмендер 1. 14 жана 15-статьялардын жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мам-лекеттин резиденти театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн ар-тисти же музыканты сыяктуу искусство кызматкери же спортсмен же өзүнүнжеке иши боюнча катары алган кирешесине, эгерде ал экинчи МакулдашканМамлекетте жүзөгө ашырылса, ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте салыксалынышы мүмкүн. 2. Эгерде искусство кызматкери же спортсмен тарабынан ушул сапаттажүзөгө ашырылган жеке ишинен алынган киреше артисттин же спортсмендинөзүнө эмес, башка жакка чегерилсе, анда бул кирешеге 7, 14 жана15-статьялардын жоболоруна карабастан, искусство кызматкеринин жеспортсмендин иши жүзөгө ашырылган Макулдашкан Мамлекете салык салынышымүмкүн. 3. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде мындай ишушул Макулдашкан Мамлекетте Макулдашкан Мамлекеттер тарабынан жактырыл-ган маданий же спорттук алмашуу программасынын алкагында жүзөгө ашырыл-са, ушул статьяда эскертилген киреше искусство кызматкери же спортсменишин жүзөгө ашырган Макулдашкан Мамлекетте салык салуудан бошотулат. 18-статья. Пенсиялар 19-статьянын 2-пунктунун жоболорун эске алганда, мурда жалданыпиштеген Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пенсияларга жанабашка ушул сыяктуу сый акыларга мына ушул Макулдашкан Мамлекетте ганасалык салынууга тийиш. 19-статья. Мамлекеттик кызмат 1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык кичи бөлүмү жежергиликтүү бийлик органы тарабынан жеке жактын ушул Мамлекетке же анынадминистрациялык кичи бөлүмүнө же жергиликтүү бийлик органына көрсөткөнкызматы үчүн пенсиядан тышкары эмгек акысына, маянасына жана башка ушулсыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Ь) эгерде кызмат башка Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ушулМамлекеттин резиденти болсо, мындай эмгек акыга, маянага жана башкаушул сыяктуу сый акыга: (i) эгерде ал ушул Мамлекеттин гражданы болсо; же (ii) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул Мамлекеттин рези-денти болбой калса, экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 2. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык кичи бөлүмү жебийликтин жергиликтүү органы же алар тарабынан түзүлгөн фонддор аркылуужеке жакка ушул Мамлекет же анын администрациялык кичи бөлүмү же жерги-ликтүү бийлик органы үчүн жүзөгө ашырган кызматы үчүн төлөнгөн ар кан-дай пенсияга ушул Мамлекетте гана салык салынат; Ь) Бирок эгерде жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти жана гражданыболсо, мындай пенсияга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салы-нат. 3. 15, 16, 17 жана 18-статьялардын жоболору Макулдашкан Мамлекеттеже анын администрациялык кичи бөлүмүндө же жергиликтүү бийлик органындаишкердик кылууну аткарууга байланыштуу жүзөгө ашырылган кызмат жаатын-дагы эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыга жана пенси-яларга карата колдонулат. 20-статья. Студенттер Мындай төлөмдөр ушул экинчи Мамлекеттин чегинен тышкаркы булактар-дан келип чыккан шартта, Макулдашкан Мамлекетке келээрдин алдында Ма-кулдашкан Мамлекеттин резиденттери болгон жана болуп эсептелген жанаэкинчи Макулдашкан Мамлекетте жалањ гана окуу же билим алуу максатындажүргөн студенттин же үйрөнчүктүн өзүнүн жашашы, окушу же билим алышыүчүн алган төлөмдөрүнө ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салын-байт. 21-статья. Башка кирешелер 1. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин ушул Макулдашуунун мурдагыстатьяларында эскертилбеген кирешелеринин түрлөрүнө, алардын келип чы-гыш булагына карабастан ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынуу-га тийиш. 2. Эгерде мындай кирешени алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттин рези-денти болуп эсептелсе, ишкердик кылууну экинчи Макулдашкан Мамлекеттежайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырса же ушул экинчи Мамле-кетте жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз жеке кызматтардыкөрсөтсө жана ушуга байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында элетуруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 6-статьянын2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн алынуучу кирешелерден башкакирешелерге карата 1-пункттун жоболору колдонулат. Мындай учурда жаг-дайга жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат. 22-статья. Капитал 1. 6-статьяда эскертилген Макулдашкан Мамлекеттин резидентине та-андык болгон жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсызмүлк түрүндөгү капиталга мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте салыксалынышы мүмкүн. 2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы Макулдашкан Мамлекеттин рези-дентинин карамагындагы экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги туруктуу базагатаандык кылынган туруктуу мекеменин өндүрүштүк мүлкүнүн бир бөлүгү бол-гон кыймылдуу мүлктөрүндөгү, көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүүмаксатында иш жүргүзгөн капиталга мына ушул экинчи Макулдашкан Мамле-кетте салык салынышы мүмкүн. 3. Макулдашкан Мамлекет тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланыл-ган дењиз же аба кемеси, автомобиль же темир жол транспорту түрүндөгү,ошондой эле ушундай дењиз же аба кемесин, автомобиль же темир жолтранспортун пайдаланууга таандык кылынган кыймылдуу мүлк түрүндөгү ка-питалга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат. 4. Компаниянын акциялар же башка корпоративдик укуктар түрүндөгүактивдери негизинен Макулдашкан Мамлекеттеги жайгашкан кыймылсызмүлктөн турган капиталга мына ушул Макулдашкан Мамлекетте салык салыны-шы мүмкүн. 5. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин капиталынын башка бардыкэлементтерине, мына ушул Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат. 23-статья. Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмасы 1. Кыргызстан боюнча алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй четтети-лет: а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболорунаылайык, Молдовада салык салына турган киреше алса же капиталга ээ бол-со, анда Кыргызстан: i) ушул резиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Молдовадатөлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы чыгарып салууга; ii) ушул резиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Молдовадатөлөнгөн капиталдан алынган салыкка барабар сумманы чыгарып салуугамүмкүнчүлүк берет. Жогоруда келтирилген жоболорго ылайык эсептелген салыктын өлчөмүКыргызстанда колдонулган ушундай кирешеге эсептелген салыктын ставкасыбоюнча алынган салыктан ашпоого тийиш. Ь) Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашууга ылайык Молдо-вада гана салык салына турган киреше алса же капиталга ээ болсо, Кыр-гызстан ушул кирешени же капиталды салык салуу базасына киргизишимүмкүн, бирок ал Кыргызстанда ушундай кирешеге же капиталга салына тур-ган салыктын ставкасын белгилөө максатында гана жүргүзүлөт. 2. Молдова боюнча алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй четтетилет. а) Эгерде Молдованын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ыла-йык Кыргызстанда салык салына турган киреше алса же мүлккө ээ болсо,анда Молдова: i) ушул резиденттин кирешесинен алынган салыктан Кыргызстандатөлөнгөн киреше салыгына барабар келген сумманы чыгарып салууга; ii) ушул резиденттин мүлкүнөн алынган салыктан, Кыргызстандатөлөнгөн кыймылсыз мүлк салыгына барабар келген сумманы чыгарып салуугамүмкүнчүлүк берет. Бирок бул чыгарып салуулар Кыргызстанда салык салына турган кире-шеге же мүлккө таандык кылынган эсептен чыгаруу берилгенге чейин эсеп-телген киреше салыгынын же мүлктөн алынуучу салыктын бир бөлүгүнөн аш-поого тийиш. Ь) Эгерде ушул Макулдашуунун ар кандай жоболоруна ылайык Молдова-нын резиденти алган кирешеси же мүлк Молдовада салык салуудан бошотул-са, анда Молдова ушул резиденттин кирешесинин же мүлкүнүн калганбөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салык салуудан бошотулган кирешениже мүлктү эсепке алууга тийиш. 24-статья. Басмырлоого жол бербөө 1. Бир Макулдашкан Мамлекеттин улуттук жактары экинчи МакулдашканМамлекетте башка же андан оор салык салууга же салык салуу милдеттенме-сине жана ага байланыштуу милдеттенмеге байланыштуу жагдайларга тартыл-боого тийиш. Ушул экинчи Мамлекеттин улуттук жактары, ошондой эле шарт-тарда тартыла турган же тартылууга тийиш болгон милдеттенмелерге тар-тылбайт. 1-статьянын жоболоруна карабастан, ушул жобо бир же эки Макул-дашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген адамдарга карата даколдонулат. 2. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамле-кетте ээлик кылган туруктуу мекемеге салык салуу мына ушул экинчи Мам-лекетте ушундай эле ишти жүзөгө ашырган ишканага салык салууга караган-да, алда канча жагымдуу болууга тийиш. Бул жобо милдеттендирүүчү жобокатары түшүндүрүлүүгө тийиш, бир Макулдашкан Мамлекет экинчи Макулдаш-кан Мамлекеттин алар өзүнүн резидентине берген граждандык статусунун жеүй бүлөлүк жагдайларынын негизинде, салык салуу боюнча кандайдыр биржеке жењилдиктерди, эсептен чыгарууларды жана алып салууларды берүүгөмилдеттендирет деп түшүндүрүлбөөгө тийиш. 3. 9-статьянын 1-пунктунун, 11-статьянын 7-пунктунун же 12-стать-янын 6-пунктунун жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макулдаш-кан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин рези-дентине төлөнүүчү проценттер, роялти жана башка төлөмдөр, ушундай ишка-налардын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында алар биринчи эс-кертилген Мамлекеттин резидентине кандай төлөнсө, ошондой эле шарттаэсептен чыгарылууга жатат. Ошондой эле бир Макулдашкан Мамлекеттин иш-канасынын экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине болгон ар кандайкарыздары ушул ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максатындабиринчи эскертилген Мамлекеттин резидентинен кандай чыгарылып салынса,ошондой чыгарылып салынууга тийиш. 4. Капиталы толугу менен же жарым-жартылай экинчи Макулдашкан Мам-лекетке таандык болгон же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин бир же анданашык резиденттери менен тикелей же кыйыр контролдукка алынган Макулдаш-кан Мамлекеттин ишканасы биринчи эскертилген Мамлекеттин башка ушундайэле ишканасы тартылуучу же тартылууга тийиш болгон салык салуудан жеага байланыштуу милдеттенмелерден башка же алда канча оор кандайдыр бирсалык салууга же ага байланыштуу милдеттенмелерге тартылбоого тийиш. 25-статья. Өз ара макулдашуунун жол-жобосу 1. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти бир же эки МакулдашканМамлекеттин аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбегентүрдө, ага салык салууга алып келет же алып келиши мүмкүн деп эсептесе,ал ушул Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражатта-рына карабастан өзүнүн ишин өзү резиденти болуп саналган МакулдашканМамлекеттин компетенттүү органына кароо үчүн берет. Макулдашуунун жор-болоруна ылайык келбеген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндөбиринчи билдирүү алынган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө ти-йиш. 2. Компетенттүү орган, эгерде ал сын-пикирди негиздүү деп эсептесежана ал канааттандыруучу чечимге өз алдынча келе албаса, ушул Макулда-шуунун жоболорунун көз карашынан алганда, укукка жат салык салуудан оо-лак болуу максатында бул маселени экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компе-тенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет. Аркандай жетишилген келишим Макулдашкан мамлекеттердин улуттук мыйзамда-рында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылу-уга тийиш. 3. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макул-дашуу боюнча ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу ке-лип чыккан ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү чечүүгө аракетте-нет. Алар ошондой эле Макулдашууда каралбаган учурларда, кош салык са-лууну четтетүү максатында бири-бири менен консультация өткөрүшү мүмкүн. 4. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пунк-ттар боюнча Макулдашууга жана түшүнүшүүгө жетишүү максатында бири-бирименен тикелей байланышка чыгышы, анын ичинде биргелешкен комиссиялардытүзүшү мүмкүн, компетенттүү органдардын өздөрү же өз өкүлдөрү комиссия-нын мүчөсү боло алат. 26-статья. Маалымат алмашуу 1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулда-шуунун жоболорун аткаруу же Макулдашкан Мамлекеттердин ушул Макулдашуу-нун жоболору колдонула турган салыктарына тиешелүү улуттук мыйзамдардыаткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды Макулдашууга карама-каршы кел-беген мыйзам боюнча салык салынганга чейин алмашып турат. Маалымат ал-машуу 1-статьянын жоболору менен чектелбейт, Макулдашкан Мамлекет тара-бынан алынган ар кандай маалымат, ошондой эле ушул Мамлекеттин улуттукмыйзамдарынын алкагында алынган башка маалымат жашыруун болуп саналатжана эсептөө же жыйноо, өндүрүү же соттук териштирүү боюнча ишжүргүзгөн, ошондой эле ушул Макулдашуу каралган салыктарды сот тарти-бинде кароо боюнча иш жүргүзгөн адамдарга же органдарга (анын ичиндесотторго жана администрациялык органдарга) гана берилет. Мындай жактаржана органдар маалыматты ошол максатта гана пайдаланууга тийиш. Аларбул маалыматты ачык сот заседаниесинде же соттук чечимдерди кабыл алуу-да ачыкка чыгара алат. 2. 1-пункттун жоболору эч качан Макулдашкан Мамлекеттин компе-тенттүү органдарына милдеттенмелерди салуу максатында түшүндүрүлбөөгөтийиш: а) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына жана адми-нистрациялык практикасына карама-каршы келген администрациялык чараларколдонулбайт; Ь) мыйзамдар боюнча же тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин кадим-ки администрациялык практикасы боюнча алууга болбой турган маалымат бе-рилбейт; с) кандайдыр бир соода, экономикалык, өнөр жайлык, коммерциялык жекесиптик сырды же болбосо соода процессин ачып бере турган маалыматтыбербейт, же болбосо ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка карама-каршыкелген маалымат берилбейт. 27-статья. Дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктүн кызматкерлери Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу эл аралык укуктун жалпы норма-ларында же атайын Макулдашуулардын негизинде берилген Дипломатиялык жа-на консулдук өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин салыктык артыкчылыктарынатиешеси болбойт. 28-статья. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү Ушул Макулдашууга Макулдашкан Мамлекеттердин өз ара макулдугу бо-юнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Про-токолго жазылып, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жа-на ушул Макулдашуунун 29-статьясына ылайык күчүнө кирет. 29-статья. Күчүнө кириши Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттер тарабынан ушул Макулдашуу-ну күчүнө киргизүү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор атка-рылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө акыркыбилдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана анын жоболору: а) ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийинки жылдан кийинки кален-дарлык жылдын биринчи январынан тартып же биринчи январдан кийин төлөөбулагынан кармалуучу салыктарга карата; Ь) ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийинки календарлык жылдын би-ринчи январынан тартып же биринчи январдан кийин башталган ар кандайсалыктык мезгилде кирешеден жана капиталдан алынуучу башка салыктаргада карата колдонулат. 30-статья. Колдонулушун токтотуу Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекет анын колдонулушун токтотконгочейин күчүндө болот. Ар бир Макулдашкан Мамлекет Макулдашуунун күчүндипломатиялык каналдар боюнча Макулдашуу күчүнө киргенден кийинки бешжылдын ичиндеги ар кандай календарлык жыл аяктаганга чейин жок дегендеалты ай калганда анын колдонулушун токтотуу жөнүндө билдирүү берүү ар-кылуу токтото алат. Ушундай учурда Макулдашуу: а) ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө билдирүү бе-рилген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январынан тартып жебиринчи январдан кийин төлөө булагынан кармалган же эсепке алынган сум-мадагы салыктарга карата колдонулушун; Ь) ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө билдирүү бе-рилген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январынан тартып жебиринчи январдан кийин кирешеден же капиталдан алынган башка салыктаргакарата өзүнүн колдонулушун токтотот. Ушуну ырастап, төмөндө кол койгондор, тиешелүү дењээлде ыйгарымукук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту. Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-апрелинде ар бири кыргыз, молдованжана орус тилдеринде эки нускада жазылды, мында бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ болот. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда кандайдырбир пикир келишпестиктер келип чыкканда, орус тилиндеги текст негиз ка-тары аныкталат. Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн ПРОТОКОЛ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Молдова РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана ка-питалга салык салуу жаатында салык төлөөдөн четтөөнүн алдын алуужөнүндө Макулдашууга кол коюуда төмөндө кол койгондор кийинки жобо туу-ралуу макулдашты, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Молдовага карата алганда "туруктуу мекеме" жана "администрациялыккичи бөлүм" деген терминдер "туруктуу өкүлчүлүк" жана тиешелүү түрдө"администрациялык-аймактык бирдикти" билдирет. Ушуну ырастоо үчүн, төмөндө кол койгондор, тиешелүү дењээлде ыйга-рым укук берилгендер ушул Протоколго кол коюшту. Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-апрелинде ар бири кыргыз, молдованжана орус тилдеринде эки нускада жазылды, мында бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ болот. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда кандайдырбир пикир келишпестиктер келип чыкканда, орус тилиндеги текст негиз ка-тары аныкталат. Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн