Бишкек шаары2007-жылдын 30-июлу № 105 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2006-жылдын 11-июлунда Сеул шаарында кол коюлган аба катнашын орнотуу тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 2007-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2006-жылдын 11-июлунда Сеул шаарында кол коюлган аба катнашын ор-нотуу тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: - аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекетичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө корея-лык тарапка кабарлансын; - аталган Макулдашууну Эларалык жарандык авиация уюмуна каттатсын. 3-статья. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев