Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 5-октябры №206/28-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №180/25-8 жана 2023-жылдын 19-июлундагы №193/26-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14-беренесине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 28.09.2023-жылдын №01-19/2583 чыгыш сандуу катынын жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №180/25-8 жана 2023-жылдын 19-июлундагы №193/26-8 сандуу токтомдорунун 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануу укугундагы, Талас шаарынын Алымкулов көчөсү 111/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 5,1282 га жер участогун мамлекеттин менчигинен муниципалдык менчикке “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) жана социалдык мектеп, бала бакча жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |