КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 13-февралындагы № 46 Мыйзамы менен ратификацияланган Душанбе шаары2005-жылдын 18-майы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, ынак коњшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык маанайында аракет-тенип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Тажикстан Республи-касынын Премьер-министринин ортосунда жогорку вольттогу электр өткөрүүлиниясын жана автомобиль жолун куруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүпберүү маселеси боюнча 2004-жылдын 21-майында болуп өткөн жолугушуунунПротоколундагы жоболорго негизденип, жогорку вольттогу электр өткөрүү линиясын жана автомобиль жолункуруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүп берүүнү камсыз кылуу максатын-да, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар аныкталган тартипте бир айлык мөөнөттүн ичинде төмөнкүжер участокторун бөлүп берүү маселесин чечишет: - Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районунун айма-гында Тажикстан Республикасы үчүн 220 кВ электр өткөрүү линиясын курууүчүн гана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын "Айгүл-Таш" подстан-циясынан Тажикстан Республикасынын Согду областынын "Канибадам" подс-танциясын карай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык; - Тажикстан Республикасынын Согду областынын Исфара районунун ай-магында, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун кыргыз-тажик мамлекет-тик чегарасынын линиясы менен кесилишкен жердеги чекитинен баштап,Ош-Исфана автомобиль жолунун чыгыш тарабынан, Кыргыз РеспубликасынаОш-Исфана автомобиль жолунун участогун куруу үчүн гана жер участогу,Тажикстан Республикасынын Согду областынын Исфара районунун Сурх айылы-нан түндүгүрөөктө авариялык сел өткөрүүчү нук аркылуу көпүрө менен жанаИсфара-Ворух автожолунун үстүндөгү жол менен кошулган эстакадалык жолөткөргүч түрүндө, жана андан ары Исфара дарыясынын сол жээгин жана"Танги Сурх" тоосунун этегин бойлой батышты карай долбоорлонуп жатканавтомобиль жолу Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынынмамлекеттик чегараларынын линиясы менен батыш тарабынан кесилишкен, Шу-ристан сел өткөрүүчү нугу аркылуу көпүрө алдында өтүүчү чекитке, жана110 кВ электр өткөрүү линиясынын участкасы "Айгүл-Таш" подстанциясынанТажикстан Республикасынын Ходжа-Ало Жаомата Чорку калктуу конушунантүштүктөгү "Самат" подстаициясына чейин, Тажикстан Республикасынын мый-замдарына ылайык (Тиркеме); Ош-Исфана автожолунун участкасындагы жасалма курулуштардын сандыккурамы деталдык долбоорлоонун жүрүшүндө такталат. Тиркеме бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2-статья. 220 кВ электр өткөрүү линиясын курууга байланыштуу турак үйлөрдүнжана имараттардын, ошондой эле башка курулуштардын, көп жылдык отургуз-ма өсүмдүктөрдүн мүмкүн болуучу алынып таштоолоруна, ошондой эле жериштеткен жарандардын жер участокторун алмаштырууга тиешелүү бардык ком-пенсациялык төлөмдөрдү кыргыз тарабы тартат, ал эми Ош-Исфана автожолу-нун участкасын жана 110 кВ электр өткөрүү линиясын курууга байланышканжогоруда белгиленген төлөмдөрдү тажик тарабы тартат. 3-статья. Бул Макулдашуунун алкагында иш жүзүндө өз ара аракеттешүүнү коор-динациялоо жана аны натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатындаТараптар биргелешкен комиссия түзүшөт, анын курамына Тараптардын ыйга-рым укуктуу органдарынын өкүлдөрү киришет. 4-статья. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашуугаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунунажырагыс бөлүгү болуп эсептелген атайын Протокол менен таризделет. Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосундапайда болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдүжана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет. 5-статья. Тараптар ушул Макулдашуунун 1-статьясында эскертилген жер участок-торун бири-бирине 49-жылдык мөөнөткө ижарага беришет жана жыл сайын 1АКШ доллары өлчөмүндөгү ижара акысын алышат. Бөлүнүп берилген жер участокторунда жогоруда аталган объектилердикурууга катышкан Тараптардын жарандарына жана транспорт каражаттарынабул объектилерди куруу жана иштетүү мөөнөтүнүн ичинде эч тоскоолдуксузкесип өтүү жана кыймылдап жүрүү укуктары берилет. 6-статья. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын орто-сундагы мамлекеттик чек ара сызыгын делимиттөөнү жана демаркациялоонужүргүзүү учурунда бул Макулдашуунун жоболоруна таянбоого тийиш. 7-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгүбилдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 49 жылдын ичинде кол-донулат. Бул Макулдашуунун аракети Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнчаузартылышы мүмкүн. Душанбе шаарында 2005-жылдын 18-майында эки түп нускада, ар бирикыргыз, орус жана тажик тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн