КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ2008-жылдын 14-февралы № 10Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлганЖогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалыккадрларды аттестациялоо жаатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуунуратификациялоо тууралуу 1-статья. Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталганYPERLINK "https://cbd.minjust.gov.kg/17821"Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жолжоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белорус тарапка билдирсин 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти К.Бакиев