ТоктомСтатус не указан

Атбашы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 136 «Спорттук иш-чараларды өткөрүүгө 30000 миң сомдон ашык каражатты бөлүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 136

Спорттук иш-чараларды өткөрүүгө 30000 миң сомдон ашык каражатты бөлүү жөнүндө

Атбашы айыл аймагынын спорттук иш чараларына катышууга 30000 миң сомдон ашык каражатты бөлүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Атбашы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1.   Спортту, маданиятты, жаштарды өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссия 30000 миң сомго чейинки акча каражатын бөлүү боюнча арыздарды Атбашы айылдык кеңешинин токтому жок отурумда карасын.

 

2.   Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмдүн карамагыма калтырам.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Д.Абыканова