Бишкек шаары2006-жылдын 13-февралы № 46 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Дүйшөмбү шаарында 2005-жылдын 18-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө
Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралу тажик тарапка билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев