КР 2008-жылдын 14-февралындагы №10
Мыйзамы менен ратификацияланган Минск шаары2006-жылдын 27-ноябры Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Та-жикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү, окумуштуулукдаражалар жана наамдар жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгү жанааларды өз ара таануу жөнүндө 1998-жылдын 24-ноябрындагы Макулдашуунужетекчиликке алышып, илимий байланышты өнүктүрүүгө жана сактоого умтулуп, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардыаттестациялоо жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга умтулуу-сун ырастоо менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Тараптардын тие-шелүү мамлекеттик аттестациялык органдары эсептелет. 2-статья. Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында экинчи Тараптын ыйгарымукуктуу органы тарабынан берилүүчү окумуштуулук даражаларды жана оку-муштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү квалификаци-ялык документтерди таанышат. Окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруужөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерди таануу улуттук мамлекеттикдокументтердин ээлери үчүн өз мамлекеттеринин аймактарында Тараптар та-рабынан белгиленген анын ээлеринин укуктары сөзсүз жайылтылат дегендик-ке жатпайт. Окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндөгү мамле-кеттик үлгүдөгү квалификациялык документтердин салыштырмалуулугу (экви-валенттүүлүгү) анын ээлерин кайрадан аттестациялоо процессинде аныкта-лат. Квалификациялык документтин ээсин кайрадан аттестациялоо ал айма-гында туруктуу жашаган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан Та-раптардын ар бири иштеп чыккан механизм боюнча жүргүзүлөт. 3-статья. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары: - аттестациянын улуттук системаларын өнүктүрүү концепцияларын, жо-горку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын ат-тестациясына карата талаптарды, ошондой эле илимий кызматкерлердинадистиктеринин улуттук тизмелерин (номенклатураларын) иштеп чыгууда өзара консультацияларды өткөрүшөт; - жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадр-ларды аттестациялоонун мамлекеттик системаларында окумуштуулук даража-ларды изденүүчүлөргө коюлуучу негизги талаптардын салыштырмалуулугункамсыз кылышат. 4-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары жогорку квалификациялуу или-мий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кыз-матташтыкты төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрүшөт: өз аймактарында диссертация коргоо боюнча кењештерде экинчи Тарап-тын мамлекетинин изденүүчүлөрүнө диссертация коргоо үчүн бирдей шарттытүзүү; Тараптардын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогика-лык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик системаларындагы өзгөрүүлөржөнүндө өз убагында өз ара маалымат берүү, ушул кадрларды аттестациялоомаселелери боюнча тийиштүү нормативдик актыларды жана башка материал-дарды алмашып туруу; Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардыаттестациялоо процессин башкаруу тажрыйбасын алмашуу боюнча аныөркүндөтүүгө багытталган зарыл биргелешкен иш-чараларды өткөрүү. 5-статья. Диссертацияларды экспертизалоо сапатын жогорулатыш үчүн Тараптар-дын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүдөй көмөккөрсөтүшөт: экинчи Тараптын мамлекетинин көрүнүктүү окумуштууларынын жанаадистеринин диссертация коргоо боюнча кењештеринин ишине, ошондой эледиссертация коргоодо оппонент катары катышууларына; экинчи Тараптын диссертация коргоо боюнча кењештеринде, өз айма-гындагы диссертация коргоо боюнча кењештерде корголгон диссертацияларгакошумча экспертиза жүргүзүүгө. 6-статья. Бул Макулдашууга катышуу Тараптардын жогорку квалификациялуу или-мий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кыз-матташуусунун башка формаларын пайдаланууга укуктарын чектебейт. 7-статья. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан конкреттүү маселелербоюнча кошумча макулдашууларга жана протоколдорго кол коюлушу мүмкүн. 8-статья. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашуунун текстинеөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 9-статья. Бул Макулдашууну колдонуу же чечмелөөгө байланышкан маселелер бо-юнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөр жа-на консультациялар жолу менен чечишет. 10-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү акыркыбилдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жыл бою жарактуу болот жана анын колдонулушу,эгер Тараптардын эч бири тиешелүү мөөнөттүн бүтүшүнө чейин алты айданкеч калтырбай экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуугаөз ниетин билдирбесе, ал өзүнөн өзү кийинки беш жылдык мөөнөткө узарты-лат. Минск шаарында 2006-жылдын 27 ноябрында ар бири кыргыз, беларусжана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболсо, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн