Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 1-сентябры № 152/26-5
Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 24-августундагы №1-22/2572 кайрылусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №8/4-3 “Токмок шаарынын жарандарына материалдык жана социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” жана 2014-жылдын 12-мартындагы №95/13-3 “Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №8/4-3 токтомуна өзгөртүлөрдү киргизү жөнүндө” токтомдору өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |