Загрузка документа…
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) 2023-жылдын 17-февралындагы кезектеги 20-сессиясынын №20/70 токтомуна 1- тиркеме |
“Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасынын
ЖОБОСУ
1.Жалпы жоболор
1.1. “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасы уюштурулсун.
1.2. “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасынын жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анын милдеттерин жана ишинин укуктук, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
1.3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал бекитилген жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып колдонууга киргизилет.
1.4. Толук аталышы:
Орус тилинде - «Кызыл-Кийское городское муниципальное автотранспортное предприятие».
Кыргыз тилинде - “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасы.
1.5. Ишкананын уюштуруучусу: Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы.
1.6. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Кызыл-Кыя ш, Масалиев көч-60
1.7. Ишкананын өкүлчүлүктөрү же филиалдары жок.
2.Ишкананын юридикалык статусу
2.1. “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасы Муниципалдык ишкана болуп саналат.
2.2. Ишкана юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, банктардагы эсептери, бурчтук жана башка штамптары, бланктары жана башка реквизиттери болот.
2.3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларын жана Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү ченемдик жана укуктук актыларын жетекчиликке алат.
2.4.Ишкана чарба жүргүзүү укугунда негизделген, анын мүлкү жана кирешеси Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчиги болуп саналат жана бул ишканага ишкердик жүргүзүү үчүн бекитилет.
2.5. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган чектерде мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
2.6 Мүлк ээси өзү түзгөн ишкананын чарбалык карамагында турган мүлктү пайдалануудан түшкөн пайданын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
2.7. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же бул мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
2.8. Ишкана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
2.9. Ишкана өзүнүн уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын) милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
2.10. Уюштуруучу (уюштуруучулар) Ишкананын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
2.11. Ишкана өзүнүн милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чегинде мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
2.12. Ишкана өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон өз каражаттары жана мүлкү менен жооп берет.
3. Ишкананын иш-чаралары жана максаты
3.1. Ишкананын максаты өз ишмердүүлүгүнөн пайда алуу.
3.2. Максатка жетүү үчүн Ишкана төмөнкүдөй иш-аракеттерди жүргүзөт:
3.2.1. Шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу.
3.2.2. Шаар аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу.
3.2.3. Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу.
3.2.4. Калкты транспорт менен тейлөө.
3.2.5. Жүргүнчүлөрдү ташуу жолу менен калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү.
3.2.6. Акы төлөнүүчү такси кызматтарын көрсөтүү.
3.2.7. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу. Иштин бардык түрлөрү ишкана тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана лицензиялардын негизинде (лицензияланууга тийиш болгон иштин бардык түрлөрүнө) жүзөгө ашырылат.
4. Иш кананын укуктары
4.1. Ишкана өз ишин жүзөгө ашырууда:
4.1.1. Бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка юридикалык аракеттерди жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Өз мүлкүн жана акча каражаттарын өз алдынча тескөөгө.
4.1.3. Финансылык операцияларды жүргүзүү, сом жана чет өлкөлүк конвертирленген валютадагы кредиттерди пайдалануу.
4.1.4. Мүлктү, анын ичинде лизингдик шарттарда ижарага алуу жана траспортту ижарага берүүгө укуктуу.
4.1.5. Жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүү.
4.1.6. Өздүк жүгүртүү каражаттарына ээ болууга.
4.1.7. Материалдык колдоо фонддторун түзүү, өндүрүштү өнүктүрүү жана башкалар.
4.1.8. Түзүмүн, санын, эмгек акы шарттарын аныктоого.
4.1.9. Кызмат көрсөтүүлөрдөн болгон суроо-талаптын жана эмгек жамаатынын социалдык өнүгүүсүн камсыз кылуунун зарылчылыгынын негизинде өз ишмердүүлүгүн өз алдынча пландаштыруу жана өнүгүү перспективаларын аныктоого.
4.1.10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо аныкталган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4.2. Ишкана өз алдынча же түзүлгөн келишимдердин негизинде тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча мыйзамда каралган тарифтер жана баалар боюнча (же тиешелүү органдар тарабынан белгиленген баалар жана тарифтер боюнча) кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтө алат.
4.3.Ишкананын менчигинин түрүнө карабастан башка мамлекеттик ишканалар жана уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана келишимдик негизде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча мамилелерди түзө алат.
4.4. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунун негизинде таандык болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү кандайдыр бир түрдө сатууга же ээликтен ажыратууга, күрөөгө коюуга, чарбалык шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө жана ээсинин макулдугусуз кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү тескөөгө укугу жок. Калган мүлктү ишкана өз алдынча башкарат.
5. Бухгалтердик эсеп жана жоопкерчилик
5.1. Ишкана бухгалтердик экономикалык отчеттуулукту, статистикалык эсепти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талап кылынган документтерди белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга берет.
5.2. Финансылык жыл ишкана мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ушул эле календардык жылдын 31-декабрында аяктайт. Кийинки финансылык жылдар календардык жылга туура келет.
5.3. Ишкананын иш-аракеттерин эсепке алуу, ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.
5.4. Натыйжалуу жана ишенимдүү бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директор тарабынан аныкталат жана дайыма жүргүзүлүшү керек.
5.5. Башкы бухгалтер бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү жана тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
5.6. Ишкананын финансылык натыйжалары жылдык бухгалтердик эсептин негизинде белгиленет.
6. Мүлк, каржы жана фонддор
6.1. Мүлк Ишканага бекитилген, негизги каражаттарды жана жүгүртүлүүчү каражаттарды, ошондой эле башка материалдык баалуулуктарды түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
6.2. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюштуруучу тарабынан берилген каражаттар;
-кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан, ижарадан ошондой эле иштин башка түрлөрүнөн алынган кирешелер;
- өндүрүштүк-чарбалык иштен түшкөн кирешелер;
- бюджеттик дотациялар;
- банктардан жана башка мекемелерден алынган насыялар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
6.3. Ишкана жана анын кызматкерлерине мыйзамда белгиленген тартипте салык, бюджеттен тышкаркы чегерүүлөр жана милдеттүү төлөмдөрдүн түрлөрү салынат.
6.4. Ишкананын ишинен алынган пайда анын толук тескөөсүнө түшөт.
6.5. Эгерде мыйзамда же менчик ээси тарабынан белгиленген болсо, ишкана өз алдынча пайданы сарптоо үчүн багыттарды аныктайт.
6.6. Ишкана төмөнкү каражаттарды түзөт:
- резервдик фонд;
- өндүрүш фонду;
- социалдык өнүктүрүү фонду;
- эмгек акы төлөө жана материалдык сыйлоо фонду.
6.7. Тиешелүү фондтордун курамы, өлчөмү жана түзүү тартиби ишкананын администрациясы тарабынан аныкталат.
6.8. Ишкана кызматкерлердин эмгек акысынын жана кирешесинин формасын, системасын жана өлчөмүн өз алдынча белгилейт.
7. Ишкананы башкаруу
7.1. Ишкананы башкаруунун жогорку органы, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы болуп саналат.
7.2. Уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- директорду дайындоо жана ээлеген кызматынан бошотуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкананын негизги багыттарын ж.б. аныктоо.
7.3. Ишкананын бардык ишин директор башкарат, ал анын атынан ишеним катсыз иштейт, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, ишканалар, органдар, мекемелер, юридикалык жана жеке жактар, жарандар менен болгон мамилелерде ишкананын атынан чыгат.
7.4. Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте Кызыл-Кыя шаарынын мэри тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
7.5. Ишкананын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон бардык маселелерин директор өз алдынча чечет.
7.6. Директор:
- буйруктарды чыгарат;
- ишкананын эмгек жамаатынын мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болгон нускамаларды жана актыларды бекитет;
- кызматкерлердин штаттык ырааттамасын; алардын эмгек акысынын өлчөмүн аныктайт;
- кызматкерлер менен эмгек контракттарын түзөт, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерди кабыл алат жана жумуштан бошотот, өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлайт жана эмгек тартибин бузган кызматкерлерге тартиптик жаза колдонот.
- кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бөлүштүрөт;
- ишкананын атынан келишим түзөт;
- эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, кызматкерлерге коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүүнү камсыз кылат;
- мүлктүн сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзөт;
7.7. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу директордун буйругу боюнча ишкананын башкы инженерине жүктөлөт.
8. Социалдык коргоо
8.1. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынган медициналык, социалдык жана пенсиялык камсыздандырууга укуктуу.
8.2. Жалдоо жана бошотуу боюнча маселелер, эмгекке акы төлөөнүн формалары жана өлчөмдөрү, ички тартип жана акы төлөнүүчү өргүүлөрдүн узактыгы кызматкерлердин тиешелүү категориялары үчүн белгиленген ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.
9. Ишкананын ишин токтотуунун шарттары
9.1. Ишкананын иши ал жоюлган же кайра уюшулган учурда ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча токтотулат;
Кайра уюштуруу:
9.2. Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
9.3. Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим Кызыл-Кыя шаарынын мэри тарабынан кабыл алынат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштуруунун тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.
9.4. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык билдирүү расмий басма сөз каражаттарында жарыялангандан кийин эки айлык мөөнөттөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
9.5. Ишкана кайра уюштурулганда укуктар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде аныкталган тартипте башка жактарга өтөт.
Жоюу:
9.6. Ишкана жоюлушу мүмкүн:
а) Кызыл-Кыя шаарынын мэринин чечими боюнча;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларда соттун чечими боюнча.
9.7. Жоюлуп жаткан ишкананын кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кезектүүлүктө жүргүзүлөт.
9.8. Кызыл-Кыя шаарынын мэринин чечими боюнча жоюлган учурда жоюу комиссиясы дайындалат, ал эми соттун чечими боюнча жоюлган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоюучу (жоюу комиссиясы) дайындалат.
9.9. Ишкана мамлекеттик реестрге тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып жоюлган болуп эсептелет.
10. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
10.1. Ишкананын Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кызыл-Кыя шаарынын мэринин компетенциясына кирет.
10.2. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор белгиленген тартипте катталууга тийиш.