Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-отуруму

2023-жылдын 19-апрели № 20/6

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тарипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы боюнча

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тарипке келтирүү боюнча жөнүндө” жарлыгын колго алуу максатында Корул айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-февраль 2022-жылдагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тарипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы колго алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-февраль 2022-жылдагы №54 Жарлыгынын негизинде Корул айыл өкмөтүнүн жобосу бекитилсин (жобо тиркелет).

 

3. Жарлыкты аткаруу үчүн айыл шартына карап жобонун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Турганбаев Мустафага жана мыйзамдуулук укук тартибин жана этиканы чыңдоо, регламент, дин жана улуттук каада салттар боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрайым

М.А. Абдыкадырова