Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 6-июлу №180/25-8
Талас шаарындагы Алымкулов №111/1 көчөсүндөгү аянты 51282 м2 жер участогун Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
(Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 206/28-8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренисинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык мүлк жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 5-июлундагы №01-19/1767 чыгыш сандуу каты жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушунун негизинде карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. -Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануу укугундагы, Талас шаарынын Алымкулов көчөсү 111/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 5,1282 га жер участогун мамлекеттин менчигинен муниципалдык менчикке “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) жана социалдык мектеп, бала бакча жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында макулдук берилсин.
(Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 206/28-8 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Тѳрага | К.Джаныбеков |