Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-декабры № 162 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган кирешеге жана капиталга салыктарды кош салык салуудан качуу тууралу жана салык төлөөдөн баш тартууну болтурбоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республика-сынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган кирешеге жана капиталга салыктарды кош салык салуудан качуу тууралу жана салык төлөөдөн баш тартууну болтурбоо жөнүндө
Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Молдова Республика-сынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев