Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-июлундагы №105
Мыйзамы менен ратификацияланган Сеул шаары2006-жылдын 11-июлу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнаштарын түзүү жөнүндөгү МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү жана Корея Республикасынын Өкмөтү, 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралыкжарандык авиация жөнүндө
конвенциянын принциптерин жана нормаларын же-текчиликке алышып, алардын тиешелүү аймактарынын ортосунда жана алардан сырткары абакатнашын түзүү максатында макулдашуу түзүүнү каалоо менен төмөнкүлөржөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктама Ушул Макулдашуу үчүн эгер контекстте кандайдыр бир башка нерсе ка-ралбаса, төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: (а) "конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюуүчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны түшүндүрөтжана ушул Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынган тиркемени,ошондой эле 90 жана 94-статьяларга ылайык кабыл алынган ушул тиркемегеже Конвенцияга ар кандай өзгөртүүлөрдү камтыйт, анткени бул тиркемелержана өзгөртүүлөр макулдашуучу эки тарап үчүн жарактуу; (б) "авиациялык бийликтер" термини Кыргыз Республикасына каратаТранспорт жана коммуникациялар министрин, ал эми Корея Республикасынакарата Курулуш жана транспорт министрлигин, же эки учурда тењ азыркыучурда аталган авиациялык бийликтер тарабынан аткарылуучу милдеттердиаткарууга ыйгарым укук берилген ар кандай башка адамды же органды бил-дирет; (в) "аймак" термини "Мамлекетке карата көз карандысыз, сюзерендикмамлекеттеги ушул Мамлекеттин коргоосундагы же мандатындагы жер жанаага чектеш суу аймактарын билдирет; (г) "аба катнаштары", "эл аралык аба катнаштары", "авиакомпания"жана "коммерциялык эмес максатта токтоо" терминдери Конвенциянын96-статьясында аларга берилгендерге ылайык мааниге ээ болот; (д) "дайындалган авиакомпания" термини Макулдашуучу тараптын биридайындап, ал жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун3-статьясына ылайык жазуу жүзүндө билдирген авиакомпанияны түшүндүрөт; (е) "көлөм" термини: - аба кемесине карата берилген маршруттагы же маршруттунбөлүгүндөгү ушул самолетту пайдалуу коммерциялык жүктөөнү түшүндүрөт; - келишимдик линияларга карата маршрут же маршруттун бөлүгү боюнчаубакыттын белгилүү мезгилинде ушул самолеттун учууларды аткаруу жышты-гына көбөйтүлгөн, ушундай линияда пайдаланылуучу аба кемесинин сыйымду-улугун билдирет; (ж) "ташуу" термини жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны ташуунутүшүндүрөт; (з) "тариф" термини жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга төлөнүүчүставкаларды, ошондой эле почтаны ташуу баасын жана шарттарын кошпогондоАгенттик жана башка кошумча кызматтарды көрсөтүү ставкаларын жана шарт-тарын камтуу менен ушул ставкалар колдонулуучу шарттарды түшүндүрөт; (и) "тиркеме" термини ушул Макулдашууга тиркемени же ушул Макулда-шуунун 17-статьясынын жоболоруна ылайык киргизилген түзөтүүлөрдүтүшүндүрөт. Бул Тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсеп-телет жана Макулдашууга бардык шилтемелер макулдашылгандардан башкаТиркемеге шилтемелерди камтыйт. 2-статья. Укуктарды берүү 1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Ма-кулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн расписание жана маршрут боюнча Эларалык аба катнаштарын түзүү максатында ушул Макулдашууда каралганукуктарды берет. Мындай катнаштар жана маршруттар мындан ары тиешелүүтүрдө "келишимдик линиялар" жана "белгиленген маршруттар" деп аталат.Ар бир Макулдашуучу тарап дайындаган жана белгиленген маршрут боюнчааба катнашуусун ишке ашыруучу авиакомпания төмөнкү укуктарды пайдала-нат: а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагынан конбостон учуп өтүү; б) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына Тиркемеде белгиленгенпункттарда коммерциялык эмес максаттарда конуу; в) ушул Макулдашуунун Тиркемесинде аныкталгандай белгиленген марш-руттардын каалаган пунктунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны алуужана түшүрүү. 2. Ушул статьянын 1-пункту бир Макулдашуучу тараптын дайындалганавиакомпанияларына башка Макулдашуучу тараптын аймагында жүргүнчүлөрдү.жүктөрдү жана почтаны алууга (эгерде алар акыга же жалданма түрдө башкаМакулдашуучу тараптын аймагындагы пунктка алынып баратса) привелегияберилет деп каралбасын. 3-статья. Авиакомпаниялардын дайындалышы 1. Ар бир Макулдашуучу тарап белгиленген маршрут боюнча келишимдиклинияларды пайдалануу максатында бир же андан көп авиакомпанияларды да-йындоого укуктуу. Авиакомпанияны дайындаганы жөнүндө Макулдашуучу тарапжазуу жүзүндө экинчи Макулдашуучу тарапка билдирет. 2. Мындай билдирүүнү алгандан кийин экинчи Макулдашуучу тарап ушулСтатьянын 3 жана 4-пункттарына ылайык кечиктирбестен дайындалган авиа-компанияга учууга тиешелүү уруксат берет. 3. Бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулда-шуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан эл аралык аба линияларынпайдаланууда ушул бийликтер тарабынан адатта колдонулуучу мыйзамдардажана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарды аткарууга жөндөмдүү экенине да-лилдөөлөрдү талап кылышы мүмкүн. 4. Ар бир Макулдашуучу тарап авиакомпаниянын дайындоосун кабылалуудан баш тартууга же ушул Статьянын 2-пунктуна ылайык учууга уруксатберүүдөн баш тартууга, же ушул авиакомпанияга артыкчылыктуу ээлик кылуужана чыныгы контроль ушул авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тарап-ка же анын жарандарына таандык болгонуна аталган Макулдашуучу тарап ка-нааттанбаган ар кандай учурда ушул Макулдашуунун 2-статьясында белги-ленген укуктарды дайындалган авиакомпания пайдаланууда ал зарыл депэсептеген шарттарды аткарууну талап кылууга укуктуу. 5. Демек, ушул Статьянын 2-пунктуна ылайык дайындалган жана ыйга-рым укук берилген авиакомпания келишимдик линияларды пайдаланууну баш-тай берсе болот, анткени ташуулардын көлөмү 6-статья менен жөнгө салы-нат, ал эми ушул Макулдашуунун 8-статьясынын жоболоруна ылайык белги-ленген тариф колдонууга киргизилген. 4-статья. Иш-аракетти жоюу же токтотуу 1. Ар бир Макулдашуучу тарап дайындалган авиакомпания тарабынанэкинчи Макулдашуучу тарапка берилген, ушул Макулдашуунун 2-статьясындакөрсөтүлгөн укуктарды пайдаланууну токтотууга же учууга берилген урук-сатты жокко чыгарууга, же берилген укуктарды пайдаланууда ал зарыл депэсептеген төмөнкүдөй шарттарды аткарууну талап кылууга укуктуу: а) эгер ушул авиакомпанияга артыкчылыктуу ээлик кылуу же чыныгыконтроль Макулдашуучу тарапка же анын жаранына таандыктыгына ал канаат-танбаган ар кандай учурда, же б) эгер ушул авиакомпания ушул укуктарды берүүчү Макулдашуучу та-раптын мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаган учурда, же в) эгер авиакомпания кандайдыр бир башкача түрдө ушул Макулдашуудакөрсөтмө берилген шарттарды сактабаган учурда. 2. Эгер ушул Статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттардын аткары-лышын жокко чыгаруу, токтотуу же талап кылуу боюнча кечиктирилгисиш-аракет мыйзамдарды жана эрежелерди андан ары бузууну алдын алуу үчүнзарыл болуп эсептелбесе; анда мындай укук ар бир Макулдашуучу тарап та-рабынан экинчи Макулдашуучу тарап менен консультация жүргүзгөндөн кийингана пайдаланылат. 5-статья. Мыйзамдарды колдонуу 1. Ар бир Макулдашуучу тараптын мыйзамдары жана эрежелери биринчиМакулдашуучу тараптын аймагына келүү, токтоо, жөнөө жана аймагынынүстүнөн учуп өтүү учурунда экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясыдайындаган аба кемелерин навигациялоого жана пайдаланууга колдонулат. 2. Ар бир Макулдашуучу тараптын анын аймагына келүүчү же кетүүчүжүргүнчүлөргө, экипаждарга, жүктөргө тиешелүү мыйзамдар жана эрежелер,айрым алганда паспорттук, бажылык, валюталык жана санитариялык-каран-тиндик формалдуулуктарды жөнгө салуучу эрежелер экинчи Макулдашуучу та-рап тарабынан дайындалган авиакомпаниянын аба кемесинде ушул Макулдашу-учу тараптын аймагына келүүчү же аймагынан кетүүчү жүргүнчүлөргө, эки-паждарга, жүктөргө жана почтага колдонулат. 6-статья. Сыйымдуулук 1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларына тие-шелүү аймактардын жана алардын чегинен сырткаркы аймактардын ортосунда-гы белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линияларды пайдалануунунакыйкат жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү берилет. 2. Келишимдик линияларды пайдаланууда ар бир Макулдашуучу тараптындайындалган авиакомпаниялары ошол эле маршрут же анын бөлүгү боюнчаавиалинияны пайдалануучу экинчи авиакомпаниянын ташууларына зыян кел-тирбес үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынынкызыкчылыктарын көњүлгө алат. 3. Ар кандай белгиленген маршрут боюнча бир Макулдашуучу тараптындайындалган авиакомпаниясы аткаруучу ташуулардын көлөмү экинчи Макулда-шуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы аткаруучу ташууларынын көлөмүменен бирге белгиленген маршрут боюнча аба ташууларында коомдук муктаж-дыктарга алгылыктуу катышта ылайык келет. 4. Ушул Статьянын мурунку пункттарында көрсөтүлгөн принциптердипайдалануу менен келишимдик линияларды тейлөөчү дайындалган авиакомпа-ниялардын ар бири каалаган Макулдашуучу тараптын аймагында башталып жа-на экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында аяктоочу ташууларда мүмкүнболгон муктаждыктарга жооп берген жүктөөнүн мүмкүн болгон коэффициентиучурунда ушундай көлөмдө камсыз кылуунун биринчи кезектеги милдети ка-тары болот. 5. Жүктөлгөн же түшүрүлгөн жүктү экинчи Макулдашуучу тараптын ай-магына авиакомпания тарабынан дайындалбаган Мамлекеттин аймагындагыбелгиленген маршруттагы пункттан (пунктка) жеткирүү кошумча мүнөзгө ээболот. Экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жайгашкан көрсөтүлгөнмаршрут боюнча пункттардын жана үчүнчү өлкөдөгү пункттардын ортосундагымындай ташууну ишке ашыруу укугу эл аралык аба транспортун мыйзам че-немдүү өнүктүрүү кызыкчылыгында төмөнкүдөй тартипте, көлөмдө жана тө-мөнкүлөргө ылайык жүргүзүлөт: а) авиакомпания дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагына(нан)жүргүзүлүүчү ташуулардын талаптарына; б) учуп өтүүчү маршруттар жаткан өлкөнүн же региондун талаптарынаылайык, ички жана регионалдык аба ташууларды эске алганда; жана в) конуусуз тейлөө талаптарына. 7-статья. Статистикалык маалыматтарды берүү 1. Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучутараптын авиациялык бийликтерине алардын талабы боюнча биринчи Макулда-шуучу тараптын авиакомпаниясы дайындаган келишимдик линияларда аткары-луучу ташуулардын көлөмүн кароо максатында акылга сыярлык талап кылыны-шы мүмкүн болгон мезгилдүү же башка статистикалык маалыматтарды берет.Мындай маалыматтар келишимдик линияларда ушул авиакомпаниялар ишкеашырган ташуулардын санын аныктоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматты,ошондой эле ушундай ташуулардын башталышын жана багытын камтыйт. 2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн дайындалган авиакомпаниясынакүн мурунтан экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине та-рифтердин, расписаниелердин, алардын ар кандай өзгөрүүлөрүн камтуу ме-нен көчүрмөлөрүн жана ар бир белгиленген маршрут боюнча ташуулардынкөлөмү жөнүндө маалыматтарды жана ар кандай кошумча маалыматтарды кам-туу менен келишимдик линияларды пайдаланууга карата каалаган башка тие-шелүү маалыматтарды берүүгө милдеттендирет, ал ушул Макулдашуунун та-лаптары тиешелүү түрдө сакталышын аныктоо үчүн экинчи Макулдашуучу та-раптын авиациялык бийликтерине керек болушу мүмкүн. 3. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн дайындалган авиакомпаниясынэкинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине жөнөтүү жана келүүпункттарын көрсөтүү менен бирге келишимдик линиялар боюнча аткарылганташууларга карата статистикалык маалыматтарды берүүнү милдеттендирет. 8-статья. Тарифтер 1. Бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы тарабынан экинчи Ма-кулдашуучу тараптын аймагына же аймагынан ташыгандыгына алынуучу тариф-тер пайдаланууга кетүүчү чыгымдарды, мүмкүн болгон пайданы, тейлөөнүнмүнөзүн (ылдамдыктын стандарттарын жана жайгаштырылышын) камтып, бардыктиешелүү факторлорду жана белгиленген маршруттун каалаган бөлүгүндөгүбашка авиакомпаниялардын тарифтерин эске алуу менен мүмкүн болгондењгээлде белгилениши керек. 2. Ушул Статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер эки Макулдашуу-чу тараптын тењ тиешелүү дайындалган авиакомпанияларынын ортосундагы арбир белгиленген маршруттарга же алардын бөлүктөрүнө карата мүмкүнчүлүк-кө жараша макулдашылышы керек жана мындай макулдашууга, эгер ал мүмкүнболсо Аба Транспортунун Эл аралык Ассоциациясынын (ИАТА) процедураларынколдонуу жолу менен жетишилет. 3. Ушундайча макулдашылган тарифтер аларды киргизүүнүн болжолдо-нуучу датасына чейин алтымыш (60) күн мурун эки Макулдашуучу тараптынтењ авиациялык бийликтеринин жактыруусуна берилет. Өзгөчө учурларда булмөөнөт өз ара макулдашуу боюнча кыскартылышы мүмкүн. 4. Мындай жактыруу шашылыш тартипте да берилиши мүмкүн; эгер ушулСтатьянын 3-пунктуна ылайык тарифтерди берген датадан баштап отуз (30)күндүн ичинде авиациялык бийликтердин бири да жактыруу бербегендигинбилдирбесе, бул тарифтер жактырылды деп эсептелет. 3-пункттакөрсөтүлгөндөй документ берилүүгө тийиш болгон мөөнөт кыскарган учурдаавиациялык бийликтер ар кандай макул эместиктер туюнтулушу мүмкүн бол-гон мөөнөт отуз (30) күндөн аз болушун макулдаша алышат. 5. Эгер тарифтер ушул Статьянын 2-пунктунун жоболоруна ылайык ма-кулдашылышы мүмкүн эмес болсо же эгерде ушул Статьянын 4-пунктундакөрсөтүлгөн мезгилдин ичинде авиациялык бийликтердин бири кайсыл бирмакулдашылган тариф менен өзүнүн макул эместиги жөнүндө экинчи авиация-лык бийликтерге билдирсе, ушул Статьянын 3-пунктуна ылайык, анда экиМакулдашуучу тараптын тењ авиациялык бийликтери өз ара макулдашуу жолуменен тарифтерди белгилөөгө аракеттенүүлөрү керек. 6. Эгер авиациялык бийликтер ушул Статьянын 3-пунктуна ылайык каа-лаган тарифти кабыл алуу боюнча макулдашууга жетише апышпаса же ушулСтатьянын 7-пунктуна ылайык аныктай албаса, анда пикир келишпестик ушулМакулдашуунун 15-статьясынын жоболоруна ылайык жөнгө салынууга тийиш. 7. Ушул Статьянын жоболоруна ылайык белгиленген тарифтер жањыларыбелгиленгенге чейин күчүндө калат. Бирок, ушул пунктка ылайык тарифтер-дин колдонулуу мөөнөтү (12) он эки айдан ашык мөөнөткө узартылбооготийиш, андан кийин алар жараксыз деп табылат. 9-статья. Коммерциялык иш-аракет 1. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына келишим-дик линияларды пайдаланууну камсыздоо үчүн экинчи Макулдашуучу тараптынаймагына келүү, жашоо жана иштөө жөнүндө мыйзамдарга жана эрежелергеылайык экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында зарыл болгон администра-тивдик, коммерциялык жана техникалык персоналы менен өзүнүн өкүлчүлүгүначууга укук берилет. 2. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Ма-кулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында өздөрүнүн ташуу документте-рин пайдалануу менен авиаташууларын өз алдынча сатууга жана ушул экинчиМакулдашуучу тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык аларды сатуубоюнча агенттерди дайындоого укуктуу болот. 10-статья. Кирешелерди которуу Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалганавиакомпаниясына Макулдашуучу тараптардын ошол учурдагы колдонулуп жат-кан валюта алмашуу эрежелерине жана мыйзамдарына ылайык каалаган эркинөтүмдүү валютада, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташууга байла-ныштуу биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында авиакомпания тарабынаналынган кирешенин чыгашадан ашкан суммасын которуу укугун берет. 11-статья. Бажы жыйымдарынан жана башка ушундай алымдардан бошотуу 1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларынын Эларалык линияларда пайдаланылуучу аба кемелери, ошондой эле алардынборттук жабдуулары, запастык бөлүктөрү, май жана майлоочу материалдардыташуу, ошондой эле ушундай кеменин бортундагы борттук запастары (та-мак-аш, суусундуктар, тамеки буюмдары) экинчи Макулдашуучу тараптын ай-магына келгенде мындай жабдуулар жана запастар аларды кайра алып кет-кенге чейин аба кемесинин бортунда болгон шартта ар бир Макулдашуучутараптын мыйзамдарынын жана эрежелеринин колдонуудагы жоболоруна ылайыкбардык бажылык пошлиналардан, инспекциялык жыйымдардан жана башка ушулсыяктуу сарптоолордон бошотулат. 2. Тейлөө үчүн тиешелүү сарптоолорду кошпогондо ар бир Макулдашуу-чу тараптын аймагында колдонулуучу мыйзамдардын жана эрежелердин жобо-лоруна ылайык жыйымдардан, пошлиналардан жана башка салыктардантөмөнкүлөр да бошотулат: а) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуучу тараптардын компетенттүү бий-ликтери белгилеген лимиттин чегинде Макулдашуучу тараптардын бирининаймагында бортко алынган жана экинчи Макулдашуучу тараптын келишимдиклиниясында пайдаланылуучу кеменин бортунда пайдалануу үчүн арналганборттук запастар: б) кыймылдаткычтарды кошкондо, экинчи Макулдашуучу тараптын дайын-далган авиакомпанияларынын келишимдик линияда пайдаланылуучу аба кеме-син кармоо же ремонттоо үчүн Макулдашуучу тараптын биринин аймагынаалып келинген запастык бөлүктөр; в) аба кемесин жабдуу жана экинчи Макулдашуучу тараптын дайындал-ган авиакомпаниясы тарабынан макулдашылуучу тейлөө боюнча аны пайдала-нуу үчүн арналган май, майлоочу материалдар жана керектелүүчү техника-лык шаймандар, ал түгүл бул шаймандар Макулдашуучу тараптын борткоалынган аймагындагы маршрут участкасында пайдаланылып калышы мүмкүн. Ушул пункттун а), б) жана в) пунктчаларында саналган материалдарталап боюнча бажы бийликтеринин контролунда же көз салуусунда болушумүмкүн. 3. Макулдашуучу тараптын биринин аба кемесинин бортундагы матери-алдар жана запастар сыяктуу эле табелдик жабдуулар, муну экинчи Макул-дашуучу тараптын бажы бийликтеринин жактыруусу менен гана экинчи Макул-дашуучу тараптын аймагына түшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда алар кайра алы-нып кеткенге же бажы эрежелерине ылайык башка багыт алганга чейин эс-кертилген бийликтердин көз салуусунда жайгаштырылууга тийиш. 12-статья. Авиациялык коопсуздук 1. Макулдашуучу тараптар жарандык авиациянын коопсуздугун коргообоюнча алардын милдеттенмелери мыйзамсыз кийлигишүү актыларына ушул Ма-кулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөөрүн кайрадан ырасташат. Макулдашуучутараптар жекече алганда Аба кемесинин бортунда болгон кылмыштар жанаайрым башка актылар жөнүндө 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол ко-юлган конвенциянын, Аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуу менен күрөшүү бо-юнча 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган конвенциянын, Жаран-дык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган актыларга бөгөт коюу бо-юнча 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган конвенциянын жанаЭл аралык авиакомпаниялар тейлөөчү аэропорттордо күч колдонуунун мый-замсыз актылары менен күрөшүү боюнча 1988-жылдын 24-февралында Монреал-да кол коюлган протоколдун же Макулдашуучу тараптар мүчөсү болуучу Ави-ациялык коопсуздук боюнча ар кандай башка конвенциянын жоболоруна ылай-ык аракеттенүүгө милдеттенишет. 2. Макулдашуучу тараптар аба кемесин мыйзамсыз басып алуу актысынжана жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, аба кемесинин, аэропорттордун жана аэ-ронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мый-замсыз актыларды, же жарандык авиациянын коопсуздугуна болгон ар кандайкоркунучтарды болтурбоо максатында бири бирине өтүнүчтөрү боюнча бардыкзарыл болгон жардам көрсөтүүнү камсыз кылышат. 3. Тараптар Эл аралык жарандык авиация уюму белгилеген жана Эларалык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенцияга тиркеме катары аталганавиациялык коопсуздук жөнүндө жобого ылайык бул жоболор Тараптарга кол-донулуучу дењгээлде иш жүргүзүшөт; алар өздөрү дайындаган аба кемесинпайдалануучулар же негизги иш жүргүзгөн жери же дайыма болуучу жериалардын аймагында болгон аба кемелеринин пайдалануучулары жана алардынаймагындагы аэропорттордун пайдалануучулары авиациялык коопсуздук боюн-ча ушундай жоболорго ылайык иш жүргүзүүнү талап кылышат. 4. Ар бир Макулдашуучу тарап 3-пунктка зыян келтирбестен ар кандайкошумча чараларды көрө алышат, ал болсо жүргүнчүлөрдү, экипажды, алар-дын кол жүктөрүн, ошондой эле жүктөөрдүн же түшүрөөрдүн алдында само-леттун жүктөрүн жана запастарын текшерүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл бо-луп эсептелет. Ар бир Тарап конкреттүү коркунучка байланыштуу коопсуз-дук чараларын көрүү жөнүндө экинчи Макулдашуучу тараптын ар кандай өтү-нүчүн жактыруу менен карайт. 5. Аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэро-порттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы ба-гытталган мыйзамсыз актылар менен байланышкан инцидент же инциденттинкоркунучу орун алган учурда Макулдашуучу тараптар мындай инцидентке жеанын опузасына тез жана коопсуз бөгөт коюу максатында байланыш каражат-тарынын жардамы же башка тиешелүү чараларды көрүү менен бири биринежардам көрсөтүшөт. 6. Эгер Макулдашуучу тараптардын бири авиациялык коопсуздукту кам-сыз кылуучу ушул Статьянын жоболорунан четтеп кетсе, анда экинчи Макул-дашуучу тараптын авиациялык бийликтери биринчи Макулдашуучу тараптынавиациялык бийликтери менен шашылыш консультация сурай алат. Мындайконсультациялар тынчсыздануунун түздөн түз себептерин четтетүү үчүн жа-на коопсуздуктун тиешелүү шарттарын аныктоо үчүн зарыл болгон ИКАОнуниш-аракеттеринин коопсуздук стандарттарынын алкагында көрүүгө зарылболгон чаралар боюнча макулдашууга жетишүүгө багытталат. 13-статья. Учуулардын коопсуздугу 1. Ар бир Макулдашуучу тарап каалаган учурунда аэронавигациялыккаражаттарга, учуу экипажына, аба кемесине жана аба кемесин пайдалануу-га тиешелүү жагдайда экинчи Макулдашуучу тарап сактоочу учуулардынкоопсуздук нормаларына карата консультациялар жөнүндө өтүнүч менен кай-рылгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде жүргүзүлөт. 2. Эгер ушундай консультациялардын натыйжасында бир Макулдашуучутарап экинчи Макулдашуучу тараптын Конвенцияларга ылайык колдонулуучуСтандарттарга туура келүүчү учуулардын коопсуздук нормаларын сактоонужана сактоолору үчүн натыйжалуу контролду ушул Статьянын 1-пунктундакөрсөтүлгөн жагдайларда камсыз кылбай жатканын тапса, ИКАОнун стандарт-тарын аткаруу үчүн зарыл деп эсептелген ушундай жыйынтыктар жана чара-лар жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка маалымдалат. Ушундан кийинэкинчи Макулдашуучу тарап макулдашылган мезгил ичинде тиешелүүтүзөтүүчү иш-аракеттерди көрөт. 3. Конвенциянын 16-статьясына ылайык Макулдашуучу тараптар экинчиМакулдашуучу тараптын аймагына же аймагынан учуу үчүн биринчи Макулда-шуучу тараптын авиакомпаниясы же анын атынан пайдаланылуучу ар кандайаба кемеси экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында болуу менен аба кеме-син пайдаланууда негизсиз кармоого алып келбеген шартта экинчи Макулда-шуучу тараптын ыйгарым укук берилген өкүлдөрү тарабынан текшерилишимүмкүн дегенди макулдашат. Чикаго конвенциясынын 33-статьясында эскер-тилген милдеттенмелерге карабастан бул текшерүүнүн максаты - аба кеме-синин тиешелүү документациясынын аныктыгын жана анын экипажынын жанааба кемесинин жабдуулары менен абалынын ушул учурда Конвенцияга ылайыкаракеттенүүчү Стандарттарга ылайык келишин текшерүү болуп эсептелет. 4. Эгер учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн авиакомпаниягакечиктирилгис иш-аракеттер зарыл болсо, ар бир Макулдашуучу тарап авиа-компаниялар же экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы тарабынанберилген иш-аракеттерди шашылыш токтотууга же пайдаланууга уруксаттыөзгөртүүгө укуктарын сактап калышат. 5. Бир Макулдашуучу тараптын ушул Статьянын 4-пунктуна ылайык кө-рүлүүчү ар кандай чаралары ушул чараларды көрүү үчүн негиз жок болорзамат токтотулат. 6. Ушул Статьянын 2-пунктуна, эгерде Макулдашуучу тараптардын биримакулдашылган мезгил аяктагандан кийин ИКАОнун стандарттарын сактабага-нын уланта бергени аныкталган учурда, бул жөнүндө ИКАОнун башкы катчы-сына билдирилүүгө тийиш экендиги ылайык келет. Башкы катчыга ошондойэле проблеманын андан кийинки канааттандыраарлык чечилиши жөнүндө бил-дирүү зарыл. 14-статья. Консультациялар 1. Ушул Макулдашууну аткарууга таасир этүүчү бардык маселелер бо-юнча тыгыз байланышты камсыз кылуу үчүн Макулдашуучу тараптардын авиа-циялык бийликтеринин ортосунда дайыма жана тез-тез консультацияларжүргүзүлүп турат. 2. Каалаган Макулдашуучу тарап каалаган учурунда экинчи Макулдашу-учу тараптан жазуу жүзүндө консультация сурай алат. Мындай консультацияушундай суроо-талапты алган күндөн баштап алтымыш (60) күндүн ичиндебашталат. 15-статья. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу 1. Ушул макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча Макулдашуучу та-раптардын ортосунда талаш-тартыш пайда болгон учурда Макулдашуучу та-раптар биринчи кезекте аны өз ара сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө ара-кеттенишет. 2. Эгерде эскертилген бийликтер макулдашууга келише алышпаса, та-лаш-тартыш каалаган Макулдашуучу тараптын өтүнүчү боюнча үч арбитрдентурган соттун кароосуна берилиши мүмкүн; Макулдашуучу тараптардын арбиринен бирден арбитр дайындалат, ал эми үчүнчү арбитр эки дайындалганарбитр тарабынан дайындалат, бирок үчүнчү арбитр бир да Макулдашуучутараптын жараны болбоого тийиш. Ар бир Макулдашуучу тарап өз арбитринбир Макулдашуучу тараптын экинчисинен дипломатиялык каналдар боюнча ар-битражда талаш-тартышты кароого суроо-талапты алган күндөн баштап алты-мыш (60) күндүн ичинде дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки алтымыш(60) күндүн ичинде дайындалат. Эгер Макулдашуучу тараптардын бири даарбитрин көрсөтүлгөн мезгилде дайындай алышпаса, же эгерде үчүнчү ар-битр көрсөтүлгөн мезгилде дайындалбаса, каалаган Макулдашуучу тарап ар-битрди же арбитрлерди дайындоо жөнүндө өтүнүчү менен Жарандык авиация-нын Эл аралык уюмунун Кењешинин президентине кайрыла алат. 3. Макулдашуучу тараптар ушул Статьянын 2-пунктуна ылайык ар кан-дай убактылуу рекомендацияларды кошкондо каалаган арбитраждык чечимдиаткарууга милдеттенишет. 4. Эгер каалаган Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясыушул статьянын 3-пунктунун талаптарын аткарбаса, экинчи Макулдашуучутарап ушул Макулдашууга ылайык берген каалаган укугун четтетүүгө, жоюу-га же токтотууга акылуу. 16-статья. Аба транспорту боюнча көп тараптуу конвенцияны колдонуу Эгер Макулдашуучу тараптардын бири тиркелген маршруттардын распи-саниесин камтуу менен ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жобосун өзгөр-түүнү кааласа, анда мындай өзгөртүү, эгерде аны Макулдашуучу тараптар-дын экөө тењ кабыл алса, эгерде 14-статьяга ылайык зарыл болгон кон-сультациялардан өткөрүлсө, анда дипломатиялык ноталарды алмашуу аркылууырастоодон кийин күчүнө кирет. 17-статья. Түзөтүүлөр Эгер Макулдашуучу тараптардын бири тиркелген маршруттардын распи-саниесин камтуу менен ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жобосунөзгөртүүнү кааласа, анда мындай өзгөртүү, эгерде аны Макулдашуучу та-раптардын экөө тењ кабыл алса, эгерде 14-статьяга ылайык зарыл болгонконсультациялардан өткөрүлсө, анда дипломатиялык ноталарды алмашуу ар-кылуу ырастоодон кийин күчүнө кирет. 18-статья. Макулдашуунун колдонулушун токтотуу Каалаган Макулдашуучу тарап каалаган учурунда экинчи Макулдашуучутарапка дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушунтоктотуу жөнүндө ниетин билдире алат. Мындай маалымдоо ошол эле учурдаЖарандык авиациянын Эл аралык уюмуна жиберилет. Макулдашуунун колдону-лушу экинчи Макулдашуучу тарап ушундай билдирүүнү алгандан бир жылданкийин токтотулат (эгерде көрсөтүлгөн билдирүү ушул мезгил өткөнгө чейинкайра суралып алынбаса). Экинчи Макулдашуучу тараптын билдирүү алганды-гы жөнүндө ырасатамасы жок болгон учурда Жарандык авиациянын Эл аралыкуюму билдирүү алгандан он төрт (14) күндөн кийин алынды деп эсептелет. 19-статья. Каттоо Ушул Макулдашуу жана ага ар кандай түзөтүүлөр Жарандык авиациянынЭл аралык уюмунда катталат. 20-статья. Күчүнө кириши Ушул Макулдашуу Тиркемени камтуу менен ар бир Макулдашуучу тараптарабынан конституциялык талаптарга ылайык катталууга жана ушул талап-тар аткарылгандыгын ырастоочу дипломатиялык ноталар алмашылган күндөнбаштап күчүнө кирүүгө тийиш. Ушуга күбө катары, өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тарабынан ыйгарымукук берилген төмөндө кол коюучу өкүлдөр ушул Макулдашууга кол коюшту. Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда эки түп нускада кыргыз, ко-рея, орус жана англис тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Тиркеме Расписание 1 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-паниялар) эки багытка тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз абакатнаштарын аткарууга укуктуу:-----------------------------------------------------------------------|Жөнөтүү пункттары | Аралыктык | Багытталган пункту |Чектен тышкаркы|| | пункттар | | пункттар ||------------------|-------------|--------------------|---------------||Бишкек жана Кыргыз|Үчүнчү |Сеул жана Корея |Үчүнчү ||Республикасындагы |өлкөлөрдөгү |Республикасындагы |өлкөлөрдөгү ||башка пункттар |пункттар |башка пункттар |пункттар |----------------------------------------------------------------------- Расписание 2 2. Корея Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-паниялар) эки багытка тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз абакатнаштарын аткарууга укуктуу:-----------------------------------------------------------------------|Жөнөтүү пункттары | Аралыктык | Багытталган пункту |Чектен тышкаркы|| | пункттар | | пункттар ||------------------|-------------|--------------------|---------------||Сеул жана Корея |Үчүнчү |Бишкек жана Кыргыз |Үчүнчү ||Республикасындагы |өлкөлөрдөгү |Республикасындагы |өлкөлөрдөгү ||башка пункттар |пункттар |башка пункттар |пункттар |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: 1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары маршруттааба катнаштарын ишке ашыруу Макулдашуучу тараптардын жөнөтүү пунктта-рында башталган шартта маршруттун жогоруда көрсөтүлгөн пункттарынын ка-алаганынан сырткары жүрө алат. 2. Аралыктык пункттар жана чектен тышкаркы пункттар Макулдашуучутараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолу мененаныкталууга тийиш. 3. Ортоњку жана соњку пункттар тууралу Макулдашуучу тараптардынавиациялык бийликтери өз ара сүйлөшүүлөрү зарыл. 4. Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынын бир та-раптуу ишмердүүлүгү экинчи Макулдашуучу тараптын уруксаты аркылуу жанаэки Тараптын тењ дайындалган авиакомпанияларынын өз ара макулдашуулары-нан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Эскертүү: Текст түп нусканын стиилистикасын, пунктуациясына сактооменен берилген.