Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-январындагы №4
Мыйзамы менен ратификацияланган Ташкент шаары2006-жылдын 3-октябры Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, эки бир тууган мамлекеттин ортосундагы мамилелерди андан ары те-рењдетүүгө жана эки мамлекеттин жарандарынын ортосундагы карым-катнаш-тарды өнүктүрүүгө умтулгандыктарын билдиришип, Түбөлүк достук жөнүндө 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Респуб-ликасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы келишимдин жоболорунжетекчиликке алышып, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара барып-келүү тартибин жана шартта-рын жөнгө салуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1. Бул Макулдашуунун
№ 1 жана
№ 2 тиркемелеринде белгиленген жа-рактуу документтердин ээлери болуп саналган Тараптардын мамлекеттерининжарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткага чейинмөөнөткө визасыз кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө жана убактылууболууга укуктуу. 2. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткадан ашыкмөөнөткө кирүүгө жана болууга ниеттери бар Тараптардын мамлекеттерининжарандары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белгиленгентартипке ылайык визаларды тариздешет. 2-статья. 1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялыкөкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралыкуюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери болуп саналган жана жарактуудипломатиялык, кызматтык жана улуттук паспортторго ээ болгон Тараптар-дын биринин мамлекетинин жарандары өлкөнүн аймагына киргенден кийинаккредитацияны Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белги-ленген тартипке ылайык тариздешет жана аккредитация мөөнөтүнүн ичиндевизасыз болушат. 2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору аталган категориядагы жаран-дар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында расмий түрдө болгон учурдаалар менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялына жана бойгожете элек балдарына) карата дагы таратылат. 3-статья. Тараптар эл аралык каттоолор үчүн ачылган өткөрүү пункттары аркы-луу жарактуу жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ыла-йык тиешелүү түрдө таризделген, чегарадан өтүүгө укук берүүчү документ-терге ээ болгон Тараптардын мамлекеттеринин жарандарын үчүнчү өлкөлөргөөткөрүүгө милдеттенишет жана Тараптардын компетенттүү органдары үчүнчүөлкөлөргө чыгууга тыюу салган адамдардын үчүнчү өлкөлөргө чыгышын бол-турбоого зарыл чараларды көрүшөт. 4-статья. Тараптар бири-бирине ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу чөйрөсүбоюнча маселелер, анын ичинде адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн жанаээлеринин жарандыгын тастыктаган колдонуудагы документтер, аларда берүүжана пайдалануу тартибиндеги өзгөрүүлөр, Тараптардын мамлекеттерининаймактарында чет элдик жарандардын болуу эрежелери, ошондой эле тие-шелүү мыйзам актылары жөнүндө маалымдап турушат. Тараптар жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуу-нун N 1 жана N 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин тизмелеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу. Ошону менен бирге, жањы документтер киргизилсе же колдонуудагы до-кументтерге өзгөртүүлөр киргизилсе, Тараптар жогоруда аталган документ-тер же өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин 30 суткадан кеч эмес диплома-тиялык каналдар аркылуу алардын үлгүлөрүн алмашат. 5-статья. Тараптар бул Макулдашууга кол коюлгандан кийин ушул МакулдашуунунN 1 жана N 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин үлгүлөрүн дипло-матиялык каналдар аркылуу алмашат. 6-статья. Визаларды берүү үчүн консулдук жыйымдардын тарифтик чендерин Та-раптар ушул Макулдашуунун
№ 3 тиркемесине ылайык өз ара шарттарда анык-тайт. 7-статья. Тараптар өз ара шарттарда төмөнкү адамдарды визаларды берүү үчүнконсулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотот: Тараптардын ортосундагы келишимдерге ылайык илим, техника, билимберүү, маданият, искусство жана спорт тармагындагы алмашуу иретинде ба-ра жаткан адамдарды; Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга тењделгенадамдарды, 1 жана 2-топтордогу майыптарды - тиешелүү күбөлүктөрдүкөрсөткөн учурда; 16 жашка чейинки жана 60 жаштан өйдөкү жарандарды; Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан билим берүү ме-кемелеринде, курстарда билим алган адамдарды - чакырып жаткан билимберүү мекемелеринин расмий өтүнүчтөрүнүн негизинде. 8-статья. Бул Макулдашуунун аракети тараган эки Тараптын тењ мамлекеттерининжарандары Тараптардын биринин мамлекетинин аймагына мамлекеттик чегара-дан өткөрүү үчүн белгиленген өткөрүү пункттары аркылуу Тараптардын мам-лекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттик чегарадан өтүүгөзарыл болгон жол-жоболорду сактоо менен кирүүгө, чыгууга жана транзитменен өтүүгө укуктуу. Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттарынын тизмелери өзүнчөмакулдашуу менен аныкталат. 9-статья. Тараптардын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетининаймагында болгон убакта бул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын жана эре-желерин сактоого милдеттүү. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында кызматтык иштери боюнча бо-лушкан Тараптардын биринин мамлекетинин жарандарын бир жерге убактылуукаттоо жана каттоодон өткөрүү Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүүоргандары тарабынан ушул Макулдашуунун
№ 1 жана
№ 2 тиркемелеринде бел-гиленген документтердин, ошондой эле кызматтык жана ишсапаркүбөлүктөрүнүн негизинде пошлиналарды жана жыйымдарды алуусуз ишке ашы-рылат. Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында болуусужагымсыз деп саналган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын кир-гизүүдөн баш тартуу же алардын болуу убактысын чектөө укугуна таасиринтийгизбейт. 10-статья. Мамлекеттик чегаранын атайын бөлүнгөн участкасында Тараптардынмамлекеттери тарабынан жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарып жатышканТараптардын биринин мамлекетинин аскер кызматкерлеринин экинчи Тараптынмамлекетинин аймагы боюнча кирүү, транзит менен өтүү жана чыгуу тарти-бин Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган атайын протоколдун негизинде аныкташат. Тараптардын компетенттүү органдары дипломатиялык каналдар аркылууноталарды алмашуу жолу менен аныкталат. 11-статья. Өзгөчө учурларда (улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же жаран-дардын ден соолугуна коркунуч туудурулса, анын ичинде өзгөчө шарттардаж.б.) Тараптар бул Макулдашуунун же анын айрым-бир жоболорунун колдону-лушун убактылуу токтотуу укугун өз аркасында сактайт. Бул учурда кызыкдар Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынөз мамлекетинин аймагына визасыз киргизүүгө, чыгарууга, убактылуу бол-турууга жана транзит менен өткөрүүгө тиешелүү чектөөлөрдү коюшу мүмкүн,ал бул тууралуу жогоруда аталган чектөөлөр күчүнө киргенге чейин 72 са-ат мурун дипломатиялык каналдар аркылуу билдирет. 12-статья. Бул Макулдашууну колдонуунун натыйжасында келип чыккан маселелердиТараптар кењешмелерди жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечишет. 13-статья. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган жана Макулдашуунун 16-статьясында белгиленгентартипте күчүнө кирүүчү атайын Протоколдор менен таризделет. 14-статья. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасыкатышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Та-раптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. 15-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө2000-жылдын 2-июлундагы макулдашуу бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөнтартып өз күчүн жоготот. 16-статья. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жолжоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгүбилдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири булМакулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын рас-мий билдирүүсүн алган күндөн тартып 90 күн өткөнгө чейин колдонулат. Ташкент шаарында 2006-жылдын 3-октябрында эки түп нускада, ар бирикыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоо максатында орус тилиндегитекст пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 1 Тиркеме Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕСИ 1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорту; 2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту; 3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту; 4. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту; 5. төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жөнүндө маа-лыматтар бар вкладыш болгон учурда); 6. Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандарынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортто-рунун ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары чегара аркылуу четөлкөгө чыгуу баракчасын милдеттүү түрдө толтуруусуз өтүшөт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспортто-рунун (пластикалык ID-карталардын) ээлери болгон Кыргыз Республикасынынжарандары чегара аркылуу мамлекеттик чегарадан өткөндүгү жөнүндө белги-лерди коюу үчүн вкладыш (дата-штамп) болгон учурда өтүшөт.
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 2 Тиркеме Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Өзбекстан Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕСИ 1. Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык паспорту; 2. Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорту; 3. Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынынкүбөлүгү; 4. төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жөнүндө маа-лыматтар бар вкладыш болгон учурда); 5. Өзбекстан Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк. Эскертүү: Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чейинки бойго жете элек жаран-дары чегара аркылуу Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жара-нынын күбөлүктөрү же белгиленген тартипте бойго жете элек жарандаржөнүндө маалыматтар киргизилген ата-энелеринин же алардын мыйзамдууөкүлдөрүнүн паспорттору, же болбосо, төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк боюн-ча өтүшөт. Өзбекстан Республикасынын 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы жа-на колдорунда Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорттору бар бол-гон жарандары өлкөнүн аймагынан өз алдынча, ээрчитип жүргөн адамдарсызчыгууга укуктуу.
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга № 3 Тиркеме Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарына визаларды даярдоо үчүн консулдук жыйымдардын ТАРИФТИК ЧЕНДЕРИ Алты айга чейин - 10 АКШ доллары; Бир жылга чейин - 20 АКШ доллары; Визаларды узартуу үчүн жыйымдар визаларды даярдоо үчүн алынганчендер боюнча алынат. Эскертүү: Визаларды даярдоодо консулдук жыйымдарды алуу менен катар Тарап-тардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык накталай чыгымдардын ордунтолтуруунун эсебине айрым-бир суммалар дагы алынышы мүмкүн.