Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XXX сессия
2023-жылдын 23-августу № 1
Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Б.Байзаковдун кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармасынын 22.08.2023-жылдагы № чыг.04-4/8247 сандуу катты 23.08.2023-жылы Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын 4.02.2014-жылдагы кезектеги XII сессиясынын №8-токтомунун 1-пункту жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VIII чакырылышынын 4.12.2018-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын №11-токтомунун 1-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн аталышы белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, котормочу, барпычы, Фадеев атындагы алтын медалдын ээси маркум Түмөнбай Байзаков проспектиси (лат. Tumоnbay Baizakov) болуп өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков (мурдагы Московская) көчөсүнүн аталышы Кыргыз Тажик чек арасында орун алган кагылуушуда баатырларча курман болгон жоокер Малашев Даниелбек Алмазбековичтин (лат. Malashev Danielbek Almazbekovich) ысымына өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |