Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралы № 20/70
“Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачуу жөнүндө
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/98 токтомунун редакциясына ылайык)
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кенештин Ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы №20 чечимине негиз, шаар мэри А.Маткалыковдун жана шаардык кеңештин депутаттарынын берген сунуштарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы” ачууга уруксат берилсин.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/98 токтомунун редакциясына ылайык)
2. “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы” Жобосу бекитилсин, тиркеме 1.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/98 токтомунун редакциясына ылайык)
3. “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасынын штаттык курамын жана чыгашалар сметасын иштеп чыгып, шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштоо жагы шаар мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/98 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |