Атбашы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 138 «Атбашы айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежени бекитүү жөнүндө» токтому
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 138
Атбашы айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежени бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүу боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022 жылдын Жарлыгынын 5 пунктун аткаруу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022 жылдын 16 ноябрындагы №262 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө” буйругун жетекчиликке алып Атбашы айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атбашы айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежелери бекититилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Д.Абыканова |