Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-ноябрындагы №169
Мыйзамы менен ратификацияланган Анкара шаары2006-жылдын 5-сентябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Түркия Республикасынын Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосунда болгон достук мамилелердин негизинде жанаэки тараптуу социалдык-экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүжана техникалык кызматташтык жолу менен мамилелерин терењдетүү макса-тында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1. Бул Макулдашуунун чегинде Тараптардын кызматташтыктын максатыэки өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болупэсептелет. 2. Бул Макулдашуу Тараптардын ортосундагы техникалык кызматташтык-ты жүргүзүү үчүн жалпы эрежелерди белгилейт. Тараптар кээ бир биргелеш-кен техникалык долбоорлор боюнча кошумча макулдашууларга (мындан ары"долбоордук макулдашуулар") кол коюушу мүмкүн. Долбоорлордун биргелеш-кен түшүнүгү макулдашууларда аныкталат жана долбоордун максатын, Тарап-тардын милдеттерин жана статустарын, ошондой эле долбоорду иш ашырууүчүн программанын негизги элементтерин камтыйт. 3. Бул Макулдашуунун чегинде иштелип чыккан кызматташтык програм-маны кыргыз Тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигикоординациялайт жана түрк Тарабынан Түркия Республикасынын Премьер-Ми-нистринин аппаратына караштуу Түрк эл аралык кызматташтык боюнча агент-тиги (мындан ары "ТИКА"). 4. ТИКА программаларынын координациялык офиси (мындан ары "ПКО"),Кыргыз Республикасынын аймагында иш-аракеттерин координациялоо жолу ме-нен техникалык жардам берүү процессти жетектейт. ПКОнун милдети эконо-мика, технология, инфраструктура, маданият, билим берүү, саламаттыктысактоо жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү максатында прог-раммаларды жана долбоорлоду даярдоо ошондой эле Кыргыз Республикасынажардам берүү маселелерин координациялоо кирет. 2-статья. Түрк тарабы долбоордук макулдашуулардын чегинде ПКО аркылуу кыргызТарабына төмөнкү түрдө жардам көрсөтө алат: а) Кыргыз Республикасында түрк Тарабынын ыйгарым укук берилгенэксперттерди, адистерди, консультанттарды, ассистент жана жардамчы пер-соналды (мындан ары - ыйгарым укуктуу адистер) кыргыз Тарабына берүү; b) программалардын жана долбоорлордун чегинде колдонула турган ма-териалдарды жана жабдууларды берүү; с) кыргыз адистеринин, администрациялык кадрдык кызматкерлерди жа-на илимий изилдөөчүлөрдү даярдоо жана алардын квалификациясын жогорула-туу; d) жана Тараптардын максаттарына ылайык келген иш-аракеттердинбашка түрлөрүн жүргүзүү. 3-статья. Түрк Тарабы улуттук мыйзамдарга жана ушул Макулдашуунун шарттарынаылайык төмөнкү милдеттерди өзүнө алат: а) ПКОнун иш-аракеттери үчүн материалдарды жана жабдууларды берүү; b) ПКОго персоналды жумушка алуу (анын ичинде жергиликтүү персо-нал), аны жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек акы төлөө; с) ПКОну керектүү транспорт каражаттары менен камсыз кылуу; d) ПКОнун чыгымдарын жана ПКОнун персоналынын эмгек акысын төлөпберүү; е) техникалык жардам долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу жанабилим берүү программаларын каржылоо; f) жардамдарды координациялоо максатында адистерди жөнөтүү жанааларга эмгек акы төлөп берүү; g) кыргыз Тарабынын суроо-талабы боюнча жергиликтүү персоналга тө-лөнүп берилген кирешелер жөнүндө маалымат берүү; h) Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жана ТИКАнын КыргызРеспубликасындагы ар кандай долбоорлору менен программалары үчүн багыт-талган шаймандар жогоруда аталган долбоорлор менен программалар ишкеашырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн менчигине өткөрүпберүү. 4-статья. Кыргыз Тарабы улуттук мыйзамдарга жана ушул Макулдашуунун шартта-рына ылайык төмөнкү милдеттемелерди өзүнө алат: а) долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу убагында ыйгарым укуктууадистерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бардыккеректүү маалыматтарды берүү; b) ПКОнун ыйгарым укуктуу адистерине Кыргыз Республикасындаиш-аракеттерин жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү; с) ПКОго, координаторго, координатордун орун басарына дипломаттыкстатус, техникалык жардамы жүргүзүүчү башка эл аралык уюмдар үчүн ка-ралган статусу, артыкчылыктарды, кол тийбестикти, ошондой эле ГЖОнунавтомашиналарына дипломатиялык номерлерди берүү; d) ПКОнун, иш-аракеттери үчүн тиешелүү жай берүү; е) ПКОдон төлөнө турган электр энергия, суу, жылытуу жана башкасыяктуу офиске керектүү болгон тейлөөлөрдү берүү; f) ПКО үчүн расмий документтерди каттоонун жол-жоболорун жана баш-ка керектүү расмий жол-жоболорбу жөнөкөйлөтүү; g) түрк Тарабын долбоорлордо пайдалануу үчүн Түрк тарабынан ТИКАаркылуу берилген материалдарга, жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргөсалына турган бажы алымынан, салыктардан жана жыйымдардан, анын ичиндежергиликтүү салыктардан бошотуу; h) бул Макулдашуунун чегинде долбоорлорго катыша турган түрк адис-терине, алардын үй-бүлөөлөрүнө өлкөдө жашоосуна уруксатты жана башкауруксаттарды берүү, өздөрүнө тиешелүү буюмдарын алып келүүдө салыктар-дан бошотуу жана иш-аракеттери аяктаганда алардын өлкөдөн чыгарылышынауруксат берүү, кошумча нарк салыгы (КНС) менен бирдикте салыктардан,жыйымдардан жана алымдардан, башка эмгек акыга жана акча которууга(эгерде түрк адистери эмгек акыларын чет өлкөдөн ала турган болсо) алы-на турган финансылык милдеттемелерден бошотуу; i) бул Макулдашуунун чегинде иштей турган түрк адистерди, КыргызРеспубликасына техникалык кызматташтык максатында келген түрк адистеринтосууларда жана аларды узатууларда, паспорттук контроль аркылуу эч тос-коолдуксуз өтүшү үчүн керектүү артыкчылыктар менен камсыз кылуу; j) эгерде Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери окшош болгон эларалык уюмдарга, башка өлкөлөрдүн өкүлдүктөрүнө жана алардын персоналы-на тиешелүү берилген артыкчылыктар жогоруда эскертилген артыкчылыктар-дан алгылыктуу болуп калса, эњ тез арада ТИКАны жана анын персоналындал ушундай артыкчылыктар менен камсыз кылуу үчүн чара көрүү. 5-статья. Бул Макулдашуу, күчүнө кирген күндөн баштап, ишке ашырылып жатканжана башка биргелешип келечекте иштеле турган техникалык долбоорлоргокарата колдонулат. 6-статья. 1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичин-деги жол-жоболорду эки Тараптардын аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөакыркы билдирген күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Бул Макулдашуу бир жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер бир Тарапэкинчи Тарапка тиешелүү мөөнөт бүткөнгө чейин ушул Макулдашуунун колдо-нулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндө жок деген-де үч ай мурун билдирбесе анын колдонулушу кийинки бир мөөнөткө өзүнөнөзү узартылат. 3. Тараптардын өз ара макулдуулугу менен ушул Макулдашууга өзгөр-түүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунунажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул статьянын 1-пунктунда карал-ган тартипте күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделет. 4. Бул Макулдашуунун колдонулуу чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюн-ча Тараптардын ортосунда талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер пайдаболсо, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана кењешмелер жолу менен чечилет. 5. Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда, анын шарттарыушул Макулдашуунун колдонулушунун мезгилинде кол коюлган жана күчүнөкирген атайын макулдашууларын чегинде, аткарылбаган милдеттерге каратаколдонулат. Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында эки нускада, ар бирикыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында баардык текст-тер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун колдонулуу чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнчаТараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер орустилиндеги тексттин негизинде чечилет. Кыргыз Республикасы Түрк Республикасы Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн