Загрузка документа…
| Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы №152/26-5 токтомуна тиркеме |
Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобо
1.Жалпы жоболор
1.1.Ушул жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына, “Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык иштелип чыкты.
1.2.Ушул жобо Токмок шаарынын аярлуу аз камсыз болгон жарандарына, көп балалуу үй-бүлөөлөргө, жалгыз жашаган кары-картаң жарандарга, 1,2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү тартибин аныктайт.
1.3. Аз камсыз болгон тургундарга материалдык жана социалдык жардам: Токмок шаарында туруктуу каттоосу бар, комиссиянын чечими боюнча социалдык паспорт, турмуш тиричилигинин иликтөө актысы жана муктаждык даражасын аныктаган документтердин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен Чүй райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт.
1.4. Социалдык жардам көрсөтүү накталай же накталай эмес эсебинде жүргүзүлөт. ОАО “Кыргыз Почта” түйүндөрү аркылуу
2. Фонддун булактарын түзүү тартиби
2.1. Материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү үчүн каражаттар төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- жергиликтүү бюджеттин эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамындарына каршы келбеген, бюджеттик эмес каражаттарды тартуунун эсебинен.
3.Социалдык жардам көрсөтүү тартиби
3.1. 2000 сом өлчөмүндө кийме тишке, үч жылда 1 жолу социалдык кепилдик төмөнкүлөргө берилет:
-аз камсыз болгон, иштебеген, 60 жаштагы жана андан жогорку курактагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга пенсиясынын өлчөмү 6000 миң сомдон жогору;
-жалгыз бой, аз камсыз болгон, 6000сомго чейинки пенсия алган 65 жаштагы жана андан жогорку курактагы ардагерлерге (пенсионерлерге);
3.2.Беш жылда бир жолу көз айнек оптикасын алууга 1000 сом өлчөмүндө акчалай компенсациясы төмөнкүлөргө берилет:
-азиздиги боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон иштебеген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жалпы үч тобуна 6000 сомго чейинки пенсия алган 60 жаштан жана андан жогорку курактагы адамдарга.
3.3.Үч жылда бир жолу угуу аппаратынын наркына 50% өлчөмүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
-Аз камсыз болгон, пенсия өлчөмү 6000 сомго чейинки угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга.
3.4.Жылуулук берүү мезгилинде жылуулукка 40% жеңилдик (14 чарчы метр) иликтөө актысынын жана кошуналардын, кварталдык комитеттин тастыктоосунун негизинде төмөнкүлөргө берилет:
-жалгыз бой жашаган, аз камсыз болгон, иштебеген пенсиясы 6000 сомго чейинки пенсионерлерге, үй-бүлөдө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар, пенсиясы 7000 сомго чейинки пенсионерлерге;
-аз камсыз, 18 жашка чейин көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана социалдык жардам берүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде берилет;
-Афган согушунан каза болгон баатырлардын энелерине.
3.5 Токмок шаарында жол кире үчүн, 300 сом өлчөмүндө акчалай компенсация төмөнкүлөргө берилет:
-жалгыз бой жашаган, аз камсыз болгон, иштебеген пенсиясы 6000 сомго чейинки пенсионерлерге, үй-бүлөдө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар, пенсиясы 7000 сомго чейинки пенсионерлерге;
-аз камсыз, 18 жашка чейин көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана социалдык жардам берүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде берилет;
-Афган согушунан каза болгон баатырлардын энелерине.
3.6.Көмүр үчүн жылдык компенсация төмөнкүлөргө (электр жылыткычы расмий катталбаган жана жылытуу максатында көгүлтүр отун колдонбогон үй-бүлөлөргө) иликтөө актысынын жана кошуналардын, кварталдык комитеттин тастыктоосунун негизинде төмөнкүлөргө берилет:
-Аз камсыз жалгыз жашаган, пенсиясы 7000сомго чейинки пенсионерлерге жана пенсиясы 7 000сомго чейинки карамагында эмгекке жарамсыз болгон үй-бүлө мүчөсү бар адамдарга;
-Аз камсыз, 18 жашка чейин көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана социалдык жардам берүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде берилет;
-Афган согушунан каза болгон баатырлардын энелерине;
-Баткен окуясында жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө.
3.7.Дары-дармек алуу үчүн бир жылда бир 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам төмөнкүлөргө көрсөтүлөт:
-18 жашка чейинки ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга;
-ВИЧ жана СПИД менен оорулууларга.
3.8.400 үй-бүлөгө жылына бир берилүүчү 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:
-Пенсиясы 6000 сомдон ашпаган жалгыз жашаган, жакын туугандары жок, аз камсыз болгон иштебеген пенсионерлерге;
-ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын оор муктаж үй-бүлөлөрүнө;
-жүргүзүлгөн иликтөө актысына ылайык жумушсуздукка, табигый кырсыктарга, кыйроого, ооруга байланыштуу ж.б. турмуштун оор кырдаалына кабылган жарандарга;
-көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Чүй райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган жана «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларга;
-Афган согушунда каза болгон баатырлардын энелерине;
-2010-жылдагы апрель, Баткен, июнь окуясында жапа чеккен жана каза болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө;
-ВИЧ-СПИД менен орулууларга.
3.9.Бир жолу 1000 сомдон 10000 сомго чейин жарандарга же анын жакын туугандарына материалдык жардам берилет:
-Токмок шаарынын мэринин атына берилген арызга, муктаждык даражасына жараша жана турмуш-тиричилигин иликтөө актысынын негизинде, муктаждык даражасын аныктаган документтерге (даарылануунун наркы тууралуу маалым кат, кымбат баалуу операциянын дайындалышына, жакын туугандарынын сөөгүн коюу, табыгый кырсыктан жабыр тарткандар жана башка күтүлбөгөн кырдаалдар) ылайык, ошондой эле аргасыз абалга кабылган жарандарга, комиссиянын чечиминин негизинде Чүй райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы аркылуу;
-гемодиализ, онкология жана кургак учуктан оорусу менен жабыркагандарга жыл сайын.
3.10.Жол киреге жүрүү үчүн 300 сом өлчөмүндө акчалай компенсация ай сайын берилет:
-кары-картаң адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө тейлеген, оор турмуштук кырдаалда кабылган үй-бүлөлөр менен иштеген Токмок шаарынын социалдык кызматкерлерине.
3.11.Байланыш кызматына 50% жеңилдик боюнча:
-1-топтогу азиздиги бар ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
-жалгыз жашаган Советтик Армиянын майыптарына.
3.12.Бала төрөлгөндө бир жолу алынуучу материалдык жардам:
-Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу менен ооруган аялдардан төрөлгөн балдарга кургак сүт үчүн.
3.13. Бала төрөлгөндө бир жолу алынуучу материалдык жардам 5000 сом өлчөмүндө ар бир балага:
- эгиз балдарга;
- үч эм төрөлгөн балдарга.
4. Көзөмөл
4.1.Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык материалдык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн тууралыгын көзөмөлдөөнү токмок шаарынын мэриясы жүргүзөт.
Жооптуу катчы | М.А.Табалдиев |