Атбашы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 139 «Атбашы айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он сегизинчи сессиясы
2023-жылдын 6-апрели № 139
Атбашы айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 20 октябрындагы №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 21,33-беренелерине ылайык жана айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын ишмердүүлүгүн Атбашы айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атбашы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чуй облусунун Сокулук районундагы Атбашы айыл аймагы АКИА нын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары аныкталсын.
3. Бул токтом расмий сайтка жарыялансын.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Д.Абыканова |