Бишкек шаары2007-жылдын 15-ноябры № 169 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин иштери жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралу 1-статья. Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыКыргыз Республикасындагы ТИКА программаларынын координациялык офисиниништери жөнүндөгү
макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасыаталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндегижол-жоболорду аткарганы жөнүндө түрк тарапка билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2007-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган