Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XIII сессия
2018-жылдын 04-декабры № 11
Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жана шаардын жаңы көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 23-августундагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде депутат Ш.Ташиевдин Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө максатында жасаган баяндамасын жана Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкаруусунан түшкөн катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын чечимине ылайык Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 23-августундагы № 1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын 7 га участкасынын аталышы жок 3-көчөсүнө эмгектин ардагери Ибраимов Махмуддун (лат. Ibraimov Mahmud) ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөнү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |