ТоктомСтатус не указан

Атбашы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 138 «Атбашы айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежени бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 8-февралы № 138

Атбашы айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежени бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүу боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022 жылдын Жарлыгынын 5 пунктун аткаруу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022 жылдын 16 ноябрындагы №262 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө” буйругун жетекчиликке алып Атбашы айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Атбашы айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежелери бекититилсин.

2.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Д.Абыканова