Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-июлундагы № 96
Мыйзамы менен ратификацияланган Париж шаары2005-жылдын 29-сентябры Расмий эмес котормо (консолидациялык мезгилди узартуу жөнүндө Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы карызды консолидациялоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Кыргыз Өкмөтү) менен Франция Рес-публикасынын Өкмөтү (Француз Өкмөтү) Париждик Клубдун Секретариатынын2002-жылдын 7-мартындагы Протоколуна толуктоо болуп эсептелген2005-жылдын 25-февралындагы катын аткаруу максатында, төмөндөгүлөржөнүндө макулдашышты: I-статья. Карыздын суммасы 1) Консолидацияланган карыз алгачкы тындыруу мөөнөтү бир жылданашык болгон жана 2001-жылдын 31-августуна чейин кол коюлган макулдашуу-га же башка каржылык документке ылайык Француз Өкмөтүнүн атынан КыргызӨкмөтүнө же Кыргызстандын Улуттук Банкына берилген же алардын кепилдигиалдында берилген Natexis Bangues Populaires заемдорунан (анын ичиндеконсолидациялоо жөнүндө мурдагы кош тараптуу макулдашуулар боюнча тын-дырылууга тийиш болгон төлөмдөрдөн) турат. 2) Аталган консолидация 1-1-статьяда көрсөтүлгөн карыздар боюнча2004-жылдын 6-декабрынан тартып 2005-жылдын толук 28-февралына чейинкимезгилде тындырылууга тийиш болгон жана төлөнбөгөн негизги сумманын100%на жана пайыздарга карата колдонулат. 3) 1-1 жана 2-статьяга ылайык карыздын тындырылууга тийиш болгонсуммасы 39589,06 ЕВРОну түзөт (
1-тиркеме). 4) Ушул Макулдашуунун Тараптар аталган Макулдашууда эскертилгенмакулдашуулар боюнча кабыл алган, ушул Макулдашуунун жоболоруна зыянкелтирбеген мыйзамдарга же милдеттенмелерге ылайык укуктарына тиешелүүболбойт. II статья. Франция Банкы тарабынан кайра каржылоо I тиркемеде көрсөтүлгөн карыз төмөндөгүдөй кайра каржыланат: 1) Франция Банкы Кыргызстандын Улуттук Банкынын агымдагы эсебинекайра каржылануучу карыздын суммасын кредиттейт; ошол эле мезгилдеФранция Банкы накта кредиторго карызды тындыруу үчүн КыргызстандынУлуттук Банкынын агымдагы эсебин дебеттейт. 2) Тараптар тиешелүү түрдө кол коюлган
I тиркеме топтолгон жанакайра каржылануучу карызды тындыруунун графиги болуп калаарына макулболушту. 3) VI статьяга тиешелүү болгон Аткаруу каты ушул статьяны аткарууүчүн Кыргызстандын Улуттук Банкынын агымдагы эсебин дебеттөө үчүн урук-сат берүү болуп саналат. III статья. Кайра каржылануучу карызды тындыруу Кыргыз Өкмөтү кайра каржыланучу карыздын суммасынын 100%ынтүздөн-түз Франция Банкына 20 бирдей жана ырааттуу жарым жылдыктөлөмдөр менен тындырат, мында биринчи төлөм 2013-жылдын 6-декабрындажана акыркы төлөм 2023-жылдын 6-июнунда жүзөгө ашырылууга тийиш. IV статья. Пайыздар 1) Кыргыз Өкмөтү кайра каржылануучу карызды II статьяга ылайык жа-на пролонгацияланган карызды VII-3 статьяга ылайык жылдык 3% пайыздыкставка боюнча тындырат. 2) Ушул пайыздык ставка кайра каржылоо датасынан тартып колдонулатжана накта ставканы алмаштырат (накта контракттык ставкалар жана шарт-тар, анын ичинде акыркы айып акылар кайра каржылоо датасына чейин кол-донулат). 3) a) Пайыздарды эсептөө жыл ичиндеги 360 күндүн базасында жана арбир жылдын 1-мартында жана 1-сентябрында аяктаган алты айлык мезгилдер-дин негизинде жүзөгө ашырылат. b) Чегерилген пайыздар ар бир жылдын 1-мартында жана 1-сентябрындатөлөнүүгө тийиш, мында биринчи төлөм 2005-жылдын 30-ноябрында жүзөгөашырылууга тийиш. Бирок кайра каржылануучу датага карата чегерилген па-йыздар Кыргызстандын Улуттук Банкына коюлган инвойсторго ылайык бир ай-дын ичинде төлөмгө коюлууга жана НАТЕКСИС Банкка төлөнүүгө тийиш. 4) Ушул Макулдашуу боюнча төлөм кечиктирилген учурда айыптык па-йыздык ставка жылдык 4% ставканы түзөт. V статья. Төлөм валютасы Ушул Макулдашуу боюнча бардык милдеттенмелер ЕВРО менен эсеп-телүүгө жана тындырылууга тийиш. Жалпы жоболор VI статья. Кыргызстандын Улуттук Банкы жана Франция Банкы ушул Макулдашуунунжоболорун аткарууда өз Өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катарыаракеттенүүгө тийиш. Ушул Макулдашуу боюнча бардык суммаларды төлөөнүныкмасы Кыргызстандын Улуттук Банкы жана Франция Банкы тарабынан кол ко-юлган Аткаруу катында аныкталат. VII статья. 1) Бардык тышкы мамлекеттик жана жеке менчик кредиторлордун алдын-дагы карызды тындырууда салыштырмалуулуктун шарттарын аткаруу максатын-да Кыргыз Өкмөтү кредиторлордун ар кандай категорияларынын арасындаушул Макулдашууда белгиленген шарттар менен салыштырмалуу шарттардааларды басмырлабай турган макулдашууга жетишүүгө милдеттенет. Ошондук-тан Кыргыз Өкмөтү бардык кредиторлор менен тындыруу мөөнөттөрү жанаструктурасы боюнча ушул Макулдашууда белгиленгенден ашпаган жагымдуушарттарда макулдашууга жетишүүгө милдеттенет. 2) Француз Өкмөтү ушул Макулдашуунун көчүрмөсүн Париждик Клубдунтөрагасына жиберет. 3) II статьяда көрсөтүлгөн кайра каржылануучу суммага 2004-жылдын6-декабрынан тартып 2005-жылдын толук 28-февралына чейинки мезгилде че-герилген пайыздардын 70%ы капиталдаштырылат жана жарым жылдык төрт бир-дей жана ырааттуу төлөмдөр менен төлөнөт, мында биринчи төлөм 2006-жыл-дын 6-декабрында жана акыркы төлөм 2008-жылдын 6-июнунда жүзөгө ашыры-лууга тийиш. VIII статья. I тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.Жањылыштык кеткендиги өз ара туура деп табылганда ага Тараптардын ма-кулдугу менен өзгөртүү киргизилиши мүмкүн. IX статья. Ушул Макулдашуу Тараптар бири бирин Макулдашууну күчүнө киргизүүүчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгыжөнүндө билдирген учурдан тартып күчүнө кирет. Парижде эки түп нускада, француз жана англис тилдеринде кол коюл-ду. Эки нуска тењ бирдей күчкө ээ болот. Кыргыз Республикасынын Француз Республикасынын Өкмөтү Өкмөтү
1-тиркеме NATEXIS BANQUES POPULAIRES Башкы секретариат Тышкы заемдор боюнча бөлүм КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ Карызды тындыруу графигинин ТҮШҮНДҮРМӨ ТАБЛИЦАСЫ 2004-жылдын 6-декабрынан 2005-жылдын 28-февралына чейин эсептелген пайыздардын жана негизги карыздын бөлүгү -----------------------------------------------------------------------|Кредиттин|кол коюлган|төлөмдүн|төлөмдөрдүн|негизги |пайыздар|бардыгы ||номери |датасы |мөөнөтү |графиги |сумма | | ||---------|-----------|--------|-----------|--------|--------|--------||903 ОА1 |24.12.1996 |31.12. | 002 |10130,54|2355,35 |12485,89|| | |2004 | 004 |21717,28|5385,89 |27103,17||---------|-----------|--------|-----------|--------|--------|--------||жыйынтыгы| | | |31847,82|7741,24 |39589,06|-----------------------------------------------------------------------
I тиркеме NATEXIS BANQUES POPULAIRES Башкы секретариат Тышкы заемдор боюнча бөлүм КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ТӨЛӨМДӨРДҮН ГРАФИГИ 2004-жылдын 6-декабрынан 2005-жылдын 28-февралына чейин эсептелген пайыздардын жана негизги карыздын бөлүгү евро-----------------------------------------------------------------------| төлөө мөөнөтү | негизги сумма | пайыздар | бардыгы ||-------------------|-------------------|--------------|--------------|| | 31847,82 | 7741,24 | 39589,06 ||-------------------|-------------------|--------------|--------------|| жыйынтыгы | 31847,82 | 7741,24 | 39589,06 |-----------------------------------------------------------------------